00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Израиль "Хезболлах" менен каршылашса Иран Ливанды колдой турганын айтты

© AP Photo / Vahid SalemiИрандын улуттук желеги. Архив
Ирандын улуттук желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2024
Жазылуу
Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси регионалдык жаңжал тутанышы ыктымал экенин эскертти.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Израиль "Хезболлах" менен чатакташа турган болсо, Иран жана "каршылык огуна" кирген мамлекеттер Ливанды колдойт. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын жогорку лидеринин кеңешчиси Камаль Харрази айтканын Financial Times гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
"Каршылык огу" — Иранды, Сирияны, Ливандын "Хезболлах" кыймылын, Ирактын шииттерин жана йемендик хуситтер кыймылынын башын бириктирген альянс. Максаты — Жакынкы Чыгышта америкалык-израилдик таасирге каршы туруу.
Харразинин айтымында, эгер Израиль "Хезболлахка" каршы ири чабуул баштаса регионалдык чатак тутанышы ыктымал.
"Ливандыктардын баары, араб мамлекеттери жана "каршылык огунун" өлкөлөрү Израилге каршы жаңжалда Ливан тарапта болот. Согуш жалпы регионго жайылып, Иран баштаган башка мамлекеттер да тартылышы мүмкүн. Мындай кырдаалда "Хезболлахты" болгон күчүбүз менен колдоодон башка айлабыз болбойт", — деди Харрази.
Ал Тегеран регионалдык согушка кызыкдар эмес экенин айтып, АКШны абалдын курчушун алдын алуу үчүн Израилди эпке келтирүүгө чакырган.
Буга чейин Politico басылмасы америкалык Чалгын кызматына таянып Израиль менен ХАМАС Газадагы согушту токтотуу боюнча чечимге келбесе Тель-Авив жакынкы айларда "Хезболлах" менен кагылыша турганын жазган.
Израилдин армиясы 18-июнь күнү Ливанга чабуул жасоо үчүн согуштук аракеттердин планы бекитилгенин жар салды. Андан кийин Израиль ТИМинин башчысы Исраэль Кац эгер ири масштабдуу согуш башталып кетсе Ливан катуу жабыр тартып, "Хезболлах" жок болорун айткан. Ал Израиль түндүк фронтто өзгөрүү киргизе турган чечимдер кабыл алынарына аз калганын кошумчалаган болчу.
Өз кезегинде "Хезболлахтын" башкы катчысы Хасан Насрулла эгер конфронтация күчөй турган болсо кыймыл Израилдин түндүгүнө кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.
Израиль-Ливан чек арасындагы абал 2023-жылдын октябрында Тель-Авив Газа секторунда согуштук аракеттерди баштагандан кийин оорлошуп кеткен. Израиль армиясы менен Ливандын "Хезболлах" кыймылынын жоокерлери күн сайын бири-бирин көздөй ок чыгарып келет. Ливан ТИМинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө 100 миңдей киши жер которуп кетти. Израиль түндүгүндө 80 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун кабарлаган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2024
ТИМ кыргыз жарандарын Израиль менен Ливанга барбай турууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0