Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри камакка алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри камакка алынды
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри камакка алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал, ок-дары табылганы айтылды.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын И.Б.Ш. аттуу экс-мэринин уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев менен байланышы бар экени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү мэр болуп турган кезде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган.

"Экс-мэр Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы 10 миллион сомдон ашык каражатка бааланган жер тилкесин берип жибергени аныкталды. Анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган куралдар, ок-дары табылган", — деп айтылат маалыматта.

И.Б.Ш. соттун чечими менен бир айга камакка алынды.
Мадина базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
"Мадина" базарынын негиздөөчүсү апрелге чейин абакта калтырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0