00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жоокерлерден түптөлгөн элита. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхы сүрөттө

Жазылуу
1924-жылы Советтер Союзунун революциялык аскердик кеңешинин төрагасы, аскер жана деңиз иштери боюнча эл комиссары Михаил Фрунзенин демилгеси менен Жумушчу-Дыйкан Кызыл армиянын курамында улуттук бөлүктөр түзүлө баштайт.
1925-жылы мартта Пишпек шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу кеңешинин биринчи учредителдик курултайы өтүп, "Кызыл армиянын курамында Кыргызстандын аскердик бөлүгүн түзүү боюнча уюштуруу жумушун тездетүү" тууралуу резолюция кабыл алынган.
Ошол эле жылы 27-июнда Түркстан фронтунун буйругу менен өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадрону түзүлүп, аны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башаты катары кароого болот. 1932-жылы тактикалык бирикме полкко айланып, 12 миңден ашык кыргызстандык жоокер кызмат өтөгөн. Ушул аскердик бирикменин курамынан Кыргызстандын саясий жана чыгармачыл элитасы калыптанган.
Колумнист Алмаз Батилов мамлекеттик жана жеке архивден табылган сүрөттөрдүн негизинде тарыхчы Назарбек Түнтеевдин "Красные кавалеристы Кыргызстана" аттуу китебин пайдалануу менен сүрөт түрмөк жасаган.
© Фото / из семейного архива Саралиновых

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери кызыл аскерлери менен. Фрунзе, 1926-жыл.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери кызыл аскерлери менен. Фрунзе, 1926-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери кызыл аскерлери менен. Фрунзе, 1926-жыл.

© Фото / из семейного архива Саралиновых

Өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадронунун кенже командирлери жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1927-жыл, кыш.

1923-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борборундагы кенже командирлерди окуткан аскердик мектептердин курамында атайын улуттук кадрларды даярдоочу бөлүмдөр ачылган. Ошол эле жылдын аягында командачылык теги түркстандык орто даражадагы командирлерди Ташкент шаарындагы Бириккен улуттук аскердик мектепте даярдаган. Алардын арасында басмачыларга каршы согушкан кыргызстандык жоокерлер да бар эле.

Өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадронунун кенже командирлери жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1927-жыл, кыш.1923-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борборундагы кенже командирлерди окуткан аскердик мектептердин курамында атайын улуттук кадрларды даярдоочу бөлүмдөр ачылган. Ошол эле жылдын аягында командачылык теги түркстандык орто даражадагы командирлерди Ташкент шаарындагы Бириккен улуттук аскердик мектепте даярдаган. Алардын арасында басмачыларга каршы согушкан кыргызстандык жоокерлер да бар эле. - Sputnik Кыргызстан
2/23

Өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадронунун кенже командирлери жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1927-жыл, кыш.

1923-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борборундагы кенже командирлерди окуткан аскердик мектептердин курамында атайын улуттук кадрларды даярдоочу бөлүмдөр ачылган. Ошол эле жылдын аягында командачылык теги түркстандык орто даражадагы командирлерди Ташкент шаарындагы Бириккен улуттук аскердик мектепте даярдаган. Алардын арасында басмачыларга каршы согушкан кыргызстандык жоокерлер да бар эле.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Бириккен улуттук аскердик мектебинин теги кыргызстандык курсанттары. Ташкент, 1926-жыл.

1925-жылы жайда Кыргызстандын алгачкы улуттук аскердик куралдуу күчтөрү түптөлөт деген кабарды уккан калың журт чын жүрөгүнөн сүйүнгөн.

Бириккен улуттук аскердик мектебинин теги кыргызстандык курсанттары. Ташкент, 1926-жыл.1925-жылы жайда Кыргызстандын алгачкы улуттук аскердик куралдуу күчтөрү түптөлөт деген кабарды уккан калың журт чын жүрөгүнөн сүйүнгөн. - Sputnik Кыргызстан
3/23

Бириккен улуттук аскердик мектебинин теги кыргызстандык курсанттары. Ташкент, 1926-жыл.

1925-жылы жайда Кыргызстандын алгачкы улуттук аскердик куралдуу күчтөрү түптөлөт деген кабарды уккан калың журт чын жүрөгүнөн сүйүнгөн.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери. Фрунзе, 1926-жыл.

Биздин жигиттер Кеңеш өкмөтү берген жерди душмандардан коргошу керек деп аксакалдар батасын берип, эр-азаматтарды аскерге жибергенине күбө болгон кыргыздын ичинен чыккан биринчи чек арачы жана жазуучу Осмон Лайлиев "Дети бурь" аттуу китебинде жазган. Ал жогорудагы тактикалык бирикменин алгачкы аскерлеринин бири болгон.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери. Фрунзе, 1926-жыл.Биздин жигиттер Кеңеш өкмөтү берген жерди душмандардан коргошу керек деп аксакалдар батасын берип, эр-азаматтарды аскерге жибергенине күбө болгон кыргыздын ичинен чыккан биринчи чек арачы жана жазуучу Осмон Лайлиев "Дети бурь" аттуу китебинде жазган. Ал жогорудагы тактикалык бирикменин алгачкы аскерлеринин бири болгон. - Sputnik Кыргызстан
4/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери. Фрунзе, 1926-жыл.

Биздин жигиттер Кеңеш өкмөтү берген жерди душмандардан коргошу керек деп аксакалдар батасын берип, эр-азаматтарды аскерге жибергенине күбө болгон кыргыздын ичинен чыккан биринчи чек арачы жана жазуучу Осмон Лайлиев "Дети бурь" аттуу китебинде жазган. Ал жогорудагы тактикалык бирикменин алгачкы аскерлеринин бири болгон.

© Фото / Музей ВВС КР

Бириккен улуттук аскердик мектебинин бүтүрүүчүсү Абдували Курбаналиев (сол жактан биринчи) ыктыярчыларды машыктырууда. Бир нече жылдан кийин ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы аскердик учкуч болот. Ош аскердик комиссариаты, 1926-жыл, жай айлары.

1925-жылы 15-августта өзүнчө кыргыз атчандардын жарым эскадрону түзүлгөн. Анын биринчи командири жана комиссары Вахитов жана Мамашев болушкан. Бул жарым эскадрон ыктыярчылардан куралган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан ыктыярчыларды атайын комиссия тандап алган.

Бириккен улуттук аскердик мектебинин бүтүрүүчүсү Абдували Курбаналиев (сол жактан биринчи) ыктыярчыларды машыктырууда. Бир нече жылдан кийин ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы аскердик учкуч болот. Ош аскердик комиссариаты, 1926-жыл, жай айлары.1925-жылы 15-августта өзүнчө кыргыз атчандардын жарым эскадрону түзүлгөн. Анын биринчи командири жана комиссары Вахитов жана Мамашев болушкан. Бул жарым эскадрон ыктыярчылардан куралган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан ыктыярчыларды атайын комиссия тандап алган. - Sputnik Кыргызстан
5/23

Бириккен улуттук аскердик мектебинин бүтүрүүчүсү Абдували Курбаналиев (сол жактан биринчи) ыктыярчыларды машыктырууда. Бир нече жылдан кийин ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы аскердик учкуч болот. Ош аскердик комиссариаты, 1926-жыл, жай айлары.

1925-жылы 15-августта өзүнчө кыргыз атчандардын жарым эскадрону түзүлгөн. Анын биринчи командири жана комиссары Вахитов жана Мамашев болушкан. Бул жарым эскадрон ыктыярчылардан куралган. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан ыктыярчыларды атайын комиссия тандап алган.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун пулеметчулары. Фрунзе, 1925-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбеков аскерлерди тандоо процессине активдүү катышкан. Ыктыярчылардын дээрлик бардыгы 22 жаштагы жигиттер эле.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун пулеметчулары. Фрунзе, 1925-жыл.Кыргызстандын мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбеков аскерлерди тандоо процессине активдүү катышкан. Ыктыярчылардын дээрлик бардыгы 22 жаштагы жигиттер эле. - Sputnik Кыргызстан
6/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун пулеметчулары. Фрунзе, 1925-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбеков аскерлерди тандоо процессине активдүү катышкан. Ыктыярчылардын дээрлик бардыгы 22 жаштагы жигиттер эле.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Кыргыз атчандар дивизионунун аскерлери аткана салууда (азыркы Улуттук Гвардия). Фрунзе, 1920-жылдар.

Өзүнчө кыргыз жарым эскадронунун курамында кызмат өтөйм деген жаштар көп эле. Бирок 80 ыктыярчы кабыл алынат. Дал ушул себептен улам Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык жана өкмөтүнүн жетекчилиги Түркстан фронтунун командычылыгынан жогорудагы тактикалык бирикмени кеңейтүүнү өтүнөт.

Кыргыз атчандар дивизионунун аскерлери аткана салууда (азыркы Улуттук Гвардия). Фрунзе, 1920-жылдар.Өзүнчө кыргыз жарым эскадронунун курамында кызмат өтөйм деген жаштар көп эле. Бирок 80 ыктыярчы кабыл алынат. Дал ушул себептен улам Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык жана өкмөтүнүн жетекчилиги Түркстан фронтунун командычылыгынан жогорудагы тактикалык бирикмени кеңейтүүнү өтүнөт. - Sputnik Кыргызстан
7/23

Кыргыз атчандар дивизионунун аскерлери аткана салууда (азыркы Улуттук Гвардия). Фрунзе, 1920-жылдар.

Өзүнчө кыргыз жарым эскадронунун курамында кызмат өтөйм деген жаштар көп эле. Бирок 80 ыктыярчы кабыл алынат. Дал ушул себептен улам Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык жана өкмөтүнүн жетекчилиги Түркстан фронтунун командычылыгынан жогорудагы тактикалык бирикмени кеңейтүүнү өтүнөт.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командири, улуту казак Байдулла Доскенов (оң жакта) жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1926-жыл.

1925-жылы 15-ноябрда Түркстан фронтунун революциялык аскердик кеңеши бул жарым эскадрондун ордуна толук кандуу эскадрон уюштурууга буйрук чыгарат. 1926-жылы Ташкенттеги Бириккен улуттук аскердик мектепти алгачкы кыргызстандык командирлер ийгиликтүү аяктайт. Кыргыздын туңгуч аскердик интеллигенциясынын арасында беш казак жана бир каракалпак командирлери болгон.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командири, улуту казак Байдулла Доскенов (оң жакта) жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1926-жыл.1925-жылы 15-ноябрда Түркстан фронтунун революциялык аскердик кеңеши бул жарым эскадрондун ордуна толук кандуу эскадрон уюштурууга буйрук чыгарат. 1926-жылы Ташкенттеги Бириккен улуттук аскердик мектепти алгачкы кыргызстандык командирлер ийгиликтүү аяктайт. Кыргыздын туңгуч аскердик интеллигенциясынын арасында беш казак жана бир каракалпак командирлери болгон. - Sputnik Кыргызстан
8/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командири, улуту казак Байдулла Доскенов (оң жакта) жаңы келген жоокерлерди тосуп алууда. Фрунзе, 1926-жыл.

1925-жылы 15-ноябрда Түркстан фронтунун революциялык аскердик кеңеши бул жарым эскадрондун ордуна толук кандуу эскадрон уюштурууга буйрук чыгарат. 1926-жылы Ташкенттеги Бириккен улуттук аскердик мектепти алгачкы кыргызстандык командирлер ийгиликтүү аяктайт. Кыргыздын туңгуч аскердик интеллигенциясынын арасында беш казак жана бир каракалпак командирлери болгон.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги өзүнчө Кыргыз атчандар эскадронунун аскерлери менен. 1925-жыл, ноябрь.

Жоокерлердин басымдуу бөлүгү кат таанычу эмес. Алардын сабатын алгачкы кыргыз илимий интеллигенциясы жойгон.

Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги өзүнчө Кыргыз атчандар эскадронунун аскерлери менен. 1925-жыл, ноябрь.Жоокерлердин басымдуу бөлүгү кат таанычу эмес. Алардын сабатын алгачкы кыргыз илимий интеллигенциясы жойгон. - Sputnik Кыргызстан
9/23

Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги өзүнчө Кыргыз атчандар эскадронунун аскерлери менен. 1925-жыл, ноябрь.

Жоокерлердин басымдуу бөлүгү кат таанычу эмес. Алардын сабатын алгачкы кыргыз илимий интеллигенциясы жойгон.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери бир жылдык аскердик милдетин аткарып, демобилизацияланып жаткан учуру. Фрунзе шаары, 1926-жыл 29-ноябрь.

Бул күнү кызыл аскерлер үйүнө салтанаттуу узатылган. Аскердик бөлүктө парад жана митинг өтүп, эскадронго облустук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылган. Аскерлер аларга аскердик өнөрлөрүн көргөзүшкөн. Андан соң ар бир жоокерге форма, шым жана көйнөк тигип алууга кездеме жана 12 китеп берилген. Иш-чаранын аягында облустун жетекчилиги аскерлер менен казармада түшкү тамак ичишкен.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери бир жылдык аскердик милдетин аткарып, демобилизацияланып жаткан учуру. Фрунзе шаары, 1926-жыл 29-ноябрь.Бул күнү кызыл аскерлер үйүнө салтанаттуу узатылган. Аскердик бөлүктө парад жана митинг өтүп, эскадронго облустук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылган. Аскерлер аларга аскердик өнөрлөрүн көргөзүшкөн. Андан соң ар бир жоокерге форма, шым жана көйнөк тигип алууга кездеме жана 12 китеп берилген. Иш-чаранын аягында облустун жетекчилиги аскерлер менен казармада түшкү тамак ичишкен. - Sputnik Кыргызстан
10/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери бир жылдык аскердик милдетин аткарып, демобилизацияланып жаткан учуру. Фрунзе шаары, 1926-жыл 29-ноябрь.

Бул күнү кызыл аскерлер үйүнө салтанаттуу узатылган. Аскердик бөлүктө парад жана митинг өтүп, эскадронго облустук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылган. Аскерлер аларга аскердик өнөрлөрүн көргөзүшкөн. Андан соң ар бир жоокерге форма, шым жана көйнөк тигип алууга кездеме жана 12 китеп берилген. Иш-чаранын аягында облустун жетекчилиги аскерлер менен казармада түшкү тамак ичишкен.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери туу менен. Фрунзе, 1926-жыл.

Кыргызстандык жаштардын көбүнүн кыялы ушул эскадрондун катарында кызмат өтөө эле. Ошондуктан аларды кабыл алуу боюнча эрежелер иштелип чыккан. Ошондой эле эскадрондо илимий-аскердик ийрим уюшулган. Анда 1917-1922-жылдары жарандык согушка катышкан эскадрондун айрым командирлери сабак беришкен.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери туу менен. Фрунзе, 1926-жыл.Кыргызстандык жаштардын көбүнүн кыялы ушул эскадрондун катарында кызмат өтөө эле. Ошондуктан аларды кабыл алуу боюнча эрежелер иштелип чыккан. Ошондой эле эскадрондо илимий-аскердик ийрим уюшулган. Анда 1917-1922-жылдары жарандык согушка катышкан эскадрондун айрым командирлери сабак беришкен. - Sputnik Кыргызстан
11/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун жоокерлери туу менен. Фрунзе, 1926-жыл.

Кыргызстандык жаштардын көбүнүн кыялы ушул эскадрондун катарында кызмат өтөө эле. Ошондуктан аларды кабыл алуу боюнча эрежелер иштелип чыккан. Ошондой эле эскадрондо илимий-аскердик ийрим уюшулган. Анда 1917-1922-жылдары жарандык согушка катышкан эскадрондун айрым командирлери сабак беришкен.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Атактуу советтик кол башчы, теги калмак Ока Городовико́в Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командири Василий Калачев менен. Фрунзе шаары, 1927-жыл.

1927-жылы 1-октябрда Орто Азиянын аскердик округунун кол башчысынын буйругу менен Өзүнчө кыргыз атчандар эскадрону дивизионго айланат. Андан тышкары, жоокерлердин катарынан келечекте партиялык жана комсомолдук активдерди даярдоо курстары ачылган. Ошондой эле дивизиондогу аскерлер механик, тракторист, айдоочуу өңдүү адистиктерди үйрөнүшкөн.

Атактуу советтик кол башчы, теги калмак Ока Городовико́в Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командири Василий Калачев менен. Фрунзе шаары, 1927-жыл.1927-жылы 1-октябрда Орто Азиянын аскердик округунун кол башчысынын буйругу менен Өзүнчө кыргыз атчандар эскадрону дивизионго айланат. Андан тышкары, жоокерлердин катарынан келечекте партиялык жана комсомолдук активдерди даярдоо курстары ачылган. Ошондой эле дивизиондогу аскерлер механик, тракторист, айдоочуу өңдүү адистиктерди үйрөнүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
12/23

Атактуу советтик кол башчы, теги калмак Ока Городовико́в Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командири Василий Калачев менен. Фрунзе шаары, 1927-жыл.

1927-жылы 1-октябрда Орто Азиянын аскердик округунун кол башчысынын буйругу менен Өзүнчө кыргыз атчандар эскадрону дивизионго айланат. Андан тышкары, жоокерлердин катарынан келечекте партиялык жана комсомолдук активдерди даярдоо курстары ачылган. Ошондой эле дивизиондогу аскерлер механик, тракторист, айдоочуу өңдүү адистиктерди үйрөнүшкөн.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Фрунзе шаары, 1930-жыл.

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Фрунзе шаары, 1930-жыл. - Sputnik Кыргызстан
13/23

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Фрунзе шаары, 1930-жыл.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери парадга даярданууда

Демобилизация болгон аскерлер жумушчу факультеттеринде, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде, милициянын кызматкерлерин даярдаган республикалык курстарда окуусун улантышкан.

Өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери парадга даярдануудаДемобилизация болгон аскерлер жумушчу факультеттеринде, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде, милициянын кызматкерлерин даярдаган республикалык курстарда окуусун улантышкан. - Sputnik Кыргызстан
14/23

Өзүнчө Кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери парадга даярданууда

Демобилизация болгон аскерлер жумушчу факультеттеринде, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде, милициянын кызматкерлерин даярдаган республикалык курстарда окуусун улантышкан.

© Фото / из семейного архива Качикеевых

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону. Фрунзе, 1930-жыл.

Бул аскердик бөлүккө Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана эл комиссарлар кеңеши, "Интергельпо" артели, борбор калаанын №1 типографиясы, Сүлүктүнүн шахтерлору ар тараптан көмөк көрсөткөн.

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону. Фрунзе, 1930-жыл.Бул аскердик бөлүккө Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана эл комиссарлар кеңеши, "Интергельпо" артели, борбор калаанын №1 типографиясы, Сүлүктүнүн шахтерлору ар тараптан көмөк көрсөткөн. - Sputnik Кыргызстан
15/23

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону. Фрунзе, 1930-жыл.

Бул аскердик бөлүккө Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана эл комиссарлар кеңеши, "Интергельпо" артели, борбор калаанын №1 типографиясы, Сүлүктүнүн шахтерлору ар тараптан көмөк көрсөткөн.

© Фото / из семейного архива Саралиновых

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Чаткал өрөөнү, 1929-жыл ноябрь.

1929-1930-жылдары дивизион Чаткал, Талас жана Ош аймактарында козголоңду басууга катышкан. Андан тышкары, бул бөлүктүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтара баштаган.

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Чаткал өрөөнү, 1929-жыл ноябрь.1929-1930-жылдары дивизион Чаткал, Талас жана Ош аймактарында козголоңду басууга катышкан. Андан тышкары, бул бөлүктүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтара баштаган. - Sputnik Кыргызстан
16/23

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун командирлери. Чаткал өрөөнү, 1929-жыл ноябрь.

1929-1930-жылдары дивизион Чаткал, Талас жана Ош аймактарында козголоңду басууга катышкан. Андан тышкары, бул бөлүктүн жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтара баштаган.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун пулемет взводунун командири Жусуп Осмонбеков. Фрунзе шаары, 1928-жыл.

Кыргыз атчандары республиканын сүймөнчүгү болгон. Жумушчулар жана комсомол активи казармага кинобудка, радиоприемник орнотуп беришкен. Ошондой эле теннис ойноочу аянтчаларды жасашкан. Фрунзенин тургундары шахмат жана кеңсе шаймандарын белек кылышкан. Кыргыз атчандар тууралуу республиканын гезиттери окурмандарга такай маалымат берип турган.

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун пулемет взводунун командири Жусуп Осмонбеков. Фрунзе шаары, 1928-жыл.Кыргыз атчандары республиканын сүймөнчүгү болгон. Жумушчулар жана комсомол активи казармага кинобудка, радиоприемник орнотуп беришкен. Ошондой эле теннис ойноочу аянтчаларды жасашкан. Фрунзенин тургундары шахмат жана кеңсе шаймандарын белек кылышкан. Кыргыз атчандар тууралуу республиканын гезиттери окурмандарга такай маалымат берип турган. - Sputnik Кыргызстан
17/23

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун пулемет взводунун командири Жусуп Осмонбеков. Фрунзе шаары, 1928-жыл.

Кыргыз атчандары республиканын сүймөнчүгү болгон. Жумушчулар жана комсомол активи казармага кинобудка, радиоприемник орнотуп беришкен. Ошондой эле теннис ойноочу аянтчаларды жасашкан. Фрунзенин тургундары шахмат жана кеңсе шаймандарын белек кылышкан. Кыргыз атчандар тууралуу республиканын гезиттери окурмандарга такай маалымат берип турган.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Мамыркул Чукеев. Өзүнчө кыргыз улуттук атчандар дивизионунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты. 1944-жылы Латвияда каза болгон.

Дивизион Орто Азиянын аскердик округундагы машыгууларга катышып турган. Ушул машыктырууда кыргызстандык аскердик бирикме дайыма башка бөлүктөрдөн чебердиги жана тартиби менен айырмаланган. Командачылык аларды дайым үлгү кылышкан.

Мамыркул Чукеев. Өзүнчө кыргыз улуттук атчандар дивизионунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты. 1944-жылы Латвияда каза болгон.Дивизион Орто Азиянын аскердик округундагы машыгууларга катышып турган. Ушул машыктырууда кыргызстандык аскердик бирикме дайыма башка бөлүктөрдөн чебердиги жана тартиби менен айырмаланган. Командачылык аларды дайым үлгү кылышкан. - Sputnik Кыргызстан
18/23

Мамыркул Чукеев. Өзүнчө кыргыз улуттук атчандар дивизионунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты. 1944-жылы Латвияда каза болгон.

Дивизион Орто Азиянын аскердик округундагы машыгууларга катышып турган. Ушул машыктырууда кыргызстандык аскердик бирикме дайыма башка бөлүктөрдөн чебердиги жана тартиби менен айырмаланган. Командачылык аларды дайым үлгү кылышкан.

© Фото / из семейного архива Ыбыкеевых

53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары Аден Истамбеков үй-бүлөсү менен. Москва, 1937-жыл.

1932-жылы 12-августта Орто Азиянын аскердик округунун кеңешинин токтому менен Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону 53-кыргыз атчандар полкуна айланат. Акын Жусуп Турусбеков кыргыз атчандарына арнап "Жаңы полк" аттуу ырын, композитор Абдылас Малдыбаев "Кызыл атчандар" чыгармасын жазат.

53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары Аден Истамбеков үй-бүлөсү менен. Москва, 1937-жыл.1932-жылы 12-августта Орто Азиянын аскердик округунун кеңешинин токтому менен Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону 53-кыргыз атчандар полкуна айланат. Акын Жусуп Турусбеков кыргыз атчандарына арнап "Жаңы полк" аттуу ырын, композитор Абдылас Малдыбаев "Кызыл атчандар" чыгармасын жазат. - Sputnik Кыргызстан
19/23

53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары Аден Истамбеков үй-бүлөсү менен. Москва, 1937-жыл.

1932-жылы 12-августта Орто Азиянын аскердик округунун кеңешинин токтому менен Өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону 53-кыргыз атчандар полкуна айланат. Акын Жусуп Турусбеков кыргыз атчандарына арнап "Жаңы полк" аттуу ырын, композитор Абдылас Малдыбаев "Кызыл атчандар" чыгармасын жазат.

© Фото / из семейного архива Сакембаевых

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Мамыш Сакембаевдин күбөлүгү. Фрунзе, 1938-жыл. Ал 1928-1930-жылдары Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунда аскердик кызмат өтөгөн.

1937-жылы 12-декабрда полктун жоокери Мамат Нурбаев СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат. Ал эми 1938-жылы 24-июнда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттыгына кыргыз атчандардын ичинен төрт аскер шайланышат. Бул полктун жоокерлери сот, милиция, партиялык, айыл чарба кызматтарында жана чыгармачылык чөйрөдө элитанын катмарын түзүшөт.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Мамыш Сакембаевдин күбөлүгү. Фрунзе, 1938-жыл. Ал 1928-1930-жылдары Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунда аскердик кызмат өтөгөн.1937-жылы 12-декабрда полктун жоокери Мамат Нурбаев СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат. Ал эми 1938-жылы 24-июнда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттыгына кыргыз атчандардын ичинен төрт аскер шайланышат. Бул полктун жоокерлери сот, милиция, партиялык, айыл чарба кызматтарында жана чыгармачылык чөйрөдө элитанын катмарын түзүшөт. - Sputnik Кыргызстан
20/23

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Мамыш Сакембаевдин күбөлүгү. Фрунзе, 1938-жыл. Ал 1928-1930-жылдары Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунда аскердик кызмат өтөгөн.

1937-жылы 12-декабрда полктун жоокери Мамат Нурбаев СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланат. Ал эми 1938-жылы 24-июнда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттыгына кыргыз атчандардын ичинен төрт аскер шайланышат. Бул полктун жоокерлери сот, милиция, партиялык, айыл чарба кызматтарында жана чыгармачылык чөйрөдө элитанын катмарын түзүшөт.

© Фото / из семейного архива Назарбека Тунтеева

Шергазы Еркимбаев 53-кыргыз атчандардын полкунун командирлеринин бири. Фрунзе, 1936-жыл.

1943-жылы аны командачылык Иранга чалгынчы катары жиберет. Еркимбаев дайынсыз жоголуп, тагдыры ушу күнгө чейин белгисиз.

1937-жылы полктун 44 командири менен аскерине жалган айып коюлуп, түрмөгө камалат. Нечен кыйноодон өтүшсө да эч кимиси күнөөнү мойнуна албайт. 1939-жылы СССРдин коргоо министри Климент Ворошиловдун кийлигишүүсү менен 41 командир жана бир жоокер акталып, түрмөдөн чыгышат. Тилекке каршы, НКВДнын зынданында үч командир: Асан Алиев, Аден Истамбеков, Кожобек Күзембаев кыйноодон өлүшөт.

Шергазы Еркимбаев 53-кыргыз атчандардын полкунун командирлеринин бири. Фрунзе, 1936-жыл.1943-жылы аны командачылык Иранга чалгынчы катары жиберет. Еркимбаев дайынсыз жоголуп, тагдыры ушу күнгө чейин белгисиз.1937-жылы полктун 44 командири менен аскерине жалган айып коюлуп, түрмөгө камалат. Нечен кыйноодон өтүшсө да эч кимиси күнөөнү мойнуна албайт. 1939-жылы СССРдин коргоо министри Климент Ворошиловдун кийлигишүүсү менен 41 командир жана бир жоокер акталып, түрмөдөн чыгышат. Тилекке каршы, НКВДнын зынданында үч командир: Асан Алиев, Аден Истамбеков, Кожобек Күзембаев кыйноодон өлүшөт. - Sputnik Кыргызстан
21/23

Шергазы Еркимбаев 53-кыргыз атчандардын полкунун командирлеринин бири. Фрунзе, 1936-жыл.

1943-жылы аны командачылык Иранга чалгынчы катары жиберет. Еркимбаев дайынсыз жоголуп, тагдыры ушу күнгө чейин белгисиз.

1937-жылы полктун 44 командири менен аскерине жалган айып коюлуп, түрмөгө камалат. Нечен кыйноодон өтүшсө да эч кимиси күнөөнү мойнуна албайт. 1939-жылы СССРдин коргоо министри Климент Ворошиловдун кийлигишүүсү менен 41 командир жана бир жоокер акталып, түрмөдөн чыгышат. Тилекке каршы, НКВДнын зынданында үч командир: Асан Алиев, Аден Истамбеков, Кожобек Күзембаев кыйноодон өлүшөт.

© Фото / из семейного архива Саралиновых

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси Орозалы Саралинов жубайы менен. Фрунзе, 1927-жыл.

1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. Полктун айрым офицерлери кан майданда каза болушкан.

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси Орозалы Саралинов жубайы менен. Фрунзе, 1927-жыл.1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. Полктун айрым офицерлери кан майданда каза болушкан. - Sputnik Кыргызстан
22/23

Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси Орозалы Саралинов жубайы менен. Фрунзе, 1927-жыл.

1938-жылы 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып, Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул аскердик бөлүк Москваны коргогон. Полктун айрым офицерлери кан майданда каза болушкан.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууда. Ат-Башы району, 1932-жыл.

1944-жылы командычылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберген. Алар кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан.

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууда. Ат-Башы району, 1932-жыл.1944-жылы командычылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберген. Алар кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан. - Sputnik Кыргызстан
23/23

Өзүнчө кыргыз атчандар дивизионунун жоокерлери совет-кытай чек арасын кайтарууда. Ат-Башы району, 1932-жыл.

1944-жылы командычылык полктун кээ бир командирлерин фронттон Кыргызстанга жиберген. Алар кыргыздын ичинен чыккан туңгуч генерал Искак Монуевдин жетекчилиги менен Батыш Кытайдагы боштондук кыймылына катышкан.

Тема боюнча:
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн?
Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети
Жаңылыктар түрмөгү
0