00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 1-этап — 18, 19, 20-майда; 2-этап — 22, 23, 24-майда өтөт. Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү (17-май, 21-май жана 19-июнь) каралган. Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы 20, 21, 22-июнда өтөт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Маткасымов" компаниясына эмерек чыгаруу үчүн 1,5 миллион доллар бөлгөнүн билдирди. Фонд муну менен компаниянын экинчи долбоорун каржылап жатат. Ишкана бул каражатка жогорку технологиялык жабдууларды орнотуп, дүңүнөн сатыла турган беш багыттагы эмерек жасай турганы айтылды."Маткасымов" ЖЧКсы ТВ аксессуарларын, металл конструкцияларды, үй буюмдарын жана түрдүү эмерек чыгарат. Компания ийгиликтүү иштеп, өлкөгө кирген импорттун 30 пайызын алмаштырып, продукциясынын 28 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттойт.
Борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасында буга чейин көмүр отказандары жасалып келген болсо, 2025-жылдан тарта биринчи жолу газ менен иштей турган отказандар жасалып жатат. Алдыдагы жылытуу мезгилине карата «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасындагы оңдоо-өндүрүш тилкесинде 11 даана кубаттуулугу 1 МВт, 3 МВт жана 5 МВт болгон газ менен иштөөчү отказандар даяр болот. Белгилей кетсек, даяр болгон отказандар 2025-2026-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинде ишке берилет. Алар Жал-29, КЭЧ-2, КЭЧ-1, 10-кичирайон, №4 шаардык оорукана, Кызыл куруучу көчөсү, 705 аскер бөлүгү, №46 орто мектеп жана №1мектеп интернатынын отканаларына орнотулат.
Унаа башкарууга укугу жок болуп, одоно жол эрежесин бузган өспүрүмгө 50 миң 500 сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жол инспекторлору кызмат өтөө учурунда "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номуру жок, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып бара жаткандыгын көрүшкөн. Айдоочу кызматкерлердин токтотуусуна баш ийбей качкан. Акыр аягы унааны токтотуп, текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүм унаа башкарууга укугу жок туруп, мыйзамсыз терезелерин караңгылатып, мамлекеттик номурун атайын чечип башкарып жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча айдоочуга 50 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
АКШ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз барган 131 мигрантты депортациялады. Бул тууралуу Американын Ички коопсуздук министрлиги расмий сайтынан билдирди. Маалыматта процесс Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылганы айтылат. "Биз Өзбекстан менен өз ара коопсуздукту бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча кызматташууну уланта бермекчибиз", — деп белгилеген АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм. Ошондой эле мигранттарды алып кетүүгө коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеев учак жөнөткөнү маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0