Ленинграддык партизандар кыргыздарга кат жазып... Сүрөттөрдө калган тарых
Ленинграддык партизандар кыргыздарга кат жазып... Сүрөттөрдө калган тарых
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнө 80 жыл болду. Миллиондогон кишинин өмүрүн алган кыргынга ар бир төртүнчү кыргызстандык аттанып, Жеңишти жакындатууга салым... 03.05.2025, Sputnik Кыргызстан
Англиялык The Sunday Times гезитинин жана BBC радиостанциясынын кабарчысы Александр Верт Сталинград үчүн салгылаштын күбөсү болгон экен. Ал падышалык Россияда туулгандыктан орус тилин жакшы билген. 1964-жылы Александрдын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу "Россия в войне 1941-1945" аттуу китеби чыккан. Верт анда "Сталинградды коргоодо советтик аскерлердин ичинен кыргыздар, казактар жана башкырлар өзгөчө эрдик көрсөттү" деп жазган. Гитлерчилерге каршы согушкан ала-тоолуктардын сейрек сүрөттөрү Борбордук кинофотофоно архивинен табылды. Тема боюнча:
Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнө 80 жыл болду. Миллиондогон кишинин өмүрүн алган кыргынга ар бир төртүнчү кыргызстандык аттанып, Жеңишти жакындатууга салым кошкон.
Англиялык The Sunday Times гезитинин жана BBC радиостанциясынын кабарчысы Александр Верт Сталинград үчүн салгылаштын күбөсү болгон экен. Ал падышалык Россияда туулгандыктан орус тилин жакшы билген. 1964-жылы Александрдын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу "Россия в войне 1941-1945" аттуу китеби чыккан. Верт анда "Сталинградды коргоодо советтик аскерлердин ичинен кыргыздар, казактар жана башкырлар өзгөчө эрдик көрсөттү" деп жазган.
Гитлерчилерге каршы согушкан ала-тоолуктардын сейрек сүрөттөрү Борбордук кинофотофоно архивинен табылды.
Октябрь орто мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү. Алардын арасында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан С.Кубатов (5-катарда оң жактан экинчи) бар. Фрунзе облусу, 1938-ж.
Октябрь орто мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү. Алардын арасында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан С.Кубатов (5-катарда оң жактан экинчи) бар. Фрунзе облусу, 1938-ж.
Келечектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев (3-катарда оң жактан үчүнчү) классташтары менен. №5 Кара-Сай орто мектеби, 1941-жыл, 8 -май.
Келечектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев (3-катарда оң жактан үчүнчү) классташтары менен. №5 Кара-Сай орто мектеби, 1941-жыл, 8 -май.
Майор Саяк Ниязалиев (1-катарда оң жактан биринчи) полктоштору менен. Венгрия, Балатон көлү, 2-Украин фронту, 31-жеңил артиллериялык бригадасы.
Кыргызстандык офицер Ниязалиев фронтто көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз, Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордендери, Сталинградды коргоо үчүн жана Фашисттик Германияны жеңгени үчүн медалдары менен сыйланган.