00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стоп-кадр
«Алданганмын» фильми кыргыз ырчыларынын көшөгө арт ындагы жашосун канчалык көрсөтүп бере алды?
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
18:08
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Башыңан ак калпагың түшпөсүн! Садыр Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Жапаров жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөзбөгөн ак калпак мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ал улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экенин белгилеген.
"Ак кар, көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен ак калпак кыргыз деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес. Ак калпак улут намысы экенин аңдаган эр-азаматтар Ак калпак күнүн белгилөө боюнча демилге көтөрүп, улуттун сезимин ойготсо, нарк билги калкыбыз аны жапа тырмак колдоп, жалпы элдик майрамга айландырды", — деп жазылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөзбөгөн ак калпак чынында эле мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, ошону менен бирге кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик экендигин белгилеген.
"Элибиз улуттук кийимдердин ичинен, айрыкча, ак калпакка өзгөчө маани берген. Баш кийимдин өзүнүн касиети бар деп ыйык тутуп, башка бирөөгө берген эмес, жоготкон эмес. Баш кетмейин башыңдан ак калпагың түшпөсүн деп алкаган. Келечек бизге өз улуттук баалуулуктарыбызга, каада-салт, нарк-насилибизге кылган мамилебизге жараша баа берерин эске алганыбызда бабалардын улуу салтын улоо — биздин, бүгүнкү муундун милдети", — деген Жапаров.
Президент эр-азаматтар ак калпагын, эже-карындаштар ак жоолугун, энелер ак элечегин башынан түшүрбөй, бийик тутуп, бийик жүрүүсүн каалаган.
Sputnik ак калпак тууралуу кызыктуу сүрөт түрмөк даярдаган.
Кыргыздын маданий мурастары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
ЮНЕСКОнун тизмесине кирген кыргыздын маданий мурастары
Жаңылыктар түрмөгү
0