https://sputnik.kg/20250422/1093486338.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ардагерлерге жана чыр-чатактардын катышуучуларына төлөнүүчү компенсациялар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыктын күчү... 22.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-22T13:00+0600
2025-04-22T13:00+0600
2025-04-22T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/16/1093486206_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8a162f0fbfcc1492292dc2599813c36.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ардагерлерге жана чыр-чатактардын катышуучуларына төлөнүүчү компенсациялар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыктын күчү 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эми — 10 000 сом төлөнөт мурда 7000 сом төлөнчү. Ал эми башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына эми 8 000 сом төлөно турган болду. Мурда бул сумма 6000 сом болчу. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккандар — эми 10 000 сом алат мурда 3000 сом болчу. Ошондой эле бул төлөмдөрдү жөнгө салган президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготкону кабарланды.
Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз курорту, "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаты оңдолот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Маалыматка ылайык, бул үч объект Профсоюздар федерациясынан аталган башкармалыкка өткөн. Эс алуу жайларына санариптик башкаруу системасы киргизилип, оңдолуп, быйыл ишке берилери күтүлүүдө. "Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди", — деп жазган Туманбаев. Ошондой эле ал кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн кошумчалаган.
50 миң сомго чейин салык боюнча карызы барлар эми өлкөдөн чектөөсүз чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов демилгелегенин мекемеден кабарлашты. Анын айтымында, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамилени көрсөтөт. "Чек арадан өтүүдө 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми азыраак карызы барлар шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда тынч учуп барып келиши керек", — деген Шыкмаматов. Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча түйшүк тартпай сапарын уланта алары белгиленген. Демилге жакында ишке ашырылары кошумчаланды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Пасхага карата жарыяланган элдешүүнүн шартын бузган учуру 5 миңге жетти, деген менен мурункудай активдүүлүк байкалган жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Кичи мекен — Россиянын күчү” деп аталган бүткүл россиялык муниципалдык форумдун алкагында сыйлык тапшырып жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Ал согуштук аракеттер жанданганын, ошентсе да Россия бардык тынчтык демилгелери үчүн ачык экенин белгилеп, Киевден да ушундай эле мамиле күтөрүн кошумчалады. Россия президенти жарандык инфраструктурага сокку урбоо боюнча сунушту “талдап чыгуу керектигин”, себеби Украина аны согуштук максатта пайдаланып жатканын айткан.
Ардагерлерге жана чыр-чатактардын катышуучуларына төлөнүүчү компенсациялар көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыктын күчү 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына эми — 10 000 сом төлөнөт мурда 7000 сом төлөнчү. Ал эми башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына эми 8 000 сом төлөно турган болду. Мурда бул сумма 6000 сом болчу. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккандар — эми 10 000 сом алат мурда 3000 сом болчу. Ошондой эле бул төлөмдөрдү жөнгө салган президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготкону кабарланды. Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз курорту, "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаты оңдолот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Маалыматка ылайык, бул үч объект Профсоюздар федерациясынан аталган башкармалыкка өткөн. Эс алуу жайларына санариптик башкаруу системасы киргизилип, оңдолуп, быйыл ишке берилери күтүлүүдө. "Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди", — деп жазган Туманбаев. Ошондой эле ал кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн кошумчалаган.50 миң сомго чейин салык боюнча карызы барлар эми өлкөдөн чектөөсүз чыга алышат. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов демилгелегенин мекемеден кабарлашты. Анын айтымында, бул салык төлөөчүлөргө карата ийкемдүү жана сый мамилени көрсөтөт. "Чек арадан өтүүдө 50 миң сомго чейинки карызды текшербөөнү сунуштап жатабыз. Андан жогору суммаларды сөзсүз текшерүү керек. Ал эми азыраак карызы барлар шашылыш же маанилүү жагдайлар болгон учурда тынч учуп барып келиши керек", — деген Шыкмаматов. Жаңы демилге боюнча, эгерде текшерүү учурунда жарандын карызы бар болсо, ал аны ошол жерден QR-коддун жардамы менен төлөп, ашыкча түйшүк тартпай сапарын уланта алары белгиленген. Демилге жакында ишке ашырылары кошумчаланды.Украина Куралдуу күчтөрүнүн Пасхага карата жарыяланган элдешүүнүн шартын бузган учуру 5 миңге жетти, деген менен мурункудай активдүүлүк байкалган жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Кичи мекен — Россиянын күчү” деп аталган бүткүл россиялык муниципалдык форумдун алкагында сыйлык тапшырып жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Ал согуштук аракеттер жанданганын, ошентсе да Россия бардык тынчтык демилгелери үчүн ачык экенин белгилеп, Киевден да ушундай эле мамиле күтөрүн кошумчалады. Россия президенти жарандык инфраструктурага сокку урбоо боюнча сунушту “талдап чыгуу керектигин”, себеби Украина аны согуштук максатта пайдаланып жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/16/1093486206_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_21ba02704be6bdbde31c7629d1aaa2d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио