00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендерди жазалоо сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилдиция кызматкерлери. Архив
Милдиция кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2024
Жазылуу
Эл өкүлү бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган бейбаштыктар алардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеште коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Сүйүнбек Өмүрзаков демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Эл өкүлү бийлик өкүлдөрүнө карата жасалган бейбаштыктар алардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирип жатканын белгилеген. Депутат 25-июнда Алайда Toyota маркасындагы автоунаанын айдоочусу мас болуп, милициянын погондорун жулуп салганын мисал келтирген.
"2022-жылы милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо боюнча 82 факт катталса, 2023-жылы 46га көбөйүп, 128 фактыга жеткен", — деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Андан тышкары, депутат коомдук тартипти камсыздоого бийлик өкүлдөрү эле эмес, ыктыярчылар, элдик кошуундардын өкүлдөрү дагы тартыларына токтолгон. Мындан улам мыйзамга "башка адамга каршылык көрсөтүү менен байланышкан бейбаштык" деген укуктук ченем киргизүүнү сунуштаган. Ошондой эле Өмүрзаков милдетин аткарып жаткан адамга (Тез жардамдын кызматкерлерине, дарыгерлерге, өрт өчүрүүчүлөргө, сот аткаруучуларга, сот приставына, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана башка ушул сыяктуу) карата жасалган бейбаштык фактылары көп экенин эске алган.
Буга байланыштуу эл өкүлү төмөнкүлөрдү сунуштады:
кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүлсө 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган;
коомдук тартипти камсыздоо менен алек болгон укук коргоо органдарынын кызматкеринин (аскер кызматчысынын), сот приставынын мыйзамдуу талабына баш ийбесе жеке жактарга 5 000 сом айып салынат же беш суткадан жети суткага чейин камакка алынат;
сот приставынын мыйзамдуу талабына баш ийбегендерге 3 000 сом айып салынат же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.
Врачтар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2024
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору
Жаңылыктар түрмөгү
0