Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жуматаева: өлкөдө 200 миң тигүүчү болсо 5 миңи гана пенсиянын камын көрөт

© Sputnik / Асел АкматСоциалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева республикада 200 миңге чукул тигүүчүнүн 5 миңи гана келечектеги пенсиясынын камын ойлоп, төгүм жүргүзөрүн айтты.
Өлкөдө пенсиялык төгүмдөрдү жүргүзүүгө тигүүчүлөр менен куруучуларга өзгөчө жеңилдик берилген. Ошого карабай Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 200 миңге чукул тигүүчү болсо, анын 5 миңдейи гана жеңилдетилген тарифте пенсиялык төгүм жүргүзүп келишет. Калгандары көмүскө экономикада иштеп жаткандар. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жуматаева: өлкөдө 200 миң тигүүчү болсо 5 миңи гана пенсиянын камын көрөт
Анын айтымында, тигүүчүлөр орточо айлык акынын 40 пайызынын 12 пайызын төгүшөт. Бул болжол менен айына 800 сомду түзөт.

"Тигүүчүлөр орто эсеп менен айына 40 миң сом иштеп тапса, пенсиялык төгүмгө 800 сом которушат. Анын да жарымын иш берүүчү, жарымын өзү төлөйт. Ушул эле учурда мугалим, дарыгерлер 20 миң сомдук маянасынан 5000 сомго чукул каражат которушат. Бул жерде маалыматтын жетишсиздиги да роль ойноодо. Биз ири тигүү цехтеринин жетекчилери менен жолукканда кызматкерлердин санын жашырбай, Социалдык фондго болгон төлөмдөрдөн качпай иштөөгө чакырып келебиз. Керек болсо фабрикаларга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат берүүгө даярбыз. Иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыркысын ойлоп, каражатты өз чөнтөгүндө калтыргысы келет. Кабат үй куруп, кымбат автоунаа айдап тигүүчүлөрдүн эсебинен байып жатышпайбы. Муну түшүнүп турса да көптөгөн кызматкерлер "эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык" деген түшүнүк менен иш берүүчүнүн шарттарына макул болушат. Анан кийин пенсияга чыгарда бизге келип маалымат алышкан соң иш берүүчүсүн каргаганга чейин жеткендер болот. Андыктан мыйзамда жазылган милдеттерибизди аткарып, ар бир жаран өзүн жана мамлекетти сыйлап укугун да, милдетин да билиши шарт", — деди Жуматаева.

Ал өлкөдө пенсия курагына аялдардын 93, эркектердин 74 пайызы жетерин, андыктан жаштар бакубат карылыгын ойлой жүрүшү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0