https://sputnik.kg/20260609/1101795946.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки маданий ишмер КМШнын 2 миллион сомдук эл аралык сыйлыгын алды. Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев "Содружество... 09.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-09T17:00+0600
2026-06-09T17:00+0600
2026-06-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/09/1101795780_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cce4ef1d24271ea8358a9759ccef2d83.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки маданий ишмер КМШнын 2 миллион сомдук эл аралык сыйлыгын алды. Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев "Содружество дебютов" деп аталган жаштар сыйлыгына ээ болду. Ал эми Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов "Звезды Содружества" сыйлыгына ээ болду. "Содружество дебютов" жыл сайын 35 жашка чейинки жаш адистерге гуманитардык тармактагы мыкты чыгармалары жана жараткан ийгиликтери үчүн жыл сайын ыйгарылат. "Звезды Содружества" 2009-жылы КМШнын гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана Эл аралык гуманитардык кызматташуу фонду тарабынан уюштурулган.
Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган. Учурдагы мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары башка курулуштарды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул чектөө 2004-жылдын 24-августунан тартып күчүнө кирген. Бирок мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамдуу негизде берилген жер тилкелеринде салынган үйлөрдүн укуктук абалы толук жөнгө салынган эмес. Маалыматка ылайык, мындай жер тилкелеринин саны Балыкчы шаарында эле 1145ке жетет. Демилгечилеринин айтымында, бул үйлөрдүн ээлери учурда өз мүлкүн пайдалануу, сатуу же мураска калтырууда бир катар укуктук кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, эгер жер тилкеси 2004-жылга чейин мыйзамдуу берилип, тиешелүү документтери болсо, анда мындай үйлөр 500 метрлик чектөөгө кирбейт. Бул үйлөргө карата укук белгилөөчү документтер таанылып, менчик укугун толук пайдаланууга шарт түзүлөт. Бирок мыйзам долбоору жаңы курулуштарга уруксат берүүнү карабайт. Ысык-Көлдүн жээгин коргоо боюнча 500 метрлик тыюу мурдагыдай эле күчүндө калат.
Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 25 пайызга өстү, көрсөткүч өлкөнү Евразия экономикалык биримдигинде биринчи орунга чыгарды. Бул тууралуу ЕАЭБ статистикасында айтылат. Казакстанда жумуртка өндүрүү 9,5 пайызга көбөйүп, экинчи орунду ээледи. Ал эми ЕАЭБ боюнча жалпы орточо өсүш ушул жылдын биринчи чейрегинде 2,7 пайызды түздү. Буга чейин өсүү темпи боюнча лидерликти 12,5 пайыз менен Армения ээлеп келген.
Борбор калаадагы мамлекеттик мекемелердин биринин алты кызматкери кешикке келген этти жеп ууланды. Бул туурасында Санэпид көзөмөл департаментинин маалымат кызматы билдирди. Алар дарыгерлерге 8-июнда кайрылган. "Бардыгы медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, экөө ооруканага жаткырылды. Ал эми төрт кызматкер үйлөрүнөн дарыланып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматы. Аталган департамент жай келип, күн ысыгандыктан тамак-аштын эскирип кеткенин тактап, андан соң жеш керектигин эскертти. Иш-чарадан кийин алып келингендиктен той-аштан келген кешиктерден абайлоо зарылдыгы айтылды.
Кыргызстандык эки маданий ишмер КМШнын 2 миллион сомдук эл аралык сыйлыгын алды. Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев "Содружество дебютов" деп аталган жаштар сыйлыгына ээ болду. Ал эми Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов "Звезды Содружества" сыйлыгына ээ болду. "Содружество дебютов" жыл сайын 35 жашка чейинки жаш адистерге гуманитардык тармактагы мыкты чыгармалары жана жараткан ийгиликтери үчүн жыл сайын ыйгарылат. "Звезды Содружества" 2009-жылы КМШнын гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана Эл аралык гуманитардык кызматташуу фонду тарабынан уюштурулган. Балыкчы шаарындагы көл жээгине жакын курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Ысык-Көлдүн жээгине жакын аймакта мурда мыйзамдуу түрдө курулуп калган жеке турак үйлөрдүн укуктук макамын тактоого багытталган. Учурдагы мыйзамга ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метр аралыкта рекреациялык объектилерден тышкары башка курулуштарды курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул чектөө 2004-жылдын 24-августунан тартып күчүнө кирген. Бирок мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамдуу негизде берилген жер тилкелеринде салынган үйлөрдүн укуктук абалы толук жөнгө салынган эмес. Маалыматка ылайык, мындай жер тилкелеринин саны Балыкчы шаарында эле 1145ке жетет. Демилгечилеринин айтымында, бул үйлөрдүн ээлери учурда өз мүлкүн пайдалануу, сатуу же мураска калтырууда бир катар укуктук кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, эгер жер тилкеси 2004-жылга чейин мыйзамдуу берилип, тиешелүү документтери болсо, анда мындай үйлөр 500 метрлик чектөөгө кирбейт. Бул үйлөргө карата укук белгилөөчү документтер таанылып, менчик укугун толук пайдаланууга шарт түзүлөт. Бирок мыйзам долбоору жаңы курулуштарга уруксат берүүнү карабайт. Ысык-Көлдүн жээгин коргоо боюнча 500 метрлик тыюу мурдагыдай эле күчүндө калат.Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 25 пайызга өстү, көрсөткүч өлкөнү Евразия экономикалык биримдигинде биринчи орунга чыгарды. Бул тууралуу ЕАЭБ статистикасында айтылат. Казакстанда жумуртка өндүрүү 9,5 пайызга көбөйүп, экинчи орунду ээледи. Ал эми ЕАЭБ боюнча жалпы орточо өсүш ушул жылдын биринчи чейрегинде 2,7 пайызды түздү. Буга чейин өсүү темпи боюнча лидерликти 12,5 пайыз менен Армения ээлеп келген.Борбор калаадагы мамлекеттик мекемелердин биринин алты кызматкери кешикке келген этти жеп ууланды. Бул туурасында Санэпид көзөмөл департаментинин маалымат кызматы билдирди. Алар дарыгерлерге 8-июнда кайрылган. "Бардыгы медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, экөө ооруканага жаткырылды. Ал эми төрт кызматкер үйлөрүнөн дарыланып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматы. Аталган департамент жай келип, күн ысыгандыктан тамак-аштын эскирип кеткенин тактап, андан соң жеш керектигин эскертти. Иш-чарадан кийин алып келингендиктен той-аштан келген кешиктерден абайлоо зарылдыгы айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/09/1101795780_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8ee316f6e6c2613f082ab86499b80c7b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио