https://sputnik.kg/20250424/zelenskiy-ak-uydun-kyzhyryna-tiye-bashtady-1093527949.html
"Трамптын чыдамы түгөнүп барат". Зеленский Ак үйдүн кыжырына тие баштады
"Трамптын чыдамы түгөнүп барат". Зеленский Ак үйдүн кыжырына тие баштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийден көңүлү калды, анын чыдамы түгөнүп бара жатат. Мындай билдирүүнү Ак үйдүн... 24.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-24T10:32+0600
2025-04-24T10:32+0600
2025-04-24T10:32+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
ак үй
дональд трамп
владимир зеленский
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093527141_0:0:3078:1731_1920x0_80_0_0_7d49d4bc5c750a5094cfe1bb03459d07.jpg
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийден көңүлү калды, анын чыдамы түгөнүп бара жатат. Мындай билдирүүнү Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт жасагандыгын РИА Новости жазды.Левитт, мындан сырткары, Украинадагы согушту жөнгө салууда Владимир Зеленский такыр эле башка тарапка кетип калганын айтты.Киев режиминин башчысы The Wall Street Journal басылмасына берген маегинде Ак үйдүн жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна карабай Крымды Россияныкы деп тааныбай турганын билдирген.Ал эми Трамп Зеленскийдин жарым арал боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизерин белгиледи. Украинадагы кырдаал азыр өтө оор экендигин, Зеленскийдин азыр тынчтык келишимине кол коюшу зарылдыгын, болбосо өлкөнү үч жылдан кийин жоготуп аларын кошумчалаган.Кечээ Лондондо Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Улуу Британия, АКШ, Франция, Германия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жыйын өтүшү керек эле. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен америкалык лидердин атайын чабарманы Стив Уиткофф жыйынга катышпай турганын айткандан кийин сүйлөшүү кийинкиге жылдырылды. Америкалык өкүлдөр келбей турган болгондон кийин анын ордуна атайын өкүл Кит Келлог катышары айтылган. Бирок иш-чарадан Британия, Франция жана Германия ТИМ башчылары: Дэвид Лэмми, Жан-Ноэль Барро, Анналена Бербок да баш тарткан.Washington Post басылмасынын жазганына таянсак, Лондондогу жолугушууда Европа өлкөлөрү менен Украинага Крымды орустардыкы деп таануу сунушталмак, ал эми Украинанын союздаштары анын ордуна коопсуздук кепилдигин алууга ниеттенип турган. Маалымат берген кишилер украин тарап өткөн жумадагы Париждеги жолугушууда Американын сунушун Вашингтон тынчтык процессинен чыгуу чечимин кабыл алгыча берилген акыркы мүмкүнчүлүк катары кабыл алганын айтып берген.The Daily Telegraph АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча жети пунктудан турган, Киевдин коопсуздук кепилдиги каралбаган план даярдап жатканын кабарлаган. Басылманын маалыматына таянсак, бул демилге Россиянын бошотулган аймактарга көзөмөлүн улантуусун шарттайт.
https://sputnik.kg/20250423/tramp-zelenskij-krym-boyuncha-poziciya-olkonu-zhogotot-1093522119.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093527141_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_a7eb01ae64fae0c1f38c52735499c9c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, ак үй, дональд трамп, владимир зеленский
дүйнөдө, акш, россия, украина, ак үй, дональд трамп, владимир зеленский
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленскийден көңүлү калды, анын чыдамы түгөнүп бара жатат. Мындай билдирүүнү Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт жасагандыгын
РИА Новости жазды.
"Президенттин көңүлү калды, чыдамы түгөнүүдө... Ал адамдардын өмүрү үзүлүп жаткан нерсе токтосо дейт, бирок бул үчүн согуштун эки тарабындагылар ага даяр турушу керек", — деген катчы журналисттерге.
Левитт, мындан сырткары, Украинадагы согушту жөнгө салууда Владимир Зеленский такыр эле башка тарапка кетип калганын айтты.
Киев режиминин башчысы The Wall Street Journal басылмасына берген маегинде Ак үйдүн жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна карабай Крымды Россияныкы деп тааныбай турганын билдирген.
Ал эми Трамп Зеленскийдин жарым арал боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө
зыянын тийгизерин белгиледи. Украинадагы кырдаал азыр өтө оор экендигин, Зеленскийдин азыр тынчтык келишимине кол коюшу зарылдыгын, болбосо өлкөнү үч жылдан кийин жоготуп аларын кошумчалаган.
Кечээ Лондондо Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Улуу Британия, АКШ, Франция, Германия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жыйын өтүшү керек эле. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен америкалык лидердин атайын чабарманы Стив Уиткофф жыйынга катышпай турганын айткандан кийин сүйлөшүү
кийинкиге жылдырылды. Америкалык өкүлдөр келбей турган болгондон кийин анын ордуна атайын өкүл Кит Келлог катышары айтылган. Бирок иш-чарадан Британия, Франция жана Германия ТИМ башчылары: Дэвид Лэмми, Жан-Ноэль Барро, Анналена Бербок да баш тарткан.
Washington Post басылмасынын жазганына таянсак, Лондондогу жолугушууда Европа өлкөлөрү менен Украинага Крымды орустардыкы деп таануу сунушталмак, ал эми Украинанын союздаштары анын ордуна коопсуздук кепилдигин алууга ниеттенип турган. Маалымат берген кишилер украин тарап өткөн жумадагы Париждеги жолугушууда Американын сунушун Вашингтон тынчтык процессинен чыгуу чечимин кабыл алгыча берилген акыркы мүмкүнчүлүк катары кабыл алганын айтып берген.
The Daily Telegraph АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча жети пунктудан турган, Киевдин коопсуздук кепилдиги каралбаган план даярдап жатканын кабарлаган. Басылманын маалыматына таянсак, бул демилге Россиянын бошотулган аймактарга көзөмөлүн улантуусун шарттайт.