Кыргызстанда популярдуу кроссовер менен жолтандабастар канча турат? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын унаалардын базардагы баасы тууралуу айтып берет. Бул ирет биз суроо-талап жогору болгон кроссовер менен жолтандабастардын наркына баам салдык.
Көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Kia Sportage III (2012–2014);
Subaru Forester IV (2015–2018);
Lexus GX l 470 (2003–2008);
Hyundai Santa Fe III (2013–2018);
Toyota Landcruiser 200 (2008–2014);
Lexus RX II 350 (2004–2007);
Honda CR-V III (2007–2011);
BMW X5 III (2013–2018).
Инфографикада чыккан жылдары боюнча популярдуу болгон автоунаалардын сатуучулар койгон орточо баасы көрсөтүлдү. Бул нарк өзгөрүшү мүмкүн.
Баалардын биринчи анализи 2-февралда жасалган, анда Улуттук банкта доллардын курсу 89,32 сом эле, кийинкиси доллар 89,40 сомдон сатылган 7-мартта каралды.
Баарынан көбүрөөк Subaru Forester IV, BMW X5 III, Lexus RX II 350, Honda CR-V III арзандаган, сумма орточо 900-2 500 долларга түшкөн. Калганы кымбаттап, өткөн айга салыштырмалуу 200-500 долларга жогорулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0