https://sputnik.kg/20240804/1087584498.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлануунун босого чеги жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү. Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара саясий... 04.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-04T08:59+0600
2024-08-04T08:59+0600
2024-08-04T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/08/04/1087584366_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_641f25afd82526d8461b374c1bce8b4b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлануунун босого чеги жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү. Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара саясий партияларга "депутаттык мандаттын бөлүнүшү жеткиликтүү болушу үчүн" кабыл алынган. Буга чейин жергиликтүү кеңештер административдик-аймактык реформанын алкагында таратылары белгилүү болгон. Кыргызстанда күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтөт.
Аймактарда мамлекеттик органдардын жетекчилери эл менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуулар президент Садвыр Жапаровдун тапшырмасы менен өтүп жатат. Анын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас жана Бишкек шаарында эл менен жолукту. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун тургундары менен жолуккан. Жыйындарга ошондой эле Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана 18 министрлик жана түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышууда. Жолугушууларда социалдык-экономикалык кырдаал, мамлекеттик органдардын иши, калкты тейлөөнүн сапаты, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү элге кенеш берүү-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайрылууларды кабыл алган. Маалыматта бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууларын улантары кошумчаланган.
Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматта каттамдар күн сайын аткарылары айтылат. "Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом", — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду. Каттамдар тууралуу толук маалыматты GoBus мобилдик тиркемесинен же 0706 880087 номеринен билүүгө болот.
Европа биримдиги АКШнын президенттик шайлоосунда талапкер Дональд Трамп утуп чыкса Украинага жардам берүүнү токтотушу мүмкүн деп чочулап, мындай абалдын жаралышына тиешелүү кадамдарды алдыртадан даярдоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды. Анда европалыктарды Трамптын соода салыктары боюнча жүргүзө турган иштери да тынчсыздандырып жаткан айтылган. Мындай кырдаалга карата Европа комиссиясы атайын жумушчу тобун түзүп койгону, анын биринчи отуруму сентябрь айына пландалганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазган.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлануунун босого чеги жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү. Бул боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара саясий партияларга "депутаттык мандаттын бөлүнүшү жеткиликтүү болушу үчүн" кабыл алынган. Буга чейин жергиликтүү кеңештер административдик-аймактык реформанын алкагында таратылары белгилүү болгон. Кыргызстанда күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өтөт. Аймактарда мамлекеттик органдардын жетекчилери эл менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуулар президент Садвыр Жапаровдун тапшырмасы менен өтүп жатат. Анын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас жана Бишкек шаарында эл менен жолукту. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун тургундары менен жолуккан. Жыйындарга ошондой эле Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилиги жана 18 министрлик жана түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышууда. Жолугушууларда социалдык-экономикалык кырдаал, мамлекеттик органдардын иши, калкты тейлөөнүн сапаты, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү элге кенеш берүү-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайрылууларды кабыл алган. Маалыматта бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууларын улантары кошумчаланган. Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматта каттамдар күн сайын аткарылары айтылат. "Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом", — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду. Каттамдар тууралуу толук маалыматты GoBus мобилдик тиркемесинен же 0706 880087 номеринен билүүгө болот. Европа биримдиги АКШнын президенттик шайлоосунда талапкер Дональд Трамп утуп чыкса Украинага жардам берүүнү токтотушу мүмкүн деп чочулап, мындай абалдын жаралышына тиешелүү кадамдарды алдыртадан даярдоодо. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды. Анда европалыктарды Трамптын соода салыктары боюнча жүргүзө турган иштери да тынчсыздандырып жаткан айтылган. Мындай кырдаалга карата Европа комиссиясы атайын жумушчу тобун түзүп койгону, анын биринчи отуруму сентябрь айына пландалганын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/04/1087584366_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_45e87f3e6ec8ebeb325f051e996f7113.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио