00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Кыргызстан мөмө-жемиш өндүрүүдө дүйнөдө лидерлердин катарына кантип кошулат?
23:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн?

© Фото / из семейного архива АйдарбековыхИманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн?
Иманалы Айдарбеков баскан жол. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу кантип түзүлгөн? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Жазылуу
Жүз жыл мурда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түптөлүп, 1991-жылы анын аркасы менен Кыргызстан эгемендүүлүк алды.
Автономиялык облусту түптөөдө Иманалы Айдарбеков нар көтөргүс эмгек кылгандардын бири. Анын ишмердүүлүгүн изилдеген тарыхчылар Назарбек Түнтеев жана Зайнидин Курманов менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— 1980-жылдары Иманалы Айдарбеков жөнүндө макала жазган экенсиз. Буга эмне себеп болду эле?
Назарбек Түнтеев: — "Тарых — келечекке көпүрө" деп бекеринен айтылбайт. Өткөн тарыхты тыкыр изилдөө зарыл. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Тилекке каршы, азыр көпчүлүк бул автономия кандайча түптөлгөнүн билбейт. Иманалы Айдарбеков тууралуу 1980-жылдары да коомчулуктун басымдуу бөлүгү кабардар эмес эле. Кайра куруунун шарапаты менен архивдеги маалыматтар ачыктала баштады. Айдарбеков жөнүндө маалыматка кызыгып, архивден документтерин таптым. Андан тышкары, кызы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рафа жана айрым замандаштары менен жолугуп, кошумча маалымат алдым. Натыйжада 1987-жылы 5-ноябрда Сокулук районунун "Элдик трибуна" гезитине Иаманалы Айдарбековго арналган орус жана кыргыз тилдеринде макалам чыкты. Ошондогу Рафа эженин сүйүнгөнү дагы деле көз алдымда.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЖаңы күйөөгө чыккан кыргыз келин. 1920-жылдар
Архивные фотографии кыргызов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Жаңы күйөөгө чыккан кыргыз келин. 1920-жылдар
— Бул кишинин өмүр жолуна токтоло кетсеңиз?
Н.Т.: — Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездинин Күнтуу волостунун Аламүдүн (азыркы Жал) айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Айдарбек Турдин солто уруусунун белгилүү манабы болчу. Ал уулу Иманалыны орус-тузем мектебинде окутат. Андан соң Пишпек калаасындагы айыл чарба мектебине өтөт. Бул жерде келечектеги Советтер Союзунун мамлекеттик ишмери, теги казак Турар Рыскулов да окуган. Кийин экөөнүн жылдызы келишип, жакын дос болушат. Айдарбеков 1904-жылы жогорудагы окуусун артыкчылык менен бүтүп, мектеп жетекчилигинин жолдомосу менен Ташкенттеги гидротехникалык училищеге өтөт. 1908-жылы атасы каза болуп Ташкенттен Кыргызстанга кайткан экен. 1912-1918-жылдары айыл өкмөттө катчы, Пишпектин жанындагы Архангельское кыштагынын төрагасынын тилмечи жана жардамчысы болуп иштеген. Ошол учурда ал Чүй аймагындагы суу тармактарын курууга катышып, большевиктер менен таанышат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР1920-жылдары Кыргызстандын түштүк аймактарында басмачылыларга каршы активдүү күрөшкөн кызыл командир Арстаналы Осмонбеков жубайы Уулкан жана кызы Жанар менен. 1943-жыл
Архивные фотографии кыргызов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
1920-жылдары Кыргызстандын түштүк аймактарында басмачылыларга каршы активдүү күрөшкөн кызыл командир Арстаналы Осмонбеков жубайы Уулкан жана кызы Жанар менен. 1943-жыл
— Февраль революциясынан кийин Иманалы Айдарбеков "Алаш" партиясынын катарына кошулган экен. Мунун да себеби болгондур?
Зайнидин Курманов: — "Алаш" партиясынын мүдөөсү Россиянын курамында түрк тектүү элдердин автономиясын түзүү болчу. Уюмга кыргыздын ичинен биринчилерден болуп агартуучу Ишеналы Арабаев кошулган. 1917-жылы Февраль революциясынан кийин ал Абдыкерим Сыдыков жана Иманалы Айдарбеков менен таанышат. Ошол убакта Абдыкерим менен Иманалы да Пишпектеги Убактылуу өкмөттүн курамында иштешчү. Арабаевдин таасири менен экөө "Алаш" партиясына кирет. Ошол эле жылы Пишпекте Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Сейдакмат Чукин, Дүр Сооромбаев биргелешип "Алаш" партиясынын филиалын негиздешет. Айдарбеков бул партиянын жетекчилик курамына кирген. Ал мезгилде 1916-жылы Батыш Кытайга качкан кыргыздар Ата Мекенине кайта баштайт. Убактылуу өкмөттүн кайдыгер мамилесинен кийин "Алаш" партиясынын Пишпектеги филиалы кандаштарга олуттуу көмөк көрсөтөт. Айдарбеков, Сыдыков жана кыргыздын башка чыгаан уулдары солчул эсерлердин партиясына өтүшөт. Кыргыздар менен казактарга жогорудагы партиянын падышалык администрациясына каршы аёосуз күрөш жүргүзгөнү абдан жаккан. Ал эми Арабаев бул партияга өткөн эмес. Ал диний окуу жайды бүткөндүктөн саясий партиялардын идеялары ага чоочун эле.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аталышын өзгөртүү боюнча токтому. 1925-жыл 25-май
Выписка из постановления ВЦИК о переименовании Кара-Кыргызской автономной области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аталышын өзгөртүү боюнча токтому. 1925-жыл 25-май
— Айдарбековдун лидерлик сапаттары ушул партиядан ачылды десек болобу?
Н.Т: — Албетте. Эсерлердин катарында үгүтчү жана ири масштабдагы саясий ишмер экени көрүндү. 1918-жылы большевиктер эсерлерди саясий аренадан сүрүп чыгып, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Садык Мураталин, Сейдахмат Чукин, Имаш Көбөков жана башкалар большевиктердин катарына өтүшөт. 1918-1919-жылдары Айдарбеков Пишпек аймагынын администрациясы жана атайын кызматтын (ЧК) тергөөчүсү болуп иштеп, абдан такшалат. 1974-жылы мен Фрунзеде Пишпектин ардагер коммунисттеринин бири Яков Гритчин менен жолукканда "мага окшогон жаш большевиктер үчүн Айдарбеков насаатчы болуп, саясий сабатсыздыгыбызды жойду. Марксизм-ленинизмдин теориясын жакшы өздөштүргөн. Ошол убакта кыргыздын ичинен Иманалыга окшогон инсандар саналуу болчу" деп эскерген эле.
1918-1920-жылдары Беловодское волосту жана Нарын шаарындагы совет бийлигине каршы козголоңду басууга активдүү катышат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРПишпекте туңгуч большевиктер уюмун түзгөн Алексей Иваницындын мүрзөсү. 1925-жыл
Могила кыргызстанского революционера Алексея Иваницина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Пишпекте туңгуч большевиктер уюмун түзгөн Алексей Иваницындын мүрзөсү. 1925-жыл
— 1919-1923-жылдары Айдарбеков Нарын, Пржевальск жана Пишпек уезддерин жетектептир. Бул жактагы иши тууралуу эмне айта аласыз?
Н.Т.: — 1919-жылдын аягында Айдарбеков Пишпек уездинин депутаттар кеңешинин төрагасы болуп шайланат. Бул кыргыздар Батыш Кытайдан жапырт кайта баштаган учур эле. Аларга шарт түзүп берүүгө кеңеш өкмөтү аябай көңүл бурган. 1920-жылы Түркстан АССРинин Кеңешинин IХ курултайы "Жер-сууну бөлүштүрүү боюнча реформа жүргүзүү" декретин кабыл алат. Ага ылайык, Иманалы Синьцзяндан кайткан боордоштор үчүн тамак-аш пунктуларын ачтырып, үй салууга ылайыктуу жер тилкелерин бөлдүргөн. Айыл чарба шаймандары жана үрөн менен камсыздаган. Жер-суу реформасынын үзүрүн 150 миң кыргыз көргөн экен.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРОктябрь революциясынын карата демонстрация. Фрунзе шаары. 1925-жыл 7-ноябрь
Демонстрация к восьмой годовщине Октябрьской революции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Октябрь революциясынын карата демонстрация. Фрунзе шаары. 1925-жыл 7-ноябрь
1919-1923-жылдары Айдарбеков Нарын, Пржевальск жана Пишпек уезддеринин аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ал Түндүк Кыргызстанда жарандык согуштун аякташына жана эл чарбасын калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон. 1922-жылдын башында Иманалы Волга боюндагы ачкачылыктан жабыр тарткан калкка жардам уюштуруп, аны менен миңдеген адамды өлүмдөн алып калган. Пишпек шаарынын элдик билими, коммуналдык кызмат, соода жана өнөр жайын өнүктүрүү боюнча секцияларын уюштурган. 1922-жылы мартта борбор калааны жашылдандыруу боюнча токтомго кол коюп, калаа тургундарына эски бак-дарактарды кыйып, ордуна жаңы көчөт отургузууну, арыктарды тазалап, парк менен аллеяларды калыбына келтирүүнү, кара жыгач токоюн иреттөөнү буйрук кылган. Натыйжада Пишпек ажайып жашыл шаарга айланган. Ошол эле жылы үзөңгүлөшү Турдалы Токбаев экөө Олуя-Ата уездинде (азыркы Кара-Балта шаарынын жанында) оор шартта жашаган кыргыздардын 35 үй-бүлөсүн азыркы Төкөлдөш айылына көчүрүп келишкен. Экөөнүн келечекте бул кыштакты Кыргызстандын борбору кылсак деген тилеги бар экен. Турдалы кыргыз менен казактын ичинен Олуя-Ата калаасынын алгачкы акими болгон. 1924-жылы 8-мартта Иманалы Пишпекте темир жол салдырат, анын аркасы менен Москвага жол ачылат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРТеги уйгур жигит “Усул” улуттук бийин бийлеп жаткан учуру. Каракол шаары.1934-жыл
Архивные фотографии уйгуров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Теги уйгур жигит “Усул” улуттук бийин бийлеп жаткан учуру. Каракол шаары.1934-жыл
— Ошентип 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түптөлдү...
З.К.: — Советтик Россиянын башчысы Владимир Лениндин сунушу менен 1920-жылы августта Кыргыз (бүгүнкү Казакстан) АССРи түптөлөт. Анын борбору Оренбург калаасы болот. Казак элитасы жогорудагы чечимге макул болгону менен Түркстан АССРинин өкмөтүнүн жетекчиси Турар Рыскулов каршы чыгат. Ал бирдиктүү Түрк Республикасын негиздеш керек деген идеяны көтөргөн. Аны кыргыздын саясий жана илимий элитасы колдогон. Казакстан автономиясы түптөлгөндөн кийин кыргыздардын коңшу элге сиңип кетүү коркунучу жаралат. Ошондуктан 1922-жылы Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Ташмухаммед Худайбергенов, Садык Чоңбашев, И.Бурыгин, А.Другов жана башкалар биргелешип Москва менен Ташкенттин алдында Кара-Кыргыз Тоолуу Облусун негиздөө тууралуу демилге көтөрүшөт. Бул топ "сыдыковчулар" деп аталган. Аларды Рыскулов колдойт. Адегенде кыргызстандык саясий элитанын Кыргыз Тоолуу Облусун түзүү боюнча демилгесин борбор колдоп, аны ишке ашыруу үчүн комитет уюштурган. Ал Кара-Кыргыз облусунун административдик чек арасын аныктамак. Бирок "Кошчу" уюмунун башчысы Рахманкул Худайкулов менен Токмок шаарынын партиялык комитетинин жооптуу катчысы Дүйшөналы Бабахановдун тайпасы сыдыковчуларга каршы чыгат. Булардын пикиринде Кыргызстан Казакстанга кошулушу керек эле. Эки топ катуу каршылашат. Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүн калыбына келтирүү демилгеси туңгуюка кептелип, ошол учурда Пишпек уездин жетектеп турган Айдарбеков андан чыгуунун жолун табат. Бул аймакта күнү-түнү Тоолуу Облусту түптөө жөнүндө ой жайылтылып, үгүт иштери жүргүзүлөт. 1922-жылы 4-июнда Пишпекте Тоолуу Облустун биринчи кеңешинин курултайы өтүп, ага Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттун 425 өкүлү катышат. Съездди уюштуруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков ачып, курултайдын Кыргызстандын тагдыры үчүн мааниси чоң экенин белгилеген. Чынында эле бул съездди кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүнүн башаты десек болот. Бирок Худайкуловдун тобу Россия Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) улуттар боюнча элдик комиссары Иосиф Сталинге "Сыдыков менен Айдарбеков манаптын балдары. Экөө биргелешип Кыргызстанда бийликти алууга умтуулуда" деп жазат. Ошентип Кыргыз Тоолуу Облусунун түзүлүүсү дагы эки жылга созулат. Кызматтан алынган Сыдыков менен Айдарбековду репрессиядан Турар Рускулов алып калып, экөөнү мындан чоң кызматка коёт. Ошон үчүн Турардын башына түн түшкөндө кыргыз элитасы эч нерсеге карабастан аны колдогон.
© Фото / из личного архива Валимжана Танырыкова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рафа Айдарбекова (сол жактан биринчи) куралдаштары жана “Фрунзе-1” комиссары Валимжан Таңырыков менен. Офицерлер үйү. Бишкек. 1982-жыл
Ветеран ВОВ Рафа Айдарбекова с фронтовиками и комиссаром гарнизона “Фрунзе-1” Валимажаном Танырыковым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2024
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рафа Айдарбекова (сол жактан биринчи) куралдаштары жана “Фрунзе-1” комиссары Валимжан Таңырыков менен. Офицерлер үйү. Бишкек. 1982-жыл
1924-жылы Орто Азияны улуттук республикаларга бөлүү маселеси Түркстан, Бухара жана Хорезмде өткөн партиялык конференцияларда каралат. Бул жыйындарда чек араны аныктоо жөнүндө бир бүтүмгө келишкен. Комиссияны белгилүү мамлекеттик ишмер Валериан Куйбышев жетектеген. Анын ишине кыргыз тараптан Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Рахманкул Худайкулов жана Дүйшеналы Бабаханов катышкан. Бул ирет Худайкулов менен Бабаханов Кыргыз автономиясынын түзүлүшүнө каршы чыкпаса да кыргыздар Казакстанга кошулушу керек деген идеядан кайткан эмес. 1924-жылы 27-октябрда Өзбек жана Түркмөн ССРи түзүлөт. Тажик АССРи Өзбекстандын курамына кирет. Каракалпак автономиялуу аймагы Казак АССРи менен биригет. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (ККАО) РСФСРге кошулат. Ошентип Сыдыков, Айдарбеков, Арабаев жана Абдрахманов жетектеген топтун мүдөөсү ишке ашат. 1936-жылы 5-декабрда СССРдин жаңы Конституциясы кабыл алынат. Ошол эле күнү Кыргызстан жана Казакстан Советтер Союзунун толук кандуу республикалары деген расмий макамга ээ болот. Жогорудагы Конституциянын авторунун бири Турар Рыскулов болгон. Анын көмөгү менен кыргыздар мамлекетин кайра калыбына келтирди. Сыдыков, Айдарбеков жана Арабаев баштаган топтун көрөгөчтүгү менен 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, кыргыздар дүйнөлүк саясий картадан ордун тапты. Тилекке каршы, 1937-жылы Айдарбеков үзөңгүлөштөрү менен репрессияга кабылып түрмөгө камалат. 1938-жылы ал Фрунзе түрмөсүнүн короосунда атылган. 1957-жылы гана толук акталат. Сыдыков, Айдарбеков, Арабаев, Рыскулов, Абдрахманов жетектеген мекенчилдер Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылышы керек.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөн мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев жана Ишеналы Арабаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Өзүнчө эл экенибизди далилдеген Абдыкерим Сыдыков. Эгемен Кыргызстандын пайдубалы
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун кыз келиндеринин биринчи курултайы. Пишпек. 1925-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Кара-Кыргыз автоном облусу. Кылымдардан соң калыбына келген кыргыз мамлекети
Жаңылыктар түрмөгү
0