https://sputnik.kg/20241216/tramp-komanda-orban-sunush-karayt-1090855746.html
Трамптын командасы Орбандын Украина боюнча сунушун кароого даяр
Трамптын командасы Орбандын Украина боюнча сунушун кароого даяр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Трамптын командасы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Рождество күнү Украинада атышууну токтото туруу сунушун карап чыгууга... 16.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-16T14:08+0600
2024-12-16T14:08+0600
2024-12-16T14:30+0600
дүйнөдө
саясат
россия
украина
венгрия
атышуу
токтотуу
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
акш
майкл уолтц
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090856363_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_7f2f38afa1f2ee71f120c1c2b93a5fb2.jpg
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Трамптын командасы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Рождество күнү Украинада атышууну токтото туруу сунушун карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Дональд Трамптын администрациясындагы улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц CBS News телеканалына курган маегинде билдирген.Уолтц Орбан орус бийлигинин өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланышып турганын, ошол эле учурда Дональд Трамп менен да жакшы мамиледе экенин белгиледи.Буга чейин Виктор Орбан Владимир Путинге Россия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу жана Рождество майрамында атышууну токтотуу сунушун берген. Бул дипломатиялык каналдар аркылуу Владимир Зеленскийге да жеткирилген. Орбандын айтымында, Зеленский бул сунушту четке каккан. Венгриянын премьер-министринин администрациясынын башчысы Гергей Гуйяш Россия Венгриянын туткундарды алмашуу сунушуна макул болгонун, ал эми атышууну токтотуу идеясын кабыл да албай, четке да какпаганын, бирок карап чыкканын билдирди.
https://sputnik.kg/20241215/aksh-natodon-chyksa-evropanyn-zhoobu-kandaj-bolot-1090833488.html
украина
венгрия
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090856363_234:0:2965:2048_1920x0_80_0_0_f8cc0ac4a8e7763dc8557fcec17bf3de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, саясат, россия, украина, венгрия, атышуу, токтотуу, акш, майкл уолтц
дүйнөдө, саясат, россия, украина, венгрия, атышуу, токтотуу, акш, майкл уолтц
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Трамптын командасы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Рождество күнү Украинада атышууну токтото туруу сунушун карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Дональд Трамптын администрациясындагы улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц CBS News телеканалына курган маегинде билдирген.
"Согуштук аракеттерди токтотуу керек. Эгер алгачкы кадам катары атышуу токтосо, анда биз бул эмнеден кабар берерин кылдат изилдейбиз. Бирок 20-январга чейин азыркы бийлик менен да кызматташып жатабыз", — деди ал.
Уолтц Орбан орус бийлигинин өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланышып турганын, ошол эле учурда Дональд Трамп менен да жакшы мамиледе экенин белгиледи.
Буга чейин Виктор Орбан Владимир Путинге Россия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу жана Рождество майрамында атышууну токтотуу сунушун берген. Бул дипломатиялык каналдар аркылуу Владимир Зеленскийге да жеткирилген. Орбандын айтымында, Зеленский бул сунушту четке каккан. Венгриянын премьер-министринин администрациясынын башчысы Гергей Гуйяш Россия Венгриянын туткундарды алмашуу сунушуна макул болгонун, ал эми атышууну токтотуу идеясын кабыл да албай, четке да какпаганын, бирок карап чыкканын билдирди.