БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу облус бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.Кырсык 3-мартта саат 9:00дө катталган. Өрт учурунда мектепте адамдар болгон эмес.Мектепте башталгыч класстагы 23 окуучу билим алат. Имарат 1980-жылы кыштан курулуп, төрт класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана жыйындар залынан турат.Президенттин облустагы өкүлү Уланбек Далиев тиешелүү тапшырмаларды берген. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлүүдө.
Облус бийлиги балдар убактылуу айыл өкмөттүн имаратында окуй турганын билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу облус бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык 3-мартта саат 9:00дө катталган. Өрт учурунда мектепте адамдар болгон эмес.
Кырсык 3-мартта саат 9:00дө катталган. Өрт учурунда мектепте адамдар болгон эмес.
Мектепте башталгыч класстагы 23 окуучу билим алат. Имарат 1980-жылы кыштан курулуп, төрт класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана жыйындар залынан турат.
"Учурда окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө эч коркунуч жок. Балдар айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышат", — деп жазылган маалыматта.
Президенттин облустагы өкүлү Уланбек Далиев тиешелүү тапшырмаларды берген. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлүүдө.