Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамбетов: витамин жетишсиздигинен улам бала вальгус, варус дартына кабылат

© Sputnik / Акбар АкжигитовТравматолог-ортопед Жантай Шамбетов
Травматолог-ортопед Жантай Шамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Травматолог-ортопед Жантай Шамбетов балдардын бутунун варус жана вальгус дартына кабылышына кальций жетишсиздиги жана мөөнөтүнөн мурда бастыруу негиз болорун айтты.
Баланын сөөктөрүнүн деформация болушуна эненин ден соолугун толук калыбына келтирбей удаа төрөшү да таасир этет. Бул тууралуу Жантай Шамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шамбетов: витамин жетишсиздигинен улам бала вальгус, варус дартына кабылат
Анын айтымында, учурда кичинекей балдардын салмагына жараша D витамини берилет. Бул анын сөөктөрүнүн калыптанышы үчүн өтө маанилүү.

"Бут оорулары, вальгус, сөөктүн деформацияланышы тубаса же кийин кайсы бир себептерден улам пайда болот. Бала энесинин курсагындагы кезинде хромосомалык ооруларга кабылганда ымыркайдын сөөктөрү деформацияланып же дагы башка илдеттер менен төрөлөт. Учурда өлкөнүн аймактарында жашаган балдардын көбүндө витамин жетишпейт. Мурда йоддун жетишпестигинен жабыркашса, азыр итий жана сөөк ооруларына чалдыгып жатканын байкоого болот. Көбүнчөсү убагында врачтарга кайрылып, дарыланбайт. Мындан улам бала мектепке бара баштаганда гана дарты билинип ата-энеси чуркай башташат", — деди Шамбетов.

Ал бала өзү таканчыктап туруп, басууга аракет кылмайынча эрте бастырып, заманбап чыгырыкка (ходунок) салууга болбостугун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0