00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:09
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Инвесторлор үчүн “бейиш”. Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын аймагын түзүү пландалууда

© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас"Тамчыдагы эл аралык аэропорт
Тамчыдагы эл аралык аэропорт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдады.
Маалыматка ылайык, ал ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өндүрүш, туризм, курорттук тейлөө, транспорттук инфраструктура сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
“Инвестициялык аймак Ысык-Көл облусунда жайгашып, туризм жана логистика багытында жогорку потенциалы болот. Анда өзгөчө укуктук режим болуп, ишкердик үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул режимге салыктык жана укуктук жеңилдиктер, мисалы, киреше жана мүлк салыгынан бошотуу, чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн жеңил шарттар жана валюта операцияларынын эркиндиги кирет”, —деп жазылган документтин негиздемесинде.
Министрлик мындай финансылык борборлор Дубайда (DIFC) жана Астанада (AIFC) ийгиликтүү колдонулуп жатканын белгилеген.
“Келечекте “Тамчы” атайын инвестициялык аймагы дүйнөлүк деңгээлде атаандаша ала турган, ошол эле учурда улуттук өнүгүү стратегиясына шайкеш интеграцияланган экономикалык моделдин үлгүсү болот”, — деп жазылган маалыматта.
Аймакта төмөнкүлөргө уруксат берилет:
инвестициялык, финансылык жана корпоративдик кызматтарды көрсөтүүгө;
бардык категориядагы камсыздандыруу ишмердүүлүгүнө;
баалуу металлдар, кагаздар, акциялар, облигациялар жана башка финансылык активдер менен соодалоого;
казино жана башка оюн-зоок, кумар иштерине;
туристтик агенттиктерди ачып, иш-чараларды жана эс алуу кызматтарын уюштурууга;
чет элдик валютаны эркин жүгүртүүгө;
чет өлкөлүк жумушчуларды уруксатсыз тартууга болот.
Ошондой эле аталган аймакта өзгөчө визалык, бажылык режим иштейт. Алсак, бул аймакта иш жүргүзгөн чет өлкөлүктөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү беш жылга чейин “Тамчы” АИАнын кирүү визасын алууга укуктуу.
Криптовалюта биткоин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2025
Инвестициялар боюнча агенттик Binance криптовалюталык компаниясы менен кызматташат
Жаңылыктар түрмөгү
0