00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Обеды за 30 сомов: что едят школьники и кто делает меню
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көркөм өнөр аркылуу мураска кайтуу — айкел жана эстеликтер жөнүндө скульптордун пикири
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кариес у 90% детей Кыргызстана: кто поможет защитить улыбку?
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде тамак-аш коопсуздугу кандай сакталууда?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек перед зимой: как «Тазалык» готовит город к снегопадам
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда соңку убакта эмнеге жер титирөө көп каттала баштады?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Молодые режиссёры и новые имена: кто формирует лицо кыргызского кино
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
«Самозапрет» на кредиты: в Кыргызстане запущен новый инструмент защиты от мошенников
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Орусияда көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстанда советтик жана россиялык ЖОЖдорду аяктагандардын кыймылынын лидерлери Казакстанда өтө турган бүтүрүүчүлөр форумуна катышат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди. Иш-чара 9-10-октябрь күндөрү Астанада өтөт. Форумга билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик корпорациялардын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Россиянын окуу жайларын бүткөндөрдүн арасындагы активисттер, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын жетекчилери жана мүчөлөрү келет. Коноктор билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы мамилеге, анын ичинде илимий билим берүү кызматташтыгына, биргелешкен илимий изилдөөлөргө, индустриялык билим берүү өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Мында Россия менен кызматташтыкты бекемдөөдө бүтүрүүчүлөр ассоциацияларынын ролуна дагы басым жасалат.
7-8-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 7-октябрда 9:00дөн 21:00гө чейин Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда муздак суу өчүрүлөт. 8-октябрда 9:00дөн 00:00гө чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Теңир-Тоо конушунда таза суу өчүрүлөт. Ичүүчү суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо жайларында, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объектилеринде жок болот.
АКШ Владимир Зеленскийге эки миллиард доллар каражат бөлүүнү убадалап, ал түзгөн "жеңиш планын" өзүнө кошуп кайра жолго салды. Бул тууралуу The Times басылмасы жазды. "Америкалыктар Зеленскийге 2,4 миллиард доллар бөлүүнү убадалап, жолго салышты. Ал Россиянын аймагына ыраакка ата турган курал менен сокку урууга уруксат ала алган жок. Мындайда алдыда жардам берүүгө кепилдиктер жана НАТОнун курамына кирүү тууралуу кандай чечимдер болгонун айтпай эле койсо болот", — деп жазылат маалыматта. Автордун билдирүүсүнө ылайык, Зеленский жарнама өңдүү улам-улам айтып келген "жеңиш планы" Кошмо Штаттардын көп деле купулуна толгон эмес. Ал эми британиялык дипломаттардын бири анын мындай аракетин "стратегия эмес эле "өндүрүп" алуу үчүн тизме" деп сыпаттаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0