Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр кубаты өчөт. График

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектрик иш учурунда. Архив
Электрик иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Электриктер борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө жабдууларды оңдоо, зым тартуу жана жаңылоо иштерин жүргүзөт.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 29-апрель, дүйшөмбү күнү, борбор калаанын айрым райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы маалымдады.
Ишкананын жумушчулары жабдууларды жаңылоо, зымдарды тартуу жана башка пландалган иштерди аткарышат.
Чыгыш РЭСи:
9:30дан 14:30га чейин — Күрөңкөев, Орозбеков, Малинова жана Тельман көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:30дан17:00гө чейин — Асанбай кичи районундагы №23 үйдө, Логвиненко, Баялинов, Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
11:30дан 17:00гө чейин — Орто-Сай айылында.
Батыш РЭСи:
9:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсүндөгү №98 үйдө, Жибек Жолу кең көчөсүндө, Асанова, Жумабек, Ростовская, Лесхозная, Завод айылы, Фурманов, Севастополь, Тынчтык, Руставели көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик конушунда (6-көчөдө, Эркин-Тоо, Абдрахманов, Боз-Бөлтөк, Шералиев, Садырбаев көчөлөрүндө) жана Ак-Ордо конушунда (Гагарин, Курсант, Чынар көчөлөрүндө).
Түндүк РЭСи:
9:00дөн 12:00гө чейин — Садовая, Ростов, Республика, Кудрук, Краснодон, Багратион, Асанова жана Араван көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
9:00дөн 13:00гө чейин — Манас, Бреславская, Витебская, Кызыл-Кыя, Можайская, Саадаев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Щербаков менен Витебская көчөлөрүнүн кесилишинде;
9:00дөн 16:00гө чейин — Фучик, Сергей Лазо, Ленская, Кронштадская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Клуб тар көчөсүндө жана Эне-Сай калктуу конушунда (15-көчөдө);
13:00дөн 15:00гө чейин — Ак-Босого калктуу конушунун Профессор Зима, Чүй-52, Чүй-53, Чүй-54, Чүй-55 көчөлөрүндө.
Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин мониторинг жана комплексттүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Бектеналы Эгемберди уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2024
Радио
1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 11 тыйынга көтөрүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0