Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду ишин баштагандан бери 3,5 миң долбоорду каржылады
13:28 03.12.2024 (Жаңыртылды: 15:38 03.12.2024)
© Sputnik / Александр Кряжев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) ишин баштагандан бери 3 501 долбоорду каржылады. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди.
Анын айтымында, фонд 760,5 миллион долларга (уставдык капиталынын 152 пайызы) долбоорлорду каржылаган.
Курманбековдун сөзүнүн урунтуу учурлары:
Былтыр каржылоо рекорддук деңгээлге жетип, 159 миллион долларды түздү. Ушул эле деңгээлди быйыл дагы сактоо пландалууда;
Фонддун кардарларынын кирешеси былтыр 121,7 миллиард сомго жеткен, бул ИДПнын 9,9 пайызын түзөт. Алар 7,5 миллиард сом салык төлөшкөн, бул жалпы салыктардын 4,1 пайызы;
Импортту алмаштыруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Маселен, курулуш материалдарынын өндүрүшү боюнча 15 долбоор каржыланып, 134,4 миллион доллар бөлүнгөн;
Жалпы 14 ГЭСтин курулушу каржыланууда. Алар ишке киргенде жылына 1,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлүп, энерготартыштыктын 44 пайызын жапмакчы;
КРӨФ доллар менен насыя берүүнү азайтып, сом менен каржылоону көбөйтүүнү пландоодо;
2027-жылга чейин фонддун насыялык портфелин 600 миллион долларга жеткирүү жана 200 миллион доллар түз инвестиция тартуу каралууда.