https://sputnik.kg/20241217/altynbek-kylychbayev-din-miyzam-1090875970.html
Депутат милиция кызматындагы аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады
Депутат милиция кызматындагы аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ИИМдин жетекчилигине милиция кызматкери болуп иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T11:54+0600
2024-12-17T11:54+0600
2024-12-17T12:03+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
алтынбек кылычбаев
дин
мыйзам долбоору
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/02/1089167749_155:299:1307:947_1920x0_80_0_0_9e975c6e9d3d1ffdaa96fb067e830961.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ИИМдин жетекчилигине милиция кызматкери болуп иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады.Анын айтымында, Баш мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги жаатындагы норма боюнча, аял кызматкерлерге чач, моюндарын жаап жүрүүгө мүмкүндүк бар.Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бул сунуш боюнча жооп берди."Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бекитилген форманы кийиши керек. Алар мамлекеттик кызматкер болгондуктан дресс-кодду сактоого милдеттүү", — деди Бийбосунов.Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору парламенттик угуунун алкагында талкууланып жатат.
https://sputnik.kg/20241212/kyrgyzstan-azamat-yusupov-din-miyzam-1090775131.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/02/1089167749_58:0:1498:1080_1920x0_80_0_0_c99993a54595415505671d57264d36e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, алтынбек кылычбаев , дин, мыйзам долбоору, видео
кыргызстан, жогорку кеңеш, алтынбек кылычбаев , дин, мыйзам долбоору, видео
Депутат милиция кызматындагы аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады
11:54 17.12.2024 (Жаңыртылды: 12:03 17.12.2024) БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ИИМдин жетекчилигине милиция кызматкери болуп иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Баш мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги жаатындагы норма боюнча, аял кызматкерлерге чач, моюндарын жаап жүрүүгө мүмкүндүк бар.
"Дин боюнча, аялдар жоолук салынышы керек. Мен аялдарга жоолук салынып, анын үстүнөн фуражка кийүүгө уруксат берүүнү сунуштайм. Азыр динди карманган кыз-келиндер көп. Балким, дресс-коддон улам алар сиздерге (ички иштер органдарына - ред.) ишке орношо албай жаткандыр", — деди депутат Кылычбаев.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бул сунуш боюнча жооп берди.
"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бекитилген форманы кийиши керек. Алар мамлекеттик кызматкер болгондуктан дресс-кодду сактоого милдеттүү", — деди Бийбосунов.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү
мыйзам долбоорлору парламенттик угуунун алкагында талкууланып жатат.