Эне дасторкондун четинде отуруп эле чөйрөнү өзгөртөт. Бала тарбиясы тууралуу
Жазылуу
Ар бир муун бала тарбиялоодо кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал. Ата-бала мамилесинде түшүнбөстүктөр болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну жеңилдетүүнүн жолдорун ата-энелердин онлайн-мектеби сунуштоодо.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Ата-энелердин онлайн-мектебинин куратору Гүлсара Мадаминова жана аталган мектептин бүтүрүүчүсү Марина Рысбаева болду. Биз ата-энелер мектеби жана анын билим берүүнү жакшыртууга салымы тууралуу сүйлөштүк.
— Бүгүнкү күндө Ата-энелердин онлайн-мектеби кандай ыкмаларды колдонуп иш алып барып жатасыздар? Натыйжалары кандай?
Гүлсара Мадаминова: — Учурда балдардын билим сапаты начар, тарбиясы да аксап жатат дейбиз. Жылдан-жылга Жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчү көтөрүлмөк турсун артка кетип жатат. Буга ата-энелер мугалимдерди, мугалимдер ата-энелерди күнөөлөшөт. Бирок аны менен тарбия жана билимдин сапаты жакшырып калган жок. Кайсы бир көйгөй жаралганда анын чечимин табуу үчүн адамдар изденип калат. Мисалы, Гапыр Мадаминовдун "Энелер мектебинде" окуган ата-энелердин үч баласы болсо, үчөө тең жогорку окуу жайына бюджетке өтүп кеткенин көрүп көбү кызыгып калышты. Ата-эне болууну эч ким үйрөткөн эмес. Биологиялык жактан ата-эне болуу абдан оңой. Бирок балдарга кандай тарбия берүү керек, алардын психологиясы кандай, ар бир жаш куракта кандай ой жүгүртөт, кантип сүйлөсөң сөзүңдү уккусу келет, кандай сөздөрдү колдонсоң сенден алыстайт деген суроолордун жообун айткан киши болгон эмес.
Бизде ар бир ата-эне түшүнө алган жөнөкөй темадан тарта муктаж болгон темаларга чейин бар. "Балам мени түшүнбөй жатат, мен баламды түшүнбөйм" деген ата-энелер чекеден чыгат. Анын үстүнө азыркы балдарды Z муун деп коёт. Ата-энесине караганда экранды жакшы угат. Ушунтип карайлап калганда онлайн-окутуу жардам болду. Гапыр агайдын мектеби алгач буга эксперимент болуп берди. "Оку" десеңиз ата-энелер биринчи далил сурашат. Ошол лейлектиктерди жана алардын балдарынын ийгилигин айтсаң, анан кабыл алышат. Мисалы, бизде 3-класстын балдарынын сабак даярдоосуна шарт түзүү, баарлашуу, окууга кызыктыруу жана башка нерселерди камтыган методология бар. Кыргызстан эмес, чет мамлекетте жүргөн кыргыздар да окуп жатышат.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуАта-энелердин онлайн-мектебинин куратору Гүлсара Мадаминова: Биологиялык жактан ата-эне болуу оңой. Бирок балдарга кандай тарбия берүү керек, психологиясы кандай, кандай ой жүгүртөт, канткенде сөзүңдү уккусу келет, канткенде алыстап кетет деген суроолордун жообун айткан киши болгон эмес.
Ата-энелердин онлайн-мектебинин куратору Гүлсара Мадаминова: Биологиялык жактан ата-эне болуу оңой. Бирок балдарга кандай тарбия берүү керек, психологиясы кандай, кандай ой жүгүртөт, канткенде сөзүңдү уккусу келет, канткенде алыстап кетет деген суроолордун жообун айткан киши болгон эмес.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
— Сиз кандайча окуп калдыңыз?
Марина Рысбаева: — Бир ирет Гапар Мадаминов агайдын медреседе берген маегин угуп калдым. Анда бир мүнөттө канча сөз окуу керек жана анын мээге тийгизген таасири тууралуу айтып берди. Ар бир жаш куракка карата окутуу методологиясы да бар экен. Ошондон тарта кызыгуу пайда болду. Үйдөн кыздарымды окутсам нормага жетпейт экен. Керек болсо эжем кызын Баткенге алып барып окутууну максат кыла баштады. Агай баарын башынан өткөрүп, жан дили менен жасагандыктан анын ар бир сөзү бизге ушунчалык таасир берерин байкадым. Онлайн-мектептен өзүмө көп нерсе алдым. Ата-эне, мектеп жана баланын ортосунда тыгыз байланыш болушу керек экен. Биз бала тарбиялайт десе эле жумшап, өкүм берип, тапшырманы аткарбаса жазалайт экенбиз. Мунун баары тарбияга жатпай турганын агайдын китебинен билдим. Баланын деңгээлине түшүп, анын жан дүйнөсү менен жашап да көрүшүбүз керек экен. Бир кезде биз да бала болгонубузду өзүбүз унутуп калабыз. Азыр көз карашым абдан өзгөрдү. Энелер өзгөрө турган убакка жетиптирбиз.
— Баланын жан дүйнөсүн түшүнүүдөн алыстап кеткенибизди эмнеден улам баамдадыңыз?
М.Р.: — Өзүм педагогдун кызымын. Атам 40 жыл мектепте иштеген. Жумушка кетип баратканымда балдарга тапшырма берип, келгенде аларды текшерип, урушуп эле жүрчүмүн. Күндөлүктөрүн бир жумада бир карап, кол коюп койчумун. Мындан башка деле билимге багыттап баарлашпаптырмын. Гүлсара Мадаминованын сабагындагы "Салыштыруу жана сындоо" деген темадан улам өз катамды түшүндүм. Кызымды кошунанын кызына салыштырып, "ал жакшы окуйт турбайбы, сен эмнеге андай боло албайсың" дечүмүн. Анан баламдын ордуна өзүмдү коюп көрдүм. Көрсө, бул абдан жагымсыз жана ага басым болот экен. Тескерисинче, балдарымдын ар бир ийгилигин белгилеп, мактаганга өттүм. Өзүмдүн атам да педагог болгондуктан үйгө дайыма китеп алып келчү. "Ала-Тоо" журналына чыккан дүйнө жаңылыктары рубрикасын кызыгып окучумун. Ошол күндөрдү эстедим. Демек, бала менен бала болуп, аны кызыктыруу жолу менен гана окута алат экенбиз. Мен азыр педагог болууга да даяр болуп калдым. Ата-эне болуу бул биологиялык эле нерсе эмес, өзүнчө кесип экен. Ага да даярдануу зарылдыгын билбептирмин. Эне психологиялык, диний, илимий жагынан терең билим алып өссө, баласына да таасир этерин агайдын китебинен улам билип отурабыз.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуАта-энелердин онлайн-мектептин бүтүрүүчүсү Марина Рысбаева: Ата-эне, мектеп жана баланын ортосунда тыгыз байланыш болушу керек экен. Биз бала тарбиялайт десе эле жумшап, өкүм берип, тапшырманы аткарбаса жазалайт экенбиз.
Ата-энелердин онлайн-мектептин бүтүрүүчүсү Марина Рысбаева: Ата-эне, мектеп жана баланын ортосунда тыгыз байланыш болушу керек экен. Биз бала тарбиялайт десе эле жумшап, өкүм берип, тапшырманы аткарбаса жазалайт экенбиз.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
— Бүгүнкү күндө аталар кантип жатышат?
Г.М.: — Болбой эле апалар көп окуйт, бирок аталар да окуп жатышат. Баласын тарбиялоодо кетирген катасын неберелерине жасабайын деген чоң аталар, баласына кайдыгер карабаган аталар, жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар да окушту. Аталар да окушу керектигин түшүнүп баратышат.
— Өз көз карашы, калыптанган позициясы бар чоң адамдарды окутуу оор болуп жаткан жокпу?
Г.М.: — Башында оор болот. Алгач семинарга чакырсаң аталар кабактарын түйүп "эмнеге чакырышты, эми ушул эле калды" дегенсип отурушат. Анан "туура суроо — маселенин жарымынын чечилгени" дегендей, "балдар менен сүйлөшүүдө кыйналып жатасыздарбы, үйдө чогуу окуйсуздарбы?" деп маселени ортого таштап, анан талкуулаганда гана акырындан жазыла башташат. Бирок баары эле балдары бир канча тилде сүйлөшүн каалайт. Өздөрү кечке жумушта же соодада. "Өзүңүз окубасаңыз, анан кантип бала окусун" деп үй-бүлөлүк китепкана түзгөндү үйрөттүк. "Той-топурга берип жаткан 5000 сомдун 1000 сомуна эле 2-3 китеп алып окуп, балдар менен талкууласаңар алардын окууга болгон каалоосу ойгонот" дейбиз.
— Ар бири Гапыр агайдай боло албайт. Бирдиктүү методика иштелип чыктыбы?
Г.М.: — Агай (Г.Мадеминов — ред.) ата-энелерди кандай окутканын конспект кылып жазып жүргөн экен. Алар китеп болуп чыкты. Балдарды жаш курагына жараша окутуу, кызыктуу китептерди алар менен үйдө талкуулоо өңдүү темаларды камтыган китептери чыккан. Мугалимдер үчүн да "Устаттын өнөрү" аттуу эмгек жана анын окутуу программасын жазган. Ата-энелер үчүн педагогикалык адабияттар сунушталат. Агайдын өзүнүн сабактарын "Билим кемеси" аттуу YouTube-каналга акысыз көрүү үчүн жүктөп коёбуз. Китептер менен катар интернет биздин окутуу методикабыздын жайылышына түрткү болууда.
— Ата-энелер мектебинде эмнени окушат?
Г.М.: — Мурда-кийин ата-энелер эч жерден окубаган темалар козголот. Балдарын жана андан мурун өзүн кантип тарбиялоо керектиги тууралуу үйрөнүшөт. "Өзүн-өзү тарбиялоо жолдору" аттуу китебибиз бар. Бала көргөнүн кылат. Мисалы, күнүнө дасторкондун үстүндө эмне сүйлөшкөнүбүздүн баарын балдар угуп, ошого жараша калыптанат. Атаандашып той өткөргөндү жаш муундар да чоңдордон калышпай улантып жатканы ошондон. Анткени алар "баланча жакшы той берди, андан калып калсак уят" деген сөздү угуп чоңойду да.
Биз эч кандай так илимдерди окутпайбыз. Болгону күнүмдүк жашоодогу маселелер айтылат. Дасторкондо отуруп алып мугалимди жамандашат. Аны бала кулагына куюп, сиңирип жатат. Эртең ал ошол мугалимди сыйлайбы? Жок. Биз түшүндүргөндөн кийин үйүндө туура эмес сөздөрдү сүйлөп, бирөөлөрдү ушактап жүргөндөрүн өздөрү да мойнуна алат. Ушундан улам үйдө кандай сөздөр сүйлөнүшү керек экенин айтып беребиз. Мындан тышкары, ата-энелерге тапшырмалар да болот. Ак барак берип, "балдарыңарга көп айткан сөздөрүңөрдү жазгыла" десек көбү уялып, жазганын көрсөткүсү келбейт.
— Марина айым, ата-энелер мектебинен окуп жатканыңызды чөйрөңүз кандай кабыл алды?
М.Р.: — Кызыккандар да, таң калгандар менен маани бербегендер да болду. Чынында эле биз да тойго барабыз. Тойдон келгенден кийин устуканды дасторкондун үстүнө коюп, балдарды отургузуп, берген тамагын, келген ырчыларды, бирөөнүн көйнөгүн талкуулайбыз. Анан балдар деле "жашоо бул дүңгүрөтө той берүү, жакшы кийинүүдөн турат экен" деп гана ой жүгүртө баштайт. Жалпысынан ата-энелердин көбү "ушундай болуп калдык" деп моюнга алышты. Негизи исламда деле эненин жашоону өзгөртүүдө ролу зор экени айтылат. Муну угуп абдан таң калчумун. "Мен үйдө эле отурсам, эл менен деле аралашпасам, анан кантип дүйнөнү өзгөртөм" деп түшүнө алчу эмесмин. Көрсө, дасторкондун четинде отуруп алып эле туура сүйлөп, балдарга оң багыт берүү менен чөйрөнү, балдарыбыздын келечегин оңдой алат экенбиз. Бирок окугандарыбызды практика жүзүндө пайдалана билүүгө өтүшүбүз керек. Өзүбүздү өзгөртүү мезгили келди.
— Ата-энелер тарабынан окууга ынтызарлыгын билдиргендердин саны көбөйүп жатабы?
Г.М.: — Ата-энелер окушу керек экенин "Агай" фильминен да түшүндүк. Былтыр биздин окутуу 500 бала бакчага пилоттук долбоор катары кирген. Быйыл министрлик "бүт республиканын мектептерине ата-энелер мектеби уюштурулсун" деген токтом чыгарды. Ошол себептен уюштурууга жардам сураган мугалимдер көп кайрылышат. Ата-энелерди бир айда бир жолу окутчубуз. Бирок окууну жакшы алып кеткендери улам такылдатып, "окуу качан болот" деп сурашкандыктан эки жумада бир кылууга өттүк. Сабактын алкагында гинеколог да балалуу болгонго чейин ден соолукту кантип чыңдоо керектиги тууралуу сабак өтөт. Акыркы кезде оорукчан балдар көп төрөлүүдө. Анан да балдар дарыгери, психолог чакырылат. Айрым ата-энелер балдарынын окубаганын же тентектигин мугалимден көрүшөт. Бул мугалимге шылтап коюучу нерсе эмес. Сиз окуп, оңолосуз, анан балаңыз окуй баштайт. Муну түшүнгөндөрү окууга келип жатышат.
— Марина айым, балдардын жүрүш-турушунда эмнелер өзгөрөт экен?
М.Р.: — Көпкө китеп окубай калсам кичине кызым "апа, сиз акыркы кезде окубай калдыңыз, ээ?" деп мени көзөмөлдөйт. Мен китеп кармасам, балдар да жаныма келип окушат. Өзүбүздү түздөй берсек балдар да түзөлө берет экен. "Ушак айтпа, жакшы бол" дегенибиз менен келип эле өзүбүз ушак айтып жатсак кайдан өзгөрүү болмок? Балдарды урушпай эле өзүбүз оңоло берсек, балдар да сени карап өсөт.
— Бүгүн балдарды дээрлик апалар тарбиялап калды. Кайсы бир деңгээлде ата тарбиясын да сиңирүү керек эмеспи...
Г.М.: — Бизде "Ата тарбиясы" деген тема бар. Бул темада аудиосабактарды бергенбиз. Аталардын бала тарбиясындагы ролуна арналган атайын сабак бар. Аны үйдөн кандай пайдаланып жатышканын өздөрү айтышсын.
М.Р.: — Атанын тарбиясы башка. Өзгөчө эркек бала үчүн керек. Мен да жолдошума аталарга арналган сабакты угуздум, жакшы кабыл алды. Аталар көбүнчө сыртта, үй-бүлө багуу менен алектенип, убактысынын көбү ошого кетип калууда. Бирок алар да бала тарбиялоодо өз кемчилигин оңдогонго аракет кылса дейт элем.
Г.М.: — "Бала тарбиясына аталар да аралашышы керек" десе ага көп убакыт кетчүдөй элестетебиз. Жок, бул болгону жарым эле саатты алат. Жумуштан кийинки чогуу отуруп жарым саат баарлашуу өтө маанилүү. "Бүгүнкү күнүң кандай өттү? Мугалимиңди түшүнүп жатасыңбы?" деген жөнөкөй эле маектешүүнү ата да, апа да дасторкон чекесинде алып барсын. Азыр Москвада да ата-энелер мектеби ачылды. Мигранттар деле билимге көңүл бөлөт. Балдары менен көнүгүүлөрдү онлайн аткарып жаткан энелер бар.