Садыр Жапаров: азыр алынып жаткан карыздар элдин эсебинен төлөнбөйт

© Фото / пресс-служба Президента КР КР президенти садыр Жапаров. Архив
КР президенти садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Жазылуу
Президент бул мезгилге чейин чогулган 5 миллиард долларлык сырткы карыздан Кыргызстан 2035-жылга чейин кутуларын айтты.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Азыр алынып жаткан карыздардын ар бир долларын өзүн-өзү актай турган конкреттүү долбоорлорго жумшайбыз. Карызды кайтаруу убагы келгенде каражат республикалык бюджет, элдин эсебинен төлөнбөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
Периздент коомчулуктан сырткы карыз тууралуу кеп кылбоону өтүнүп, мындан ары бул жаатта жооп берилбей турганын айткан.
"Сырткы карыздарыбыз боюнча жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейинчи. Ушуну менен сырткы карыз деген теманы унуткулачы. Мындан кийин сырткы карыз боюнча жооп да бербейбиз. Албетте, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз сырткы карызыбыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн", — деген ал.
Бересени кайра кайтаруу учуру келгенде ал элдин эсебинен, республикалык бюджеттен төлөнбөй турганын айткан.
"Азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкреттүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн-өзү актай турган долбоорлорго алып жатабыз. Бир эле мисал келтирейин. Камбар-Ата—1 ГЭСинин курулушуна 5-6 миллиард доллардын тегерегинде акча жумшалат. Долбоор бүтүп ишке киргенден тарта, 13-15 жылда өзүн-өзү толук актайт. Бул долбоорго кеткен карызды кайтаруу убагы келгенде республикалык бюджет, эл төлөбөйт. Карызды кайтаруу мөөнөтү келгенче эле Камбар-Ата—1 ГЭСи өзүн-өзү актап бүтөт", — деген мамлекет башчы.
Ал бирок өзүн актабай турган долбоорлорго жол курууга алынуучу насыялар кирип каларын белгилеген.
Жапаров аталган долбоорлор өзүн кантип актай турганын түшүндүрүп берген.

"Дүйнөлүк банк 500 миллион долларды пайызы жок, 10 жылдык жеңилдик мөөнөт менен 50 жылга берип жатат. Мындай шарт менен кредит алуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду. Эми Камбар-Ата—1 жөнүндө айтсам, куруу мөөнөтү 8-10 жыл. Иштей баштаган күндөн баштап, курулушка кеткен 5-6 миллиард доллар акчаны 13-15 жылда толук актап бүтөт. Ошондо Камбар-Ата—1ге кеткен чыгым куруу мөөнөтү менен кошуп эсептегенде, эң узак дегенде 25 жылда толук актайт", — деген Жапаров.

Президент элдин эсебинен, жалпы республикалык бюджеттен төлөнө турган береселерге да токтолгон. Бул мезгилге чейин чогулган 5 миллиард доллар сырткы карыз 2035-жылга чейин төлөнөрүн кошумчалаган.
"Төлөө мөөнөтү менин командамдын пешенесине туш келди. Кудайга шүгүр, күчүбүз жетет. Экономикабыз көтөрүлүп калды. Эсиңерде болсун, буга чейинки карыздарды элдин эсебинен, жалпы республикалык бюджеттен төлөйбүз. Себеби буга чейинки бир да өзүн-өзү актаган долбоорлор жок. Алынган акчанын баары кумга сиңген суудай жок болуп кеткен", — деген Жапаров.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Садыр Жапаров: орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0