https://sputnik.kg/20240126/stenin-fotosynak-kalystar-tobu-1082205146.html
Стенин атындагы фотосынакка келген эмгектерди кимдер баалай турганы айтылды
Стенин атындагы фотосынакка келген эмгектерди кимдер баалай турганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Сынактын байге фондунда биринчи орун үчүн 125 миң, экинчи орунга 100 миң жана үчүнчү орун үчүн 75 миң рубль каралган. Ал эми баш байгеге татыган катышуучу 700... 26.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-26T19:02+0600
2024-01-26T19:02+0600
2024-01-26T19:02+0600
дүйнөдө
россия
андрей стенин
сынак
фотография
байге
калыстар тобу
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1b/1068345232_0:92:3072:1820_1920x0_80_0_0_da07b261cba637a1fc065ddbbbdc4ec6.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы фотосынакка (http://stenincontest.ru) быйыл, мааракелик жылы, калыстык кыла турган топко аталган конкурстун ар кайсы жылдагы жеңүүчүлөрү кирди.Калыстар командасынын курамында италиялык Данило Гарсия Ди Мео менен Габриэле Чеккони, ошондой эле түркиялык Шебнем Кошкун бар.Ди Меонун "Летиция. История невидимой жизни" деп аталган фотосессиясы 2016-жылы, Чекконинин "Отверженные и земля" аталышындагы эмгеги 2019-жылы, ал эми Кошкундун "Новая опасность для подводного мира: отходы COVID-19" сүрөтү 2021-жылы баш байгеге ээ болгон.Калыстар тобуна Россиядан Алёна Кочеткова менен Алексей Орлов кирген. Алардын "Как я болела" жана "Зарево" деп аталган эмгектери 2018 жана 2023-жылдары гран-при алган.Кочеткова аталган сынак 10 жылдан бери дүйнөнүн булуң-бурчундагы фотографтар үчүн мыкты аянтча болуп жатканын белгиледи.Орлов калыстык абдан жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай сынактын маанилүүлүгүн баалабай коюу мүмкүн эмес.Габриэле Чеккони сынак быйылкы жылдын урунттуу окуяларын даана, так чагылдыруучу фотожурналистиканын ар тараптуулугун, динамикасын көрсөтүп берерине ишеним артса, Шебнем Кошкун Стенин атындагы сынак жаш журналисттер үчүн пайдалуу экенине токтолгон. Ал эми Данило Гарсия Ди Меонун айтымында, коомчулуктун тигил же бул катмарына таасир тийгизген бул конкурс чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.Эскерте кетсек, Андрей Стенин атындагы фотосынакка эмгектерди кабыл алуу журналисттин туулган күнү — 22-декабрда башталган. Өз билдирмелерин 18 жаштан 33 жашка чейинки фотографтар орус, англис жана кытай тилдеринде тапшыра алат. Арыздар 2024-жылдын 16-мартына чейин кабыл алынмакчы.Сынактын байге фондунда биринчи орун үчүн 125 миң, экинчи орунга 100 миң жана үчүнчү орун үчүн 75 миң рубль каралган. Ал эми баш байгеге татыган катышуучу 700 миң рублге ээ болот.Стенин сынагы жеңүүчүлөрдүн эмгеги үчүн Россия жана чет өлкөлөрдөгү шаарларда турне да уюштуруп берет. Байге ээлери буга чейин Кытай, ТАР, Мексика, Аргентина, Уругвай, Колумбия, Конго, Түркия, Ливан, Германия, Испания, Италия, Греция, Венгрия, Польша жана Египетти кыдырып келишкен.Конкурс тууралуу"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.Сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү: ВГТРК (Жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпания) (Россия), СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы, "Россия-Культура" жалпы россиялык мамлекеттик телеканалы (Россия), "Москва 24" телеканалы.Эл аралык маалыматтык өнөктөштүк кылгандар: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу (эл аралык), RT телеканалы жана порталы (эл аралык), Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы (Кытай), The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
https://sputnik.kg/20231020/stenin-atyndagy-el-aralyk-fotosynakty-zhengender-1079690869.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1b/1068345232_301:0:3032:2048_1920x0_80_0_0_a65be1fcf8c92789fe2d33de94d876b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, андрей стенин, сынак, фотография, байге, калыстар тобу
дүйнөдө, россия, андрей стенин, сынак, фотография, байге, калыстар тобу
Стенин атындагы фотосынакка келген эмгектерди кимдер баалай турганы айтылды
Сынактын байге фондунда биринчи орун үчүн 125 миң, экинчи орунга 100 миң жана үчүнчү орун үчүн 75 миң рубль каралган. Ал эми баш байгеге татыган катышуучу 700 миң рублге ээ болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы фотосынакка (http://stenincontest.ru) быйыл, мааракелик жылы, калыстык кыла турган топко аталган конкурстун ар кайсы жылдагы жеңүүчүлөрү кирди.
Калыстар командасынын курамында италиялык Данило Гарсия Ди Мео менен Габриэле Чеккони, ошондой эле түркиялык Шебнем Кошкун бар.
Ди Меонун
"Летиция. История невидимой жизни" деп аталган фотосессиясы 2016-жылы, Чекконинин
"Отверженные и земля" аталышындагы эмгеги 2019-жылы, ал эми Кошкундун
"Новая опасность для подводного мира: отходы COVID-19" сүрөтү 2021-жылы баш байгеге ээ болгон.
Калыстар тобуна Россиядан Алёна Кочеткова менен Алексей Орлов кирген. Алардын
"Как я болела" жана
"Зарево" деп аталган эмгектери 2018 жана 2023-жылдары гран-при алган.
Кочеткова аталган сынак 10 жылдан бери дүйнөнүн булуң-бурчундагы фотографтар үчүн мыкты аянтча болуп жатканын белгиледи.
"2018-жылы баш байгеге ээ болгом, бул мага чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Сынактын катышуучуларына жасалган аяр мамиле жана ишин илгерилетүүгө жасалган аракет көңүл жылытып келет. Эми өзүм калыстар тобуна мүчө болуп отурам. Башка сүрөтчүлөрдүн эмгегин көрүп-баалоо абдан кызык. Стенин атындагы сынак — күчтүү эмгектер татыктуу баасын ала турган аянтча. Быйыл да көп эмгек келип, конкурс катышуучулар үчүн ийгиликтин башаты болот деп ишенем", — деди Кочеткова.
Орлов калыстык абдан жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай сынактын маанилүүлүгүн баалабай коюу мүмкүн эмес.
"Россиялык жана дүйнөлүк фотографиянын деңгээлин көтөрүү менен бирге жаңы таланттардын да көз жаздымда калышына жол бербөө керек. Мындай масштабдуу конкурска катышуу деген эмне экенин жакшы билем. Алдыда иш көп", — деди сүрөтчү.
Габриэле Чеккони сынак быйылкы жылдын урунттуу окуяларын даана, так чагылдыруучу фотожурналистиканын ар тараптуулугун, динамикасын көрсөтүп берерине ишеним артса, Шебнем Кошкун Стенин атындагы сынак жаш журналисттер үчүн пайдалуу экенине токтолгон. Ал эми Данило Гарсия Ди Меонун айтымында, коомчулуктун тигил же бул катмарына таасир тийгизген бул конкурс чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.
Эскерте кетсек, Андрей Стенин атындагы фотосынакка эмгектерди кабыл алуу журналисттин туулган күнү — 22-декабрда
башталган. Өз билдирмелерин 18 жаштан 33 жашка чейинки фотографтар
орус,
англис жана
кытай тилдеринде тапшыра алат. Арыздар 2024-жылдын 16-мартына чейин кабыл алынмакчы.
Сынактын байге фондунда биринчи орун үчүн 125 миң, экинчи орунга 100 миң жана үчүнчү орун үчүн 75 миң рубль каралган. Ал эми баш байгеге татыган катышуучу 700 миң рублге ээ болот.
Стенин сынагы жеңүүчүлөрдүн эмгеги үчүн Россия жана чет өлкөлөрдөгү шаарларда турне да уюштуруп берет. Байге ээлери буга чейин Кытай, ТАР, Мексика, Аргентина, Уругвай, Колумбия, Конго, Түркия, Ливан, Германия, Испания, Италия, Греция, Венгрия, Польша жана Египетти кыдырып келишкен.
"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү: ВГТРК (Жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпания) (Россия), СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы, "Россия-Культура" жалпы россиялык мамлекеттик телеканалы (Россия), "Москва 24" телеканалы.
Эл аралык маалыматтык өнөктөштүк кылгандар: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу (эл аралык), RT телеканалы жана порталы (эл аралык), Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы (Кытай), The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).

20 Тогуздун айы 2023, 19:15