Ниет, билим жана максаттын байланышы. Үй-бүлөлүк мамиле боюнча эксперттин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы үйлөнгөндөр. Архив
Жаңы үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
Кыргызда "пейилиңден табасың" дейт. Мунун өзү адамдын ниетине жараша амалы болот дегендик. Динде да, психологияда да бул жагынан бирдей түшүндүрмө берилет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова болду. Биз ниеттин жашоодогу орду тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асель СыдыковаҮй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова
Кандидат филологических наук, специалист по семейным отношениям Нуркыз Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова
— Жаңы жылдын алдында баарыбыз эле алдыбызга максат коюп, айрымдарыбыз күндөлүккө каалоо-тилектерибизди жазып коёбуз. Негизи эле тилек жана ниеттин кандай айырмасы бар?
— Ниет — бул адамдын тагдырын, келечегин аныктоочу каалоо. Ниет тууралуу белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов "орозо маалында эртең менен соорго турганыңдын өзү ниет. Ал кезде ниеттин дубасын айтпай калсаң да кабыл боло берет. Ал эми ууру же адам өлтүргөн кишинин ниети менен ууру кылуу, адам өлтүрүү максатында чыгып, бирок аны ишке ашыра албай калган адамдын ниети, күнөөсү бирдей. Экинчисинде, болгону шарты туура келбей калган. Ниет ушундай күчтүү нерсе" дегени бар. Чындыгында адам туура ниет койбосо алдыда ар кандай көрүнүштөргө кабыла берет. Ниеттин турмуштагы маңыздуулугуна маани берүү кажет. Кээ бир келиндер күйөөсүн, кайненесин жамандап, даттанып келишет. Чындыгында сүйлөшө келгенде турмушка чыгарда "кайненем мындай кылса минтем, күйөөмдү антем" деген ниети болгону аныкталат. Ал кайнене тарабынан ар бир айтылган сөздү терске жоруй берип ортодо конфликт тутандырып алат, ой материалдашып кетет. Ошондуктан ак жана кара ниет бар. Ниетиң түз болбосо, жашооң деле оң болбойт. Ниет мээде жашап, жүрөктө өнүп чыгып, анан тилибизге келгенде тилек болуп айтыла баштайт. Биз бала кезде "кедейдин жакшы кызы болуптур, кийин канзаадага жолугуп мыкты каныша болуп калыптыр" деген жомоктор менен чоңойдук. Бул билимсиз, бирок баёо сезим менен болгон жакшы ниет. Азыр коучтар "өзүңдү сүй, эч кимге ишенбе, келин болгондо укугуңду бил" деп тарбиялап жатышпайбы. Ооба, чек араңды аныктап алганың жакшы, бирок ниетти да ыйман менен азыктандырып туруу керек. Өтө эле өзүнө ишенип, чиренип кеткенде да адамдын ниети бузулуп, балээге кабылат.
Үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт: ниет мээде жашап, жүрөктөн өнөт
— Текеберчиликтин ниетке таасири тийиши мүмкүнбү?
— Текеберчиликти ар ким ар кандай түшүнөт. Бирок мен үчүн бул — психикалык оору. Аны сакайтуунун эң жакшы жолу — адамды турушу менен кабыл алууну жана сүйүүнү үйрөнүү. "Мага көп сүйлөгөндөр жакпайт, ашыкча толуп кеткендерди түшүнбөйм, мындайларды көрсөм кыжырым кайнайт" деген сөздөр — текеберликтин белгиси. Өзүн өтө эле кыйын сезе берген адамды аяш керек.
Владимир Ленин "адам коомдо туруп, коомдон тышкары боло албайт" деп айткан. Чынында эле коомдо нейтралдуу позицияны карманган адамдан коркуу керек. Ал — тигил жакка жаман көрүнүп калбашы үчүн жана бул жактыкы туура болуп кетип куру калбашы үчүн ортодо бутун керип туруп калган кооптуу адам.
— Кара ниеттен эмоционалдык жактан кантип коргонуу керек?
— Эмоцияны кармоо кыйын. Ар бир адамдан терс эмоция чыгып кетиши мүмкүн. Бирок болбогон жерден байкоосуздан кара ниет ойдун азгырыгында эмоцияга алдырып алган адам кийин кечирим сурап коюуну да билиши керек. Анан акырындан эмоцияны кармоого үйрөнүү абзел. "Жок, мен ушундаймын" деп эле эмоцияга алдырып жүрө берген жарабайт. Ошол эле учурда эмоцияга алдырган кишини ызаланып калган адам да түшүнүп, бир канча убакыт күнөөсүн мойнуна алар деп күтүп койгону оң. Болбосо биздин адамдык мамилебиз кайда калат? Максатка жетүү үчүн да максатты туура коюу керек.
© Sputnik / Асел АкматҮй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова
Руководитель академии Үй-бүлө, педагог, кандидат филологических наук Нуркыз Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, филология илимдеринин кандидаты, журналист Нуркыз Кадырбекова
— Буга максат коюунун техникалары жардам береби?
— Белгилүү психологдор "максатка жетүү үчүн биринчи өзүңдүн артыкчылыгыңды, анан кемчилигиңди жазып чык" дешет. Артыкчылыктарың өзүңдүн колуңдан эмне келерин аныктаса, ал эми максатка жетүүдө тоскоолдук жаратпашы үчүн кемчиликтериңдин үстүнөн иштөө керек. Айрымдар "жазуу речим жакшы, таланттуумун, бирок жалкоомун" дейт. Демек, жалкоолуктан арылмайын көздөгөнүңө жетпейсиң. Андан кийин маанилүү максаттар төрт багытка бөлүнөт. Руханий, сырткы келбет, үй-бүлөң жана коом үчүн жасай турганыңды айларга бөлүп жазып ал. Албетте, адам дараметине карап максат коюшу керек. Жашы 45теги аял деле "Айсулуу Тыныбековадай дүйнө чемпиону болом" деп жулуна берсе болбойт да. Демек, кийинки муундан Айсулууларды чыгарууга бет алса же кызын дүйнө чемпиону кылууга кам көрсө жарашат. Бул — реалдуу максат. Баарыбыз жылдын аягында мекенибиз, үй-бүлөбүз жана өзүбүз үчүн жакшы максаттарды коюп, аны ашырууга бел байласак көбү ишке ашат. Башкысы, ниет оң болушу керек.
— Коллективдүү ниет жана жеке ниет деген түшүнүк бар. Коллективдүү ниет ишке ашабы?
— Ишке ашат. Айрыкча жаман ниет тез ишке ашат. Аларды бир абалда турган курмандыгы бириктирет. Мисалы, митингге тез эле чогула калабыз. Же бир тарапты көздөй кеткен 500 сомдук таксиге 130 сомдон гана чыгаруу үчүн төрт жүргүнчү тез эле чогулат да. "Эгер мэр болсом шаарды оңдомокмун. Тил комиссиясынын төрагасы болсом мамлекеттик тилди өнүктүрөт элем" деп ойлонобуз. Кызмат бирөө. Бирок ар бирибиз өз позициябызда эле жакшы ниетибизди ишке ашыра берсек болот да. "Мен сүйлөгөндө башкалар мага кызыгып эне тилимди үйрөнсө же балдарымдын эне тилине болгон сүйүүсүн ойготуп, аларга мыкты үйрөтө алсам" өңдүү ниет койсок жемиштүү болор. Анткени биз реалдуу максатты көздөгөн ниет койбодукпу.
Ысык-Көлдүн жээгинде ат минип бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жан багуу туризминен көтөрүлүшүбүз керек. Максат Чакиев өнүгүү жолу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0