00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкек — Ош жолунун 100 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, аталган жолдун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. Ал 1964-1965-жылдары курулуп, колдонууга берилген. 2002-жылы реабилитациядан өткөрүлгөн. Министрлик белгилегендей, Бишкек — Ош жолунан тынымсыз унаалар жүрүп тургандыктан аны капиталдык оңдоодон өткөрүү керек болуп турат. Жолдо пайда болгон чуңкурларды жамоо да убактылуу гана чара болуп саналат. Андыктан бул жолдун 100 чакырымын оңдоп, жаңы асфальт басуу пландалууда. Алгач Суусамыр өрөөнүндөгү 10 чакырым жол жаңыланат. Учурда долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалып, курулуш иштерин уюштуруу боюнча жумуштар жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин аталган жолдун Суусамырдагы бөлүгүндө 13 миң чарчы метр чуңкур жамалган. Министрлик белгилегендей, 2022-жылы Төө-Ашуу ашуунун түштүк тарабындагы 9,5 чакырым жолго 2 катмарлуу асфальт төшөлгөн.
Улуттук банктын алтын-валюта резервинин көлөмү июлдун аягына карата 3 миллиард 987 миллион 950 доллар деп бааланды. Бир айда 203 миллион 550 миң долларга өскөн.Азыркы көрсөткүчтү тарыхтагы рекорддук деп эсептесе болот. Буга чейинки эң көп 3 миллиард 784,4 миллион долларга чыгып, ушул жылдын май айынын соңунда катталган. Белгилей кетсек, өткөн айда Улуттук банк эки жолу интервенция жасап, эки жолу тең чет элдик валютаны жалпысынан 82,4 миллион долларга сатып алган.
Кыргызстандагы G-Cloud долбоору жыл аягына чейин аяктап, мамлекеттик органдардын сервистери 2025-жылдан тарта бул электрондук сактоочу серверге өтүшү күтүлүүдө. Мындай платформанын максаты кандай экенин жана бийлик эмне үчүн аны маалымат сактоонун эң ишенимдүү жолу деп эсептей турганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, G-Cloud долбоорунун координатору Рустамбек Сарткалчаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде түшүндүрдү.Анын айтымында, иштелип жаткан G-Cloud — мамлекеттик Digital-CASA долбоорунун экинчи компоненти. Ал мамлекеттик G-Cloud иштеп чыгууга Эстониядан адистер тартылып, Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулганын кошумчалады."Инфраструктура жана коопсуздук маселелери "Инфоком" мамлекеттик ишканасына жүктөлөт. Объект маанилүү болгондуктан анын жайгашкан жери ачыкка чыгарылбайт. Сентябрда мамлекеттик органдардын сервистерин бул жакка көчүрүү боюнча анализ жасайбыз", — деди долбоордун координатору.Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев Кыргызстандагы G-Cloud сервериндеги орундар үчүн мамлекеттик органдардан акы алынарын белгиледи.
Быйыл өлкө боюнча 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынганын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.Билдирмеге ылайык, учурда баланын катталган жерине карабастан бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 1-класска электрондук каттоо жүрүүдө.Ата-эне же мыйзамдуу өкүлдөр шилтемеси аркылуу мектеп жашына жеткен баланы каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат. Электрондук каттоо 30-августка чейин созулат. Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта өтүүдө.Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0