Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров электромобилдерге жашыл номер, ал эми анын ээлерине жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамга кол койду. Мамлекет башчынын маалымат кызматы алар "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү документтер экенин билдирди. Анда электр кыймылдаткыч менен жүргөн транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана аларды заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган. Ошондой эле мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынып, жеңилдиктер каралган.автоунааны каттоо акысын, салыгын төмөндөтүү; жол эрежесин бузууга салынган айыпты 50 пайызга кыскартуу; машинанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат алуу акысын арзандатуу; автоунаа токтотуучу жайларды арзандатуу жана башка бонустар каралган.
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйтүлөт. Бул тууралуу Экономика жана комерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлган. Ага ылайык, фонддун капиталы 25 миллион доллардан 100 миллионго жеткирилет. Эске салсак, 2022-жылы Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган фондду түзүү макулдашылган. Анын штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, фонд бир катар артыкчылыктарга ээ болгон.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды банк карталарынан акча уурдаган шылуундардан сак болууну эскертти. Мекеменин маалымат кызматы белгилегендей, акыркы мезгилде банк кызматкеримин деп телефон чалып, ар кайсы себеп, шылтоолорду айтып банктык картанын номерин жана кодун сурап, андагы акчаны уурдаган фактылар көбөйүүдө. Ошондой эле мекеме үч ай ичинде облус аймагында телефон, автоунаа, акча жана интернет тармактары аркылуу алданган 90дон ашуун арыз катталып, жарандар ири өлчөмдөгү материалдык зыян тартканын кошумчалады.
ЕАЭБдин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү талкууланганын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.Уюмдун отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн келечегине арналган тегерек столдо декарбонизациялоо жана союзга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралган.Тегерек столдун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө өз ара кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгы баса белгиленген.
Россиянын Федералдык жыйынынын делегациясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Бишкектеги "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.Мамлекеттик Думанын Экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча
Жаңылыктар түрмөгү
0