Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?

© Фото / Unsplash / Glenn Carstens-PetersЖурналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитети өткөн аптада "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Кабыл алынган шартта ал өлкөдөгү аталган уюмдардын ишмердигин жөнгө салмакчы.
Sputnik Жакынкы Чыгыш. Мыйзам долбоорун 19 депутат демилгелеген. Анын авторлору коммерциялык эмес (бейөкмөт) уюмдардын ишин мүмкүн болушунча ачык кылууну көздөйт. Мыйзам аларды каражат булактары тууралуу маал-маалы менен отчет берүүгө милдеттендирип, ал эми каржылык операциялары коммерциялык сыр болбойт. Ошондой эле "чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюм" түшүнүгү киргизилүүдө.
Укук коргоочулардын көпчүлүгү "негизги демократиялык принциптерге каршы келип, басмырлаган жоболорду камтыйт" деген өз жүйөлөрүн келтирип, аталган мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышат. Кабыл алынып калса, мыйзам бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде Кыргызстанда иш алпарган чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүнүн ишмердигин алда канча чектеп коерун белгилешет.

Өлкө бийлигине "демократиянын негиздерине каршы келген" мыйзам эмнеликтен зарыл болууда?

Кыргызстанда чет өлкөлүк донорлордун, айталы, Сорос фонду, USAID, Sigrid Rausing Trust, NED (Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд) жана башкалардын каражаты менен иш жүргүзгөн бир катар долбоорлор бар. Аталган уюмдар жыл сайын алар каржылаган долбоорлорунун отчетторун жарыялашат. Көбүнесе аларда жалпы сумма көрсөтүлүп, чыгымдар туурасында кеңири айтылбайт. Бирок ошондой отчеттордо деле кызыктар арбын.
Эң ири суммалар көрсөтүлгөн долбоорлор дароо көзгө урунат. Соңку убакта "мамлекеттик түзүмдөрдөгү жемкорлук, үй-бүлөлүк зомбулук жана ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоого" байланышкан ишмердиктерге артыкчылык берилет. Ошентсе да "Саламаттык сактоо" бөлүмү, маселен, Сорос фондунун отчетунда алдыңкы сапта турат. Укмуш камкордук көрүлгөндөй... Алгач чындап эле ошондой туюлат. Бирок ушул бөлүмдөгү кыйла салмактуу сумма (200 миң доллардан ашуун) "Лабрис" жана "Кыргыз Индиго" өңдүү ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон уюмдарга бөлүнгөнү таң калтырат.
© Sputnik_InfographicsСорос фонду 2021-жылы акчаларын Кыргызстанда эмнеге которгон
Сорос фонду 2021-жылы акчаларын Кыргызстанда эмнеге которгон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Башкача айтканда, "Коомдук саламаттык сактоо" бөлүмүндө Кыргызстанда ЛГБТ боюнча иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарга берилген гранттар көрсөтүлгөн. "Лабрис" коомдук уюму 2019-жылдын 8-мартында Бишкекте уюштурулган марш менен кыргызстандыктардын эсинде калды. Акциянын айрым катышуучулары түркүн түстүү желектерди, транспаранттарды көтөрүп, ЛГБТ+ укуктарын коргоо үчүн чыгышкан.
Андай акция коомчулукта нааразычылык жаратып, мэриянын алдына "гей-парадга жол берген" ошол кездеги шаар башчысы Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылып митингге да чыгышкан. Муниципалитет мындай болорун эч ким билбегенин, аялдардын укугун коргоо боюнча гана марш өткөрүүгө уруксат берилгенин айтып актанган. Ошол иш-чараны маалыматтык жактан АКШ өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү "Эркиндик" радиосунун* (маселен, бул маалымат каражаты РФте чет өлкөлүк тыңчы деп таанылган) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү – "Азаттык" кызуу колдогон. Ошол өңдүү акцияларды "Лабрис" мурда да өткөрүп келгени белгилүү. Мисалы, 2011-жылы ЛГБТны колдогон маршты грант алуучулардын дагы бири — Kloop.kg чагылдырган эле.
© Фото / скриншот с сайта KloopГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот с YouTube / Azattyq TV - Азаттық - АзаттыкГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024

Баары чырмалышканбы?

2012-жылы кинофестивалдын уюштуруучулары голландиялык "Мен — мусулман жана геймин (бачабазмын)" деген даректүү тасманы көрсөтмөкчү болуп, коом кыжырданып турганда дал ушул "Лабрис" сымал укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү колдоп чыкканы да толук түшүнүктүү.
Тасманын аталышы динди бекем туткан мусулмандарга катуу тиерин аңдоо үчүн эксперт болуунун кереги жок. Ошол иш-чаранын уюштуруучусу — "Бир Дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо кыймылы" коомдук фонду эле. Көпчүлүктүн, анын ичинде өлкөдөгү беделдүү теолог Кадыр Маликовдун билдирүүсү уюштуруучуларга таасир эте албай, фестивалда тасма көрсөтүлөрүн жарыялай беришкен.
Муфтият, ошол кездеги башчысы Рахматулло ажы Эгембердиев акыры сотко кайрылгандан башка аргасы калбаган. Сот тасманы экстремисттик деп таап, көрсөтүүгө тыюу салган. Ошондо бир топ укук коргоочулар, анын ичинде "Лабрис" фильмди коргоп чыгышкан.
© Sputnik_InfographicsБританиянын Sigrid Rausing Trust фондунан каржыланган кыргызстандык бейөкмөт уюмдар
Британиянын Sigrid Rausing Trust фондунан каржыланган кыргызстандык бейөкмөт уюмдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Кинофестивалдын уюштуруучулары менен андай демилгенин коргоочуларын эмне байланыштырып турат? Буга жоопту Sigrid Rausing Trust британиялык бейөкмөт уюмунун отчетторунун биринен табууга болот. Анда кинофестивалдын уюштуруучулары да, аларды жактап чыккандар да камтылган. Айтылгандай, бул тек гана дал келүү... Кызыгы, мында уставдагылар иш жүзүндөгү ишмердикке айкалышпайт. Батыштын гранттары менен иш алпарган "Бир Дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо кыймылы вазийпасын адам укугу жана эркиндигин коргоо деп белгилегени ал менен гана чектелбейт.
© Фото / скриншот с Instagram / birduino_kgГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот с Instagram / birduino_kgГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Аталган бейөкмөт уюм америкалык элчиликтин эсебинен "КРдин бардык аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутат жана жамааттардын лидер айымдары" үчүн Батыштын гранттарына тапшырыктарды туура толтуруу боюнча тренингдерди байма-бай өткөрүп келет.
Ушул эле укук коргоочулар "Украинага карата аскердик агрессияны токтотуу" талабы менен Россия элчилигинин алдына нааразылык акцияларына (Сорос фонду, Европа комиссиясы жана Батыш өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери тарабынан каржыланган FIDH (International Federation for Human Rights) катышуусунда) чыгышкан.
Ал эми "Бир Дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова постсоветтик мейкиндикте Батыш күн тартибин жактайт (азыркы тапта, маселен, анын социалдык медиадагы баракчасында украиналык желектер менен сүрөттөр жайнайт. Андан мурун, Беларустагы нааразылык акциялары маалында беларустук оппозицияны колдогон).
© Фото / скриншот из соцсетей / Tolekan IsmailovaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот из соцсетей / Tolekan IsmailovaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот из соцсетей / Tolekan IsmailovaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот из соцсетей / Tolekan IsmailovaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот из соцсетей / Tolekan IsmailovaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Украина элчилигине барганы туурасында, белгилүү улутчул ураандары бар аларга ыраазычылыгын билдирип, крым татарларына, "россиялык агрессия жана Крымдын оккупациясынан жапа чеккендерге" көрсөткөн көмөгү жөнүндө баяндап калат. Мындан сырткары, Кыргызстандагы америкалык элчиликтин демилгелерин жайылтып, украиналык жарандык коомдун калыптанышы туурасында жазат (биз сыяктуу тоталитаризм доорун баштан кечирген өлкөнүн тажрыйбасын кабылдоо зарыл дейт ал).
Баса, Төлөйкан Исмаилова Жин Шарптын "Диктатурадан демократияга карай" эссесин которгон. Ошол эмгек – Алжир, Югославия, Украина, Грузия, Египет, Сирия жана башкалардын аймагындагы түстүү революцияларда пайдаланылган бийлик менен күч колдонбой күрөшүү ыкмаларынын жыйнагы. Ал эссени таратууга (Кыргызстандагы "жоогазын" революциясын утурлай алты миңден ашуун нуска басылып чыккан) АКШ өкмөтү өз фонддору жана уюмдары аркылуу көмөктөшкөн.
Кепти кайрадан адам укуктары тууралуу тасмалар фестивалына буралы. "Бир Дүйнө —Кыргызстан" батыш пропагандасынын баяндарын жайылтуу үчүн колдонгондой элес калтырат. 2014-жылы бул укук коргоочу уюм "20. Майдандагы тирешти өзгөрткөн күн жөнүндөгү жыйырма далил" аттуу украиналык, 2022-жылы — Беларустагы 2020-жылкы президенттик шайлоо жана андан кийинки нааразылык акциялары тууралуу грузиялык-франциялык "Мара" фильмдерин, ошондой эле Сирия менен Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган украиналык-латвиялык-германиялык "Бул жамгыр түк токтобос" тасмасын фестивалдын алкагында көрсөтүүгө аракет кылган.
Былтыркы иш-чарада италиялык режиссер Барбара Кулистин Украинадагы согуштук аракеттер жөнүндөгү "Согуш убагындагы жазуулар" тасмасы көрсөтүлмөк. Бирок аталган тасмалардын баарын көрсөтүүгө тыюу салынып, мындай чечимди ошол эле уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова катуу сынга алган. Албетте, бир жерден грант алган "көз карандысыз" маалымат каражаттары жана коммерциялык эмес уюмдар аркылуу...
© Фото / скриншот с сайта GoogleГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Кыргызстандык грант алуучулар — ЛГБТ* (кыймыл, мисалы, РФте экстремисттик деп таанылып, ишмердигине тыюу салынган) өкүлдөрүнүн укуктарын коргоочулар Батыш тарабынан каржылык гана эмес, маалыматтык жактан да колдоого алынат. Маселен, жогоруда аталган уюмдардын ишмердиги Amnesty International эл аралык бейөкмөт уюму тарабынан таанытылат (бул укук коргоочулардын пикиринде, Кыргызстандагы гомофобия ЕАЭБде ушул максаты үчүн өз "башчылыгын" колдонгон Россиянын айынан өрчүп жаткан имиш).
© Фото / скриншот с доклада Amnesty InternationalГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024

Ызы-чуу канчалык катуу болсо, гранттын суммасы ошончолук жогорубу?

Жакында эле КР президенти Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде "сөз эркиндигин коргоо долбоорунун алкагында бөлүнгөн гранттар бийликти дискредитациялап, мамлекеттик саясатты каралап, коомду козутуп, антиконституциялык чакырыктарга жана жалпы жонунан улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган жалган маалыматтарды таратууга жумшалып жатат" деген пикирин билдирди.
"Мындан тышкары, чет өлкөлүк булактардан гранттык каражаттарды алган айрым журналист жана блогерлердин жеке өздөрү байып жатканы боюнча да фактылар бар. Мисалы, камакка алынгандардын арасында кызматкери бар басылмалардын биринин башкы редактору акыркы жылдары эле так бир каржылык булагы жок туруп кымбат бир нече кыймылсыз мүлк сатып алган. Мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен тастыкталып жаткан булардан башка да фактылар ого эле арбын", — деп билдирди президент.
Өз иши үчүн алып жаткан гранттар туурасында айтып жатып Жапаров бир катар белгилүү маалымат каражаттарын жана суммаларды санап өттү:
factcheck.kg интернет-ресурсу (башкы редактору Болот Темиров) 2020–2022-жылдар аралыгында америкалык NED уюмунан жалпы 142,9 миң доллар алган;
kloop.media ресурсуна 2021-жылы ушул эле уюмдан 585,9 миң доллар бөлүнгөн;
бир катар бейөкмөт уюмдар жана өздөрүн "көз карандысыз журналист" деп тааныткандарга ошол эле жылы NED уюмунан 90 миңден 220 миң долларга чейин грант берилген;
жалпы жонунан kloop.media, "Медиахаб", kaktus.media, "ПолитКлиника", factcheck.kg, T-Media жана бир катар маалымат агенттиктери, басылмалар чет өлкөлүк донорлорунан 600 миң доллардан ашуун каражат алышкан;
2017-жылдан 2020-жылга чейин NED кыргызстандык бейөкмөт уюмдарга, журналист жана блогерлерге жалпы 8,47 миллион доллардан ашуун каражат которгон.
© Sputnik_InfographicsДемократияны колдоо боюнча улуттук фонддун (NED) кыргызстандык бейөкмөт уюмдарды каржылоосу
Демократияны колдоо боюнча улуттук фонддун (NED) кыргызстандык бейөкмөт уюмдарды каржылоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024

Манипуляция жана "көз карандысыз" маалымат каражаттары

Factcheck.kg онлайн-аянтчасына токтололу. Бул долбоор да "Сорос" фонду тарабынан каржыланат. Негизги максаттары: чындыкка дал келбеген маалыматтарды текшерүү жана төгүндөө, манипуляция жана пропагандага каршы күрөшүү. Мисалы, аянтча коммерциялык эмес уюмдарды коргоп, президент Садыр Жапаровдун алар мамлекетке отчет берүүгө тийиш деген билдирүүсүн талдап чыккан. Анда Кыргызстанда мындай уюмдар ушул тапта ансыз да көп отчет тапшырары, алардын ишмердиги болушунча ачык, ал эми мыйзамдын өзү 90 пайыз россиялык мыйзамдан көчүрүлгөнү, андан көрө бийлик өз чыгаша жана кирешелерин ачыктап турбайбы деген тейдеги ой айтылат.
КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Sputnik агенттигине билдиргендей, кыргызстандык бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар киреше жана чыгымдары жөнүндөгү жылдык декларацияны гана, башкача айтканда, каржылоо булактары жана чыгымдар беренелери жөнүндөгү соңку маалыматты гана тапшырышат. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматы мындай уюмдарды көзөмөлдөбөйт, тек гана каттоо үчүн аянтча түзүп берет. Ал эми Factcheck.kg негизги вазийпаларынын бири – манипуляцияга каршы күрөш деп көрсөтүлгөнү менен дал ушул пункт туурасында түк сөз козгогон эмес.
Батыштагы грант берүүчүлөр дайым Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо жөнүндө дайым билдиришет. Өздөрү болсо бийликтен "көз карандысыз" экенин баса белгилешет. Анткен менен Батыш түзүмдөрүнөн ири суммаларды алып турушарын таптакыр айтышпайт.
"Интерньюс Кыргызстан" эле (Internews Network өкүлчүлүгү — Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан, дүйнө жүзү боюнча "жергиликтүү" маалымат каражаттарын колдогон, АКШ жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан каржыланган бейөкмөт уюм) республикадагы 11 жеке телеканал жана радиостанцияларга, ошондой эле онлайн-редакцияларга 6,5 миллион доллар бөлгөн. Каржылоо 2017-2020-жылдар аралыгында жүзөгө ашырылган "Медиа-К" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Анын милдеттеринин бири – "көз карандысыз" маалымат каражаттарын чыңдоо.
© Sputnik_Infographics2020-2017-жылдары USAID "Медиа-К" долбоору менен кайсы ЖМКларга финансылык жардам берген
2020-2017-жылдары USAID  Медиа-К долбоору менен кайсы ЖМКларга финансылык жардам берген  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Кийинчерээк "Интерньюс" долбоорду дагы эки жылга узартып, ал эми 2022-жылдын күзүндө "көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоонун" жаңы беш жылдык этабы башталган.
Долбоордун андан мурунку баскычтарынын ийгиликтери эске алынып, 2022-жылдын аягында каржылоонун көлөмү 10 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн. Негизги өнөктөштөрү же жөнөкөйлөтүп айтканда, бул акчаны алуучулар: Медиа Полис институту, Чекит Медиа (жети редакциянын бирикмеси), IDEA CA, Жамааттык маалымат каражаттар бирлиги, Салам медиа, Т-Медиа. Юридикалык түрдө коомдук фонд катары катталган айрым маалымат каражаттарынын ишмердиги иш жүзүндө толугу менен Батыш уюмдары тарабынан каржыланат. Маселен, Салык кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, "Клооп Медиа" 2022-жылы грант жана ыктыярдуу тартуу иретинде 8 миллион сомдон ашуун каражат алган.
Бул гранттар эмнеге жумшалышы ыктымал? Мисалы, Kloop Media "журналистика мектебин" (муну Internews, Медиа Полис институту жана башка грант алуучулар таанытып келген) байма-бай уюштуруп, анда басылманын журналисттери жаңыдан журналистикага кадам таштаган кесиптештерин "жемкорлукту иликтөөгө" жана жалпы жонунан өздөрүндөй иш алпарууга "үйрөтүшкөн".
© Фото / Государственная Налоговая Служба КРРасшифровка доходов некоммерческой организации за 2022 года
Расшифровка доходов некоммерческой организации за 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Kloop.kg ресурсунун иштеринен бир нече мисал келтирели. Январда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Куренов жана ишкер Имамидин Ташовдун Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо пландары жөнүндө сүйлөшүүсүн жарыялаган. Kloop.kg ошол темада окурмандар үчүн жетиштүү деңгээлде басым жасоо менен өзүнүн "көз карандысыз" материалын чыгарды. Анда: "Ишкер Ташов УКМК кызматкерлери тарабынан уурдалып, коркутулуп жана алардын 100 млн сом талап кылышканы айтылган видеокайрылуусунан соң мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталууда", — деп айтылат. Ташовдун "бандиттик менен уурдоо", "жакындарын коркутуу" жана башка ушул өңдүү кайрылуусунан үзүндүлөр келтирилет. Ал эми УКМКнын жүйөлөрүн талдоодо – Ташов менен Куренов Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш тууралуу видеобайланыш аркылуу талкуулаганы чагылдырылган тасмага келгенде Kloop.kg "мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландаган имиш", "УКМК жарыялады деген сүйлөшүү", "ал качан тартылганы белгисиз" деп күмөнсүнүүгө түрткөн сөздөрдү колдонгон. Тизгин жыяр бөлүгүндө, албетте, адатка айлангандай, бийликтеги жемкорлукка ишарат кылышат. Бул – тигил же бул өлкөдө түстүү революцияларды уюштурууда Батыш тарабынан өтө көп колдонулган баяндардын бири.
Айтмакчы, Kloop.kg порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер АКШ өкмөтүнө баш ийген маалымат каражатына курган маегинде Украинадагы согуштук аракеттер Кыргызстанда латын алфавитине өтүү, колонизация, өлкө тарыхын жана андагы Россиянын ролун кайра карап чыгуу тууралуу сөздөрдү кайрадан козгоп койгонун айткан.
© Фото / скриншот с сайта Голос АмерикиГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Бектур Искендер өзү Киевде туруп, Бишкекте Россияга каршы акцияларды уюштуруп (ал тургай КР бийлиги борбор калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салган убакта) кыргызстандыктарды ага катышууга түрткүлөгөн. Алардын бирине Kloop.kg редакциясынын кызматкерлери да активдүү катышканы маалым.
Булардан тышкары, өздөрүнүн Тelegram каналында алар жыйырма чакты киши чыккан митингди бир күн бою чагылдырып, алардын кармалышын маалымдап, иш-чарага чыккандардын алдында сөз да сүйлөшкөн. Кармалгандарды колдоп, тасмага тартып турушкан. Ачык булактардагы маалыматтарда басылманы түптөөчүлөрдүн дагы бири Ринат Тухватшин милициянын автобусунда баратып Россияга каршы, Украинаны жактап сөз сүйлөп, кебин украиналык улутчул ураан менен жыйынтыктаганы айтылат.
"Политклиника" басылмасынын башкы редактору өзү моюнга алгандай, бул маалымат каражаты иш жүзүндө "Интерньюстун" долбоорунун "перзенти". Анын өнөктөштөрү, башкача айтканда, демөөрчүлөрүнүн арасында "Сорос" фонду, Жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясы, Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд жана башкалар бар. Кай бир "көз карандысыз" маалымат каражаттары "институционалдык гранттарды" ар кандай максатта – редакциядагы масштабдуу реформалардан квадракоптерге чейин сатып алуу үчүн алышат.
Натыйжада эмне болот? Айрым маалымат каражаттары Батыш түзүмдөрү тарабынан ири суммада каржыланып, ошол эле учурда бири-бирин көз карандысыз деп аташат. Каржылык жактан көз каранды уюм көз карандысыз маалымат каражаты боло алабы? Жоопсуз собол...
© Фото / Фонд "Сорос Кыргызстан", Годовой отчет 2021Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / Фонд "Сорос Кыргызстан", Годовой отчет 2021Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Келиңиз, окурман, эми ошол "көз карандысыз" маалымат каражаттары чагылдырган айрым темаларга көз чаптырып көрөлү. Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигинин ачыктыгы туурасындагы бийликтин демилгесин мисалга алалы. 2021-жылы коммерциялык эмес уюмдар мамлекетке каржы тууралуу отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынганда батышчыл маалымат каражаттары бул теманы көбүртүп-жабыртып, курчутууга тырышышкан.
Азыр парламентте мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү каралууда. Аларга ылайык, кандайдыр бир деңгээлде саясат менен алектенип, өлкөдөгү чечимдерге таасир этүүгө далалат кылган коммерциялык эмес уюмдар "чет өлкөлүк өкүл" деп белгиленет. Бирок андай ачыктыкка чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар жана аларга тиешеси бар маалымат каражаттары каршы чыгууда. Алардын айтымында, мыйзам долбоору чуулгандуу, бийликти жалганчылыкка айыптоо менен бул мыйзам кабыл алынган соң Кыргызстанга башкалар далысын салып коерун айтып безеленишет. Ошондой эле макалалардын аталышына жумушсуздукту да кошуп, демилгени "бейөкмөт уюмдардын ишине ашкере кийлигишүү" жана "демократиялык баалуулуктар багытында мамлекет артка кетерин" белгилешүүдө.
© Фото / скриншот с сайта Kaktus.mediaСкриншот с сайта Kaktusmedia
Скриншот с сайта Kaktusmedia - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот с сайта ПолитКлиникаГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Эгер демократиянын бешиги атыккан ошол эле Батыш өлкөлөрүнө үңүлсөк, айталы, АКШ, Франция жана Финляндияда да бейөкмөт уюмдарды каржы жөнүндө отчет тапшырууга милдеттендирген мыйзамдар бар. Муну аталган мамлекеттердин элчилери деле Садыр Жапаров менен жолугушууларда тастыкташкан. Америкада ушундай эле мыйзамдар аны демократиялуулугун басаңдатпай эле иштеп жатса, анда эмнеге бул жобо Кыргызстанда кызуу талкуу жаратууда?

Баарына Россия "айыптуу"

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирерде батышчыл маалымат каражаттары евразиялык интеграцияга каршы пикирлерди байма-бай жарыялашкан. Өз макалаларында алар ЕАЭБге мүчө болуу менен республика азга ээ болуп, көптү жоготорун баса белгилешкен. Мисалы, "Клооп" басылмасы "Немец толкунуна" чыккан аналитикалык материалды жарыялаган. Анда эксперттердин бири Кыргызстан "суверенитетин жоготуп, дүйнөдөн оолак болуп каларына" көзү ачыктык кылган. Башка аналитиктер да реэкспорт кескин кыскарып, бардык товарлар кымбаттайт деген өңдүү божомолдорун айтып чочулатышкан.
© Фото / скриншот с сайта Kaktus.mediaГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
© Фото / скриншот с сайта KloopГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Иш жүзүндө анын эч бири орундалган жок, алардын жоромолдору суу кечпей калды. Тескерисинче, ЕАЭБге мүчөлүктөн өлкө алда канча арбын дивиденд алууда. Айталы, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден берки сегиз жыл аралыгында өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 2,3 эсе жогорулап, ал эми экспорттун көлөмү 2 эсеге көбөйүп, Россиядан Кыргызстанга электр кубатын импорттоо 7,9 эсеге жогорулап, ошондой эле Россияда кыргызстандык мигранттар үчүн шарттар кыйла жакшырды.
Бирок евразиялык интеграциянын ийгиликтери батышчыл маалымат каражаттарынын бүйүрүн кызытпайт. Маселен, ЕАЭБдин Бишкектеги саммити туурасындагы материал "Диктатуранын импорту" деп аталат.
© Фото / скриншот с сайта KloopСкриншот с сайта Kloop
Скриншот с сайта Kloop - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Дагы бири Карнеги фондунун экспертинин эл аралык тынчтык үчүн: "ЕАЭБдин күнү бүттү" деген билдирүүсү менен башталат. Башкача айтканда, "көз карандысыз" маалымат каражаттары негизинен Кыргызстандагы ийгиликтүү учурларга көз жуумп коюу менен манипуляциядан эч айбыкпастан евразиялык интеграциядан кандайдыр бир кемчилик издөөгө тырышып, аларды болушунча жар салышат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам

Коомдук фонддор журналисттик басылма катары катталууга тийиш экени белгиленген "ЖМК жөнүндөгү" мыйзамдан кеп козголгондо грант алуучулар караманча каршы чыгышты. Мисалга, Кактус Медиа алдыга интернет-дүкөндөрдүн кожоюндарын чыгарып, коомдо мыйзам долбооруна каршы терс мамиле жаратууга тырышат. Анын материалдарында журналисттер сурамжылаган ишкерлер маалымат каражаттары менен катар лицензия алууга аргасыз болобу деп катуу кайгырышат. Кийим текчесиндегилер жөнүндөгү тексттер мыйзам долбоорунун демилгечилерин кызыктырары арсар эмеспи.
Кырдаалдын өзү дал ошол коомдук фонд катары катталып, бирок журналистикага жакын ишмердик алпарган ресурстардын аракетинен улам бышып жетилип отурат. Маселен, "Клооп Медиа" коомдук фонду. Бул уюм өз ишмердигин "коомдук фонддор уставына каршы келбегендей" актоодо. Анын уставында "жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий жана экономикалык процесстер боюнча өз ойлорун эркин билдирүү үчүн маалыматтык аянтча түзүү" деп көрсөтүлгөн. Анткен менен "Сорос" фонду жана башка донорлордун отчетунда "Клооп Медиа" грант алуучу катары дал маалымат каражаттары категориясына кошулган.
© Фото / Фонд "Сорос Кыргызстан", Годовой отчет 2022 На что Фонд Сороса тратил деньги в Кыргызстане в 2022 году
На что Фонд Сороса тратил деньги в Кыргызстане в 2022 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Эгер долбоор ЖМК катары акча алса, анда эмне үчүн Кыргызстанда ушул ишмердик боюнча катталуудан баш тартат? Баса, Бишкек прокуратурасы Kloop Media ресурсунун жоюлушу жөнүндө доо арыз берген. Аталган көзөмөлдөөчү органдын маалыматына таянсак, портал ЖМКлар мамлекеттик реестринде катталган эмес, андан тышкары, анын айрым макалаларында "коомдук пикирди тымызын манипуляциялоо", "жалпы жобо жана стандарттар боюнча калктын аң-сезимин бурмалоо максатында терс маанайды пропагандалоо" камтылат. Прокуратуранын доо арызында Kloop басылмасынын материалдарынан эксперттер улуттар аралык кастыкты козутуп кое турган сөздөр да аныкталганы айтылат.

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам укук коргоочулардын кош стандарттарынын табиятын кантип чечмелейт?

Ооба, бейөкмөт (коммерциялык эмес) уюмдардын, көбүнчө "коомдук фонд" деп аталгандардын ишмердиги адам укуктарын коргоо жана ишмердиктин ушундай формасына кирет. Себеби коммерциялык эмес уюмдар укук бузууларга каршы күрөштөн экологияга камкордукка чейин пайда табуу үчүн эмес, жакшы ниет, аракеттер үчүн түзүлөт эмеспи. Бирок бул коомдук уюмдардын көздөгөнү көбүнесе бир өңчөй эмес, ал эми адам укугун коргоо маселелери кош стандартка ээ, кыязы, геосаястка таянат өңдөнөт.
Адегенде Украинадагы атайын аскердик операция башталгандан бери америкалык гранттарды алуучулар РФтин Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдына Россияны "агрессор" деп атап бир нече ирет чыгышты. Жаңжалдын өз тарыхы бар, бул макалада ага токтолбой эле коелу. Бирок батышчыл укук коргоочулардын бири да палестиналык-израилдик жаңжал тутанган убакта плакат көтөрүп чыккан жок.
Айтмакчы, АКШ жана Европа биримдиги бир катар өлкөлөрдөн айырмаланып, тургундары бөгөттөлүп, бардык жүктөрдүн, анын ичинде гуманитардык жардамдарды ташууга да таптакыр жол берилбей суу, электр жарыгы өчүрүлгөн Газа секторундагы Израилдин аракеттерин айыптаган да жок, ал түгүл кубаттагандай... Балким, Кыргызстанда эмнеликтен АКШ, Улуу Британия жана Европа мамлекеттеринен грант алуучулар айрым маселелерге кулак жапырып, көз жуумп, үндөбөй коюшканы ушундан улам чыгар. Мисалы, грант алуучу Factcheck.kg аянтчасынын ишмердигине көз чаптырууда Газа сектору боюнча бир гана материал жарыяланганына күбө болдук. Анда да ЦАХАЛдын аракеттери жөнүндө палестиналык тарап жалган айтып жатканы баяндалат. Ал эми Россиянын атайын операциясы жөнүндөгү контент үчүн бүтүндөй бир бөлүм ачылган. Ошол бөлүмдө негизинен Россия тарабынан жүргүзүлгөн деген пропаганда жана манипуляциянын "бети ачылып", ошол эле учурда "иликтөөчү" журналисттер украиналык тараптын жалган маалыматтарына, пропаганда жана манипуляциясына түк кеп учугун чубашпайт (атып түшүрүлдү деген "Кинжалдар", украиналык аскер бөлүктөрү Запорожье атомдук электр станциясын аткылаганы, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Константиновкадагы борбордук базарга жана Краматорск бекетине ракеталык, ошондой эле украиналык абадан чабуулдарынан коргонуу тутумдарынын бир катар аймактардагы турак жайларга сокку урушу жана башкалар).
Мындан эки жыл мурун эле, тагыраак, 2022-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүүнү жана алардын макамын аныктоону сунуштаган.
Анын маалыматы боюнча, Бишкекте эле 18 500 бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар катталган. Алардын басымдуу бөлүгү ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүп же каржылоо менен саясатка кийлигишип, мамлекеттик органдарга басым жасап, алардын чечимдерин өзгөртүүгө аргасыз кылып жатышканы айтылган. Анан да булардын баары түптөлгөндөгү документтериндеги жоболорго дал келбестигин белгилеген.
Андай коммерциялык эмес уюмдарга Кыргызстандын аймагындагы саясий ишмердикке катышуусун моюнга алуу сунушталат. Ал эми мында да алар чет өлкөдөн акча алышса, анда аларга аудитордук корутундуга ээ болууга милдеттендирилген "чет өлкөлүк өкүл" макамын алууга тийиш.
Элдик курултайда өлкө башчысынын коммерциялык эмес уюмдардын отчет бериши керектиги туурасындагы билдирүүсү бийлик алардын ишине кандайдыр чектөө киргизилишин туюндурбай турганын белгиледи президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов.
"Бейөкмөт жана коммерциялык уюмдардын баары мурдагыдай иштей берет. Мамлекеттин алардын ишине кийлигишип же акчасын алууга ниети жок. Болгону ал уюмдар ачык иш алпарып, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырган отчеттордо каржылык булактарын, каражаттары эмнеге сарпталганын так көрсөтүшү керек. Башкача айтканда, бийлик алардын ишмердиги уставдык документтеринде белгиленген максаттарын бузуп-бузбаганын билүүгө тийиш", — деп түшүндүрдү Алагөзов.

Эксперттин пикири

Саясий баяндамачы Зарина Уметалиева Sputnik агенттигинин журналисти менен баарлашууда Кыргызстанда сырттан каржыланып, калыптанып калган үрп-адатка доо кетирүүнү көздөө менен иш алпарган бейөкмөт уюмдар бар экенин белгиледи.
"Коммерциялык эмес уюм аркылуу бизге башкача ой жүгүртүү, бөлөкчө жашоо образын да таңуулашат. Ар кыл акцияларга, митингдерге катышып, ал тургай мамлекеттик органдардын чечимдерине саботаж кылган адамдарды көрүп жүрөбүз. Ошондой эле көп учурда сырттан каржыланган маалымат каражаттары — телеканал, маалыматтык ресурстар да жок эмес. Ошентип алар коомдук жана саясий күн тартибине таасир этип, өз кызыкчылыктарын таңуулоого далалат кылышат.
Чындыгында көз карандысыз маалымат каражаты деген дегеле болбойт. Албетте, коммерциялык уюмдардын баарын эле төңкөрүш кылуу аракетине курулай айыптай берген да болбойт, ар бир маселени талдап, тактоо абзел. Кеп кезеги келгенде айтып коюш керек, ошондой нукта иш алпарган медиаресурстар жана коммерциялык эмес уюмдар биздин өлкөдө эле эмес, иш жүзүндө бүтүндөй постсоветтик мейкиндикте бар. Ошол себептен КМШ мамлекеттеринде бейөкмөт уюмдардын ишмердигин жөнгө салуунун зарылдыгы жаралып отурат деген оюн ортого салды саясий баяндамачы.

Кайраштыр да, бийлей бер

Саясатта эки же андан көп тараптарды башкаруу үчүн ортосунда карама-каршылыктарды, айырмачылыктарды жаратып, аларды ырбатып жана оңтою келгенде кайра колдонуу тактикасы ушундай чечмеленет. Ошондой эле бул сөз коомдо чыңалуунун, нааразы маанайдын жасалма түрдө жаратылышын да чагылдырат.
Балага энесинин атын берүү жөнүндөгү былтыркы козголоң эсиңиздедир. Коомчулук ошондо эки лагерге бөлүнүп калбадыбы: айрымдары Кыргызстанда матронимдин юридикалык зарылдыгын жакташса, башкалары каршы чыгышкан. Мындай сезимтал тема коомдун бардык катмарын козгоп койгон. Бийлик ошондо кырдаалды жөнгө салууну өз колуна алып, айрым бир учурларда акыркы инстанциянын өкүмүн кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.
Жалгыз бой эне Алтын Капалованын (феминист, ЛГБТ-активист, сүрөтчү жана жазуучу айым) жараяны боюнча тиешелүү чечимди чыгарган Конституциялык соттун судьясы Кыргызстанда балага энесинин атын берүүнүн юридикалык тарабын чечип берди.
Чындык ким тарапта: баланы жалгыз өстүрүп жаткан эне жактабы же коомдо эзелтен түптөлгөн эрежедеби (эгер атасынын атын бергиси келбесе деле, таятасынын ысымын жаздырууга болор беле)?
© ФотоГрантовое финансирование СМИ в Кыргызстане
Грантовое финансирование СМИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Ушундай мүнөздөгү маселелерди коомдун көп бөлүгү жумуштагы тыныгууда, үйдөгү ашканада же достору менен чер жазууда талкуулап тим болушса, айрымдар Кыргызстанда балага эненин атын берүүгө жол ачуу үчүн реалдуу кадамдарга барышты. Айталы, алар уюшкандыкта эл өкүлдөрүнө кайрылышты. Негизинен ошол кайрылууга кол койгон кайдыгер эмес адамдар кимдер? Балким, аларды чындап эле маселеге бирдей көз караш да бириктирип турат чыгар, бирок алар – Батыштын гранттык каражаттарына жан баккан баягы эле коомдук уюмдар.
Ошондон улам каржылык эркиндик жеке көз караштар менен айкалышабы деген суроо туулат. Болушу мүмкүн. Бирок дал келүүлөрдүн саны ашкере көп эмеспи?..
Жаңылыктар түрмөгү
0