https://sputnik.kg/20250503/kyrgyzdyn-baatyry-cholponbay-t-l-berdiyevdin-erdigi--1093731391.html
Ажалдуу дзотко секирип окту токтоткон Чолпонбай Түлөбердиев. Баатыр жөнүндө тасма
Ажалдуу дзотко секирип окту токтоткон Чолпонбай Түлөбердиев. Баатыр жөнүндө тасма
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын баатыр жигити Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасма тартуу үчүн көптөгөн архивдик документтерди изилдеп, Таластагы анын туулуп-өскөн айылына жана... 03.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-03T15:00+0600
2025-05-03T15:00+0600
2025-05-05T13:13+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
видео
кыргызстан
чолпонбай түлөбердиев
улуу ата мекендик согуш
даректүү тасма
эрдик
баатыр
жоокер
дзот
https://sputnik.kg/img/07e9/05/03/1093732170_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_d014e563348479848a0ae2f0441d9ba7.jpg
Кыргыздын баатыр жигити Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасма тартуу үчүн көптөгөн архивдик документтерди изилдеп, Таластагы анын туулуп-өскөн айылына жана Россиядагы мүрзөсүнө да бардык. 1942-жылдын 6-августунда катардагы жоокер Чолпонбай Түлөбердиев Дон дарыясынын жээгинде баатырларча курман болгон. Анын ысымы эркиндиктин символуна айланып, эрдиги Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Андыктан баатырдын өмүрүндөгү урунттуу учурларды баяндоону туура көрдүк.Түлөбердиев эмнеге тобокелге барган? Дон фронтундагы операциялардын биринде советтик жоокерлер немистер бекемдеп алган дзотту жок кылышы керек эле. Бул тапшырмага катардагы жоокер Түлөбердиев өз ыктыяры менен барат. Душмандын жаадырган огунан жалтанбай дзотко жакындап барып, граната ыргытат, бирок жарадар болот. ... Баатыр болгон күчүн жумшап амбразураны денеси менен жаап жыгылат. Чолпонбайдын бул эрдиги кызыл армиячылардын чабуулга өтүп, дзотту жок кылып, кыштакты ээлешине жол ачып берген. Россиялык аскердик-тарыхый коомдун илимий директору Михаил Мягков аскерлер көп кырылганын, бирок Дондун чегин кармап туруу өтө маанилүү болгонун айтат. "Сталинграддын түндүгүндөгү Донду колдон чыгарбаш керек эле. Антпегенде камсыздап турган жолдорду фашисттер бөгөп, Сталинграддагы жоокердик топ бөлүнүп калмак. Дал ушул салгылашууларга 106-аткычтар дивизиясы катышкан. Анын курамына жалын жүрөк Чолпонбай Түлөбердиев кызмат өтөгөн рота кирген. Дивизия душмандын коргонуусун бузуп, Дондон өтүп плацдармды ээлеген", — деди Мягков. Баатырдын балалыгы Чолпонбай 1922-жылы Таластагы Чымкент айылында туулган. Ал карапайым үй-бүлөдө өсөт: атасы оор жумуштарда иштеп, илдетке кабылып көзү өтүп кетсе, улуу агасы басмачылар менен салгылашта курман болот. Мындан улам жаштайынан апасына, бир туугандарына жардам болсун деп кара жумуштарда жалданып иштеген. Бирок болочоктогу баатыр катаал шартка карабай жакшы окуганы айтылат. Жети жылдык мектепте орус тилинен гана "3" деген баа коюлуп калган. Кийин фронтто жолдоштору ага тил үйрөтсө, Түлөбердиев сүйүктүү акыны Токтогулдун ырларын майдандаштарына окуп берип турган. Чолпонбай Түлөбердиевдин ашыгы, тагдыр Согушка чейин Чолпонбай Гүлнар аттуу кызды жактырып калат. Атасы эки жаштын сезимине, кызынын Чолпонбайга турмушка чыгуусуна каршы болот. Себеби Гүлнар каза болгон эжесинин күйөөсүнө тийип, балдарын тарбиялашы керек эле. Чолпонбай сүйүүсү үчүн күрөшүп, Гүлнардын атасын көндүргөнү үйүнө чейин барат. Бирок карыя макул болбойт. Анткен менен жигит өмүрүнүн акырына чейин Гүлнарга арзуу каттарын жөнөтүп турган. Курман болгондо да чөнтөгүнөн жазылып бүтпөй калган кат табышкан. "Кубанычым, жарыгым... Мени күтүп жаттың бекен? Азыр биз согуш талаасына чыгабыз. Кыргыздын баатырлары душман менен кандай согушса, мен да ошондой салгылашам. Мен сен үчүн, элимдин жаркын жашоосу үчүн күрөшөм", — деп жазылат катта. Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү Воронеж облусунда Чолпонбай баатыр каза болгон жерде эстелик тургузулган. Анын ысымы Россия менен Кыргызстандагы көчөлөргө, мектептерге ыйгарылган. "Ал кыштакка улуу агам барганда орус апалар кучактап, ыйлашыптыр. "Чолпонбай — кыргыздын эр жүрөк уулу, биздин Чолпонбай" дешиптир", — деп айтып берген баатырдын тууганы Жаныбек Түлөбердиев. Түлөбердиевдин эрдиги жөн гана согуштун бир окуясы дегенге болбойт. Бул — элинин бактылуу жашоосу үчүн жанын аябаган каармандык, берилгендик, сүйүү, туруктуулукту кашкайтып көрсөтүп турган тарых. Баатырдын ысымы жаңы муун билип, эстеп, даңктап айтып жүргөнгө татыктуу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/03/1093732170_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_ff2278a19dd7f380fb4d8bd2db15846a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, кыргызстан, чолпонбай түлөбердиев, улуу ата мекендик согуш, даректүү тасма, эрдик, баатыр, жоокер, дзот, видео
видео, кыргызстан, чолпонбай түлөбердиев, улуу ата мекендик согуш, даректүү тасма, эрдик, баатыр, жоокер, дзот, видео
Кыргыздын баатыр жигити Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасма тартуу үчүн көптөгөн архивдик документтерди изилдеп, Таластагы анын туулуп-өскөн айылына жана Россиядагы мүрзөсүнө да бардык. 1942-жылдын 6-августунда катардагы жоокер Чолпонбай Түлөбердиев Дон дарыясынын жээгинде баатырларча курман болгон. Анын ысымы эркиндиктин символуна айланып, эрдиги Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Андыктан баатырдын өмүрүндөгү урунттуу учурларды баяндоону туура көрдүк.
Түлөбердиев эмнеге тобокелге барган?
Дон фронтундагы операциялардын биринде советтик жоокерлер немистер бекемдеп алган дзотту жок кылышы керек эле. Бул тапшырмага катардагы жоокер Түлөбердиев өз ыктыяры менен барат. Душмандын жаадырган огунан жалтанбай дзотко жакындап барып, граната ыргытат, бирок жарадар болот.
... Баатыр болгон күчүн жумшап амбразураны денеси менен жаап жыгылат. Чолпонбайдын бул эрдиги кызыл армиячылардын чабуулга өтүп, дзотту жок кылып, кыштакты ээлешине жол ачып берген.
Россиялык аскердик-тарыхый коомдун илимий директору Михаил Мягков аскерлер көп кырылганын, бирок Дондун чегин кармап туруу өтө маанилүү болгонун айтат.
"Сталинграддын түндүгүндөгү Донду колдон чыгарбаш керек эле. Антпегенде камсыздап турган жолдорду фашисттер бөгөп, Сталинграддагы жоокердик топ бөлүнүп калмак. Дал ушул салгылашууларга 106-аткычтар дивизиясы катышкан. Анын курамына жалын жүрөк Чолпонбай Түлөбердиев кызмат өтөгөн рота кирген. Дивизия душмандын коргонуусун бузуп, Дондон өтүп плацдармды ээлеген", — деди Мягков.
Чолпонбай 1922-жылы Таластагы Чымкент айылында туулган. Ал карапайым үй-бүлөдө өсөт: атасы оор жумуштарда иштеп, илдетке кабылып көзү өтүп кетсе, улуу агасы басмачылар менен салгылашта курман болот. Мындан улам жаштайынан апасына, бир туугандарына жардам болсун деп кара жумуштарда жалданып иштеген. Бирок болочоктогу баатыр катаал шартка карабай жакшы окуганы айтылат. Жети жылдык мектепте орус тилинен гана "3" деген баа коюлуп калган. Кийин фронтто жолдоштору ага тил үйрөтсө, Түлөбердиев сүйүктүү акыны Токтогулдун ырларын майдандаштарына окуп берип турган.
Чолпонбай Түлөбердиевдин ашыгы, тагдыр
Согушка чейин Чолпонбай Гүлнар аттуу кызды жактырып калат. Атасы эки жаштын сезимине, кызынын Чолпонбайга турмушка чыгуусуна каршы болот. Себеби Гүлнар каза болгон эжесинин күйөөсүнө тийип, балдарын тарбиялашы керек эле. Чолпонбай сүйүүсү үчүн күрөшүп, Гүлнардын атасын көндүргөнү үйүнө чейин барат. Бирок карыя макул болбойт. Анткен менен жигит өмүрүнүн акырына чейин Гүлнарга арзуу каттарын жөнөтүп турган. Курман болгондо да чөнтөгүнөн жазылып бүтпөй калган кат табышкан.
"Кубанычым, жарыгым... Мени күтүп жаттың бекен? Азыр биз согуш талаасына чыгабыз. Кыргыздын баатырлары душман менен кандай согушса, мен да ошондой салгылашам. Мен сен үчүн, элимдин жаркын жашоосу үчүн күрөшөм", — деп жазылат катта.
Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү
Воронеж облусунда Чолпонбай баатыр каза болгон жерде эстелик тургузулган. Анын ысымы Россия менен Кыргызстандагы көчөлөргө, мектептерге ыйгарылган.
"Ал кыштакка улуу агам барганда орус апалар кучактап, ыйлашыптыр. "Чолпонбай — кыргыздын эр жүрөк уулу, биздин Чолпонбай" дешиптир", — деп айтып берген баатырдын тууганы Жаныбек Түлөбердиев.
Түлөбердиевдин эрдиги жөн гана согуштун бир окуясы дегенге болбойт. Бул — элинин бактылуу жашоосу үчүн жанын аябаган каармандык, берилгендик, сүйүү, туруктуулукту кашкайтып көрсөтүп турган тарых. Баатырдын ысымы жаңы муун билип, эстеп, даңктап айтып жүргөнгө татыктуу.