https://sputnik.kg/20231221/baldar-olumu-tuuraluu-maek-1081433151.html
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө балдар өлүмү кыскарганы менен көрсөткүч жалпысынан жогору бойдон калып жатканы айтылган. 2022-жылы ар кандай себептерден улам Кыргызстанда бир жашка... 21.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-21T19:05+0600
2023-12-21T19:05+0600
2023-12-26T11:20+0600
кыргызстан
медицина
диляра искакова
бала
эне
ден соолук
маек
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/15/1081433439_306:628:2829:2047_1920x0_80_0_0_2f82a4d04f885412bcbece76896cc39a.jpg
Бишкекте 9 ай ичинде бир жашка чейинки 303 ымыркай чарчап калды
Sputnik Кыргызстан
№9 Эне жана баланы коргоо боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова болочок эненин ден соолугуна кайдыгер мамилесинен улам балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору экенин айтты.
Sputnik Кыргызстан редакциясында № 9 Эне жана баланы коргоо боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова болуп, өлкөдө балдар өлүмүнүн өскөн себебин түшүндүрдү. Ал болочок эненин ден соолугуна кайдыгер мамилесинен улам балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору экенин айтты. Биз Кыргызстандагы наристелердин өлүмүнүн негизги себептери жана аны алдын алуу маселелери тууралуу баарлаштык.— Борбор калаада эне менен баланын саламаттыгы боюнча абал кандай?— Бишкек шаарында тогуз айдын ичинде 16 605 ымыркай төрөлдү. Бул аралыкта бир жашка чейинки 303 наристе чарчап калган. Балдардын 87,5 пайызы, мындайча айтканда, жети күнгө чейинки 265 ымыркай төрөт үйүндө чарчаган. Басымдуу бөлүгү ара төрөлгөн балдар. Наристелер дем алуу органдарынын оорусунан, тубаса аномалиялардан (өсүүдөгү кемчиликтер, хромосомалардын бузулушу), инфекциялык илдеттерден, жаракаттан, нерв системасынын жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан улам чарчап калууда. Балдардын өлүмүнүн негизги себептери — бул перинаталдык учурда пайда болгон илдеттер. Алсак, төрөттөн кийинки мезгилде пайда болгон оорулардан 225 бала (74,3 пайызы) чарчап калса, тубаса аномалиялардан 63 ымыркай (20,8 пайызы), инфекциялык оорудан 8 наристе (2,6 пайыз), дем алуу органдарынын оорусунан бир бала (0,3 пайыз) жана башка себептерден улам 7 бала (2,3 пайыз) чарчап калган. Бул биринчи кезекте боюнда бар эненин өз ден соолугуна жакшы көӊүл бурбаганынын натыйжасы. Учурунда каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө жүрүп, айткан маалында витамин, дарыларын ичип турса бул көрүнүштөрдү алдын алат элек. Мисалы, тубаса майыптыкты фолий кислотасын ичүү менен алдын алсак болот. Аял эне болууну пландап жатканда эле фолий препаратын ичип баштаса тубаса аномалиялар кескин кыскармак. Ошону менен катар 2015-жылдан бери жүрүп жаткан кызамык, кызылча илдети да кош бойлуулар үчүн кооптуу. Аны менен ооруп калган келин жүрөгү ооруган, сокур балдарды төрөйт. Ара төрөлгөн балдар кан басымы жогору, каны аз, бөйрөгү ооруган энелерден туулат. Азыр кызамыктан төрт бала чарчады деп жатабыз, баары эмдөө албаган балдар, ичинде вакцинацияга жашы жетпегендер да бар, анткени эмдөө бир жашында жана 6 жашка чыкканда жасалат. Ошондой эле балдардын ортосундагы аралык үч жыл болушу зарыл. Муну эске албай жыл сайын төрөгөн энелер бул дүйнөгө оорукчан балдарды алып келип жатат. Төрөттөн кийин аял кишинин ден соолугу калыбына келиши үчүн үч жыл убакыт керек. Бирок эмнегедир кыргызстандык аялдар өз ден соолугуна кайдыгер. Энелердин шалаакылыгынан балдар ара төрөлөт. Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чаап жатканын түшүнүшү керек.— Бизде аялдар арасында көп чалдыккан ооруларга кайсылар кирет?— Энелердин 80 пайызынын каны аз. Кыргыздар аз кандуулукка маани бербей жүрө беришет. Анемияны дарылоо үчүн 3-6 ай үзбөй дары ичүү керек. Ага биздин чыдамыбыз жетпейт. Мындан улам баланын организмине кычкылтек жакшы барбай, наристенин өрчүшү кечендеп, мээсине кан жетпей баштайт. Төрөт учурунда кандын көп кетиши, баланын ара төрөлүшү, кан басымынын көтөрүлүүсү, төрөп жаткан эненин акыбалынын начарлап кетиши аялдын ден соолугунан көз каранды.— Каны аз энелердин баары эле ден соолугу начар бала төрөйбү?— Түйүлдүккө кычкылтек жетишпесе алгач мээ жабыркайт. Баары бир мындай балдардын эс тутуму начар болуп же сабакты өздөштүрө албай калат. Ал кийин мектепке барганда ата-энеси эле кайра "сен сабакты жакшы түшүнбөй жатасың, тентексиң" деп урушат. Мындай энелерге "буга бала эмес, өзүңөр күнөөлүүсүңөр" деп айтам.— Пландоодон көп нерсе көз каранды экен. Үй-бүлөнү пландаштырууну эмнеден баштоо керек?— Кош бойлуу кезде энеден балага өтө турган инфекциялар болот. Ушундан улам айрым 7 күндүк ымыркайлардын өпкөсү ачылбай калат. Мындай наристелер чарчабай бала болуп кетсе кийин оорукчан болуп калышы мүмкүн. Балалуу болууну пландаштыруу алдында эне да, ата да текшерүүдөн өтсө болот эле. Анализ тапшырып, кандайдыр бир инфекция табылса аны дарылап, анан балалуу болсо. Көбүнчө аталар чүрпөсүнүн жаралышына өзүнүн тиешеси жоктой жүрөт. Келечектеги баласынын ден соолугу чың болуусу үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Жубайынын боюна бүткөндөн тартып аны аяп, оор жумуш жасатпай, витаминдерди алып келип берсин. Боюна бүткөндөн тарта стрессте жүргөн эненин баласы ыйлаак болуп калат. Келиндер кош бойлуу кезде оор көтөрүшөт, кээде туура эмес тамактарды ичип коёт.— Учурунда бейтапканага каттоого турбай калуунун кесепети кандай болот?— Азыр энелер жашаган жерине карабастан каалаган ооруканасына каттоого тура алат. Дарыгерге каттоого тургандан кийин энеге сөзсүз түрдө йод жана аз кандуулуктан препараттар жазылат. Себеби кош бойлуу эне баласына өзүндөгү темир, йоддон берет. 12 жумадан баштап түйүлдүккө чейин фолий кычкылын ичкен жакшы.Эң коркунучтуусу — миграция маселеси. Бир жерде жашап жүргөндө каттоого турат да, кийин башка жерге көчүп кетип бейтапканага келбей коёт. Бала үчүн жоопкерчилик ата-эненин мойнунда. Кээде ыйлагың келген да учурлар болот. Кайдыгерликтин айынан бала эмес, энени да жоготуп алуу толук мүмкүн. Каттоого турган энелердин арасында билимсиздер да көбөйө баштады. Өз атын жаза албагандар келет. Айрым энелер удаа-удаа төрөп, өзүнө көйгөй жаратып алат.— Энелердин өлүмү да көбөйүп жатканы айтылды. Муну кантип алдын алууга болот?— Энелердин өлүмү деле баланыкындай. Кыйналып, өмүргө кооптуулук туудурган белгилер менен (кан басымы көтөрүлүп, буту шишип) төрөтканага келген энелер коркунучтуу. Анткени балага кан жакшы барбай, бала төрөлгөндөн кийин да жатындан кан кетип, жакшы жыйрылбай калат. Көбүнчө аялдарды кан токтобогондон улам жоготуп алабыз. Бул кан басымы жогору энелерде көп кезигет. Негизи төрөт учурунда дарыгерлер биринчи кезекте энени сактап калууга аракет кылышат. Бирок дарыгерлерге кеч кайрылгандыктын өлүмгө кептелген учурлар болот. Анемия, кан басымы жогору, кандайдыр бир өнөкөт оорулары же бөйрөгү ооруса эненин акыбалы тезирээк начарлайт. Адамдан адам чыгуу процесси өтө оор. Түйүлдүккө 30-32 жума болгондо ар кандай шылтоо айтып бейтапканага келген энелер бар. Өлүм учурлары ушул балдардын арасында көп кездешет.— Төрөттөн кийин эне өзүнө кантип кам көрүшү керек?— Баары жакшы болсо эне-бала 2-3 күндүн ичинде төрөтканадан чыгарылат. Андан кийин жашаган жери боюнча бейтапканага каттоого алынып, педиатрдын көзөмөлүнө өтөт. Операция менен төрөгөн аялдардын жараатынын жакшы бүтүшүнө көңүл бурулат. Ал эми өзү төрөгөн аялдардын башы ооруп, кан басымы көтөрүлүп кетпегени каралат. Бул ичте тон калып калганынын белгиси болот. Мындан тышкары, баланы туура эмес эмизүүдөн да көп оорулар келип чыгат. Ошондуктан педиатрлар алгач туура эмизүүнү, наристенин кулагын тазалоону жана кам көрүүнү үйрөтөт. Бир айга чейинки балдардын ичи акырындан көбө баштайт. Бир жашка чейинки балдардын арасында уктап жатып эле чарчап калган учур да катталат. Кусуп жатып эле кусундусуна чакап калышы мүмкүн. Ошондуктан баланы чалкасынан эмес, бир аз кырдантып жаткырат.Кыз менен эркек баланы жуунтуунун да айырмасы бар. Кыз баланын көтөнүн артты көздөй жууйт. Антпесе инфекция кирип цистит же дагы башка оорулар пайда болушу мүмкүн.
https://sputnik.kg/20230922/majyptykty-aluu-procedurasy-1078833942.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/15/1081433439_704:535:2721:2047_1920x0_80_0_0_2fb3b17c6454fc97048d37f052f0bcc3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, медицина, диляра искакова, бала, эне, ден соолук, маек
кыргызстан, медицина, диляра искакова, бала, эне, ден соолук, маек
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
19:05 21.12.2023 (Жаңыртылды: 11:20 26.12.2023) Өлкөдө балдар өлүмү кыскарганы менен көрсөткүч жалпысынан жогору бойдон калып жатканы айтылган. 2022-жылы ар кандай себептерден улам Кыргызстанда бир жашка чейинки 2 100 ымыркай чарчап калды.
Sputnik Кыргызстан редакциясында № 9 Эне жана баланы коргоо боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова болуп, өлкөдө балдар өлүмүнүн өскөн себебин түшүндүрдү. Ал болочок эненин ден соолугуна кайдыгер мамилесинен улам балдар өлүмүнүн көрсөткүчү жогору экенин айтты. Биз Кыргызстандагы наристелердин өлүмүнүн негизги себептери жана аны алдын алуу маселелери тууралуу баарлаштык.
— Борбор калаада эне менен баланын саламаттыгы боюнча абал кандай?
— Бишкек шаарында тогуз айдын ичинде 16 605 ымыркай төрөлдү. Бул аралыкта бир жашка чейинки 303 наристе чарчап калган. Балдардын 87,5 пайызы, мындайча айтканда, жети күнгө чейинки 265 ымыркай төрөт үйүндө чарчаган. Басымдуу бөлүгү ара төрөлгөн балдар. Наристелер дем алуу органдарынын оорусунан, тубаса аномалиялардан (өсүүдөгү кемчиликтер, хромосомалардын бузулушу), инфекциялык илдеттерден, жаракаттан, нерв системасынын жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан улам чарчап калууда. Балдардын өлүмүнүн негизги себептери — бул перинаталдык учурда пайда болгон илдеттер. Алсак, төрөттөн кийинки мезгилде пайда болгон оорулардан 225 бала (74,3 пайызы) чарчап калса, тубаса аномалиялардан 63 ымыркай (20,8 пайызы), инфекциялык оорудан 8 наристе (2,6 пайыз), дем алуу органдарынын оорусунан бир бала (0,3 пайыз) жана башка себептерден улам 7 бала (2,3 пайыз) чарчап калган. Бул биринчи кезекте боюнда бар эненин өз ден соолугуна жакшы көӊүл бурбаганынын натыйжасы. Учурунда каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө жүрүп, айткан маалында витамин, дарыларын ичип турса бул көрүнүштөрдү алдын алат элек. Мисалы, тубаса майыптыкты фолий кислотасын ичүү менен алдын алсак болот. Аял эне болууну пландап жатканда эле фолий препаратын ичип баштаса тубаса аномалиялар кескин кыскармак. Ошону менен катар 2015-жылдан бери жүрүп жаткан кызамык, кызылча илдети да кош бойлуулар үчүн кооптуу. Аны менен ооруп калган келин жүрөгү ооруган, сокур балдарды төрөйт. Ара төрөлгөн балдар кан басымы жогору, каны аз, бөйрөгү ооруган энелерден туулат. Азыр кызамыктан төрт бала чарчады деп жатабыз, баары эмдөө албаган балдар, ичинде вакцинацияга жашы жетпегендер да бар, анткени эмдөө бир жашында жана 6 жашка чыкканда жасалат. Ошондой эле балдардын ортосундагы аралык үч жыл болушу зарыл. Муну эске албай жыл сайын төрөгөн энелер бул дүйнөгө оорукчан балдарды алып келип жатат. Төрөттөн кийин аял кишинин ден соолугу калыбына келиши үчүн үч жыл убакыт керек. Бирок эмнегедир кыргызстандык аялдар өз ден соолугуна кайдыгер. Энелердин шалаакылыгынан балдар ара төрөлөт. Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чаап жатканын түшүнүшү керек.
— Бизде аялдар арасында көп чалдыккан ооруларга кайсылар кирет?
— Энелердин 80 пайызынын каны аз. Кыргыздар аз кандуулукка маани бербей жүрө беришет. Анемияны дарылоо үчүн 3-6 ай үзбөй дары ичүү керек. Ага биздин чыдамыбыз жетпейт. Мындан улам баланын организмине кычкылтек жакшы барбай, наристенин өрчүшү кечендеп, мээсине кан жетпей баштайт. Төрөт учурунда кандын көп кетиши, баланын ара төрөлүшү, кан басымынын көтөрүлүүсү, төрөп жаткан эненин акыбалынын начарлап кетиши аялдын ден соолугунан көз каранды.
— Каны аз энелердин баары эле ден соолугу начар бала төрөйбү?
— Түйүлдүккө кычкылтек жетишпесе алгач мээ жабыркайт. Баары бир мындай балдардын эс тутуму начар болуп же сабакты өздөштүрө албай калат. Ал кийин мектепке барганда ата-энеси эле кайра "сен сабакты жакшы түшүнбөй жатасың, тентексиң" деп урушат. Мындай энелерге "буга бала эмес, өзүңөр күнөөлүүсүңөр" деп айтам.
— Пландоодон көп нерсе көз каранды экен. Үй-бүлөнү пландаштырууну эмнеден баштоо керек?
— Кош бойлуу кезде энеден балага өтө турган инфекциялар болот. Ушундан улам айрым 7 күндүк ымыркайлардын өпкөсү ачылбай калат. Мындай наристелер чарчабай бала болуп кетсе кийин оорукчан болуп калышы мүмкүн. Балалуу болууну пландаштыруу алдында эне да, ата да текшерүүдөн өтсө болот эле. Анализ тапшырып, кандайдыр бир инфекция табылса аны дарылап, анан балалуу болсо. Көбүнчө аталар чүрпөсүнүн жаралышына өзүнүн тиешеси жоктой жүрөт. Келечектеги баласынын ден соолугу чың болуусу үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Жубайынын боюна бүткөндөн тартып аны аяп, оор жумуш жасатпай, витаминдерди алып келип берсин. Боюна бүткөндөн тарта стрессте жүргөн эненин баласы ыйлаак болуп калат. Келиндер кош бойлуу кезде оор көтөрүшөт, кээде туура эмес тамактарды ичип коёт.
— Учурунда бейтапканага каттоого турбай калуунун кесепети кандай болот?
— Азыр энелер жашаган жерине карабастан каалаган ооруканасына каттоого тура алат. Дарыгерге каттоого тургандан кийин энеге сөзсүз түрдө йод жана аз кандуулуктан препараттар жазылат. Себеби кош бойлуу эне баласына өзүндөгү темир, йоддон берет. 12 жумадан баштап түйүлдүккө чейин фолий кычкылын ичкен жакшы.
Эң коркунучтуусу — миграция маселеси. Бир жерде жашап жүргөндө каттоого турат да, кийин башка жерге көчүп кетип бейтапканага келбей коёт. Бала үчүн жоопкерчилик ата-эненин мойнунда. Кээде ыйлагың келген да учурлар болот. Кайдыгерликтин айынан бала эмес, энени да жоготуп алуу толук мүмкүн. Каттоого турган энелердин арасында билимсиздер да көбөйө баштады. Өз атын жаза албагандар келет. Айрым энелер удаа-удаа төрөп, өзүнө көйгөй жаратып алат.
— Энелердин өлүмү да көбөйүп жатканы айтылды. Муну кантип алдын алууга болот?
— Энелердин өлүмү деле баланыкындай. Кыйналып, өмүргө кооптуулук туудурган белгилер менен (кан басымы көтөрүлүп, буту шишип) төрөтканага келген энелер коркунучтуу. Анткени балага кан жакшы барбай, бала төрөлгөндөн кийин да жатындан кан кетип, жакшы жыйрылбай калат. Көбүнчө аялдарды кан токтобогондон улам жоготуп алабыз. Бул кан басымы жогору энелерде көп кезигет. Негизи төрөт учурунда дарыгерлер биринчи кезекте энени сактап калууга аракет кылышат. Бирок дарыгерлерге кеч кайрылгандыктын өлүмгө кептелген учурлар болот. Анемия, кан басымы жогору, кандайдыр бир өнөкөт оорулары же бөйрөгү ооруса эненин акыбалы тезирээк начарлайт. Адамдан адам чыгуу процесси өтө оор. Түйүлдүккө 30-32 жума болгондо ар кандай шылтоо айтып бейтапканага келген энелер бар. Өлүм учурлары ушул балдардын арасында көп кездешет.
— Төрөттөн кийин эне өзүнө кантип кам көрүшү керек?
— Баары жакшы болсо эне-бала 2-3 күндүн ичинде төрөтканадан чыгарылат. Андан кийин жашаган жери боюнча бейтапканага каттоого алынып, педиатрдын көзөмөлүнө өтөт. Операция менен төрөгөн аялдардын жараатынын жакшы бүтүшүнө көңүл бурулат. Ал эми өзү төрөгөн аялдардын башы ооруп, кан басымы көтөрүлүп кетпегени каралат. Бул ичте тон калып калганынын белгиси болот. Мындан тышкары, баланы туура эмес эмизүүдөн да көп оорулар келип чыгат. Ошондуктан педиатрлар алгач туура эмизүүнү, наристенин кулагын тазалоону жана кам көрүүнү үйрөтөт. Бир айга чейинки балдардын ичи акырындан көбө баштайт. Бир жашка чейинки балдардын арасында уктап жатып эле чарчап калган учур да катталат. Кусуп жатып эле кусундусуна чакап калышы мүмкүн. Ошондуктан баланы чалкасынан эмес, бир аз кырдантып жаткырат.
Кыз менен эркек баланы жуунтуунун да айырмасы бар. Кыз баланын көтөнүн артты көздөй жууйт. Антпесе инфекция кирип цистит же дагы башка оорулар пайда болушу мүмкүн.