Аксуубай Атабаевдин ырлары менен таң атып, кеч кирчү... Залкардын сүрөттөгү элеси
Аксуубай Атабаевдин ырлары менен таң атып, кеч кирчү... Залкардын сүрөттөгү элеси
Sputnik Кыргызстан
Быйыл 22-декабрда атактуу ырчы жана обончу Аксуубай Атабаев 80 жашын белгилемек. Анын обондору эл арасында жаштык, сүйүүнүн гимни болуп калды. 22.12.2023, Sputnik Кыргызстан
Казакстандын даңазалуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш", "Чагылган" ырларынын обонун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп суктанган экен. Колумнист Алмаз Батилов залкар композитордун жеке архивинен сүрөт баяндама жасаган.Тема боюнча:
Быйыл 22-декабрда атактуу ырчы жана обончу Аксуубай Атабаев 80 жашын белгилемек. Анын обондору эл арасында жаштык, сүйүүнүн гимни болуп калды.
Казакстандын даңазалуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш", "Чагылган" ырларынын обонун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп суктанган экен. Колумнист Алмаз Батилов залкар композитордун жеке архивинен сүрөт баяндама жасаган.
Залкар комузчу Самара Токтакунова Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Аксуубай Атабаев менен бирге окуган. Ал аскерде кызмат өтөп жүргөн учурда Токтакунова "Курбулар" аттуу ырдын тексти менен обонун дирижер Эсенгул Жумабаевге көрсөтөт. Жумабаев оркестрге салып, ырчы Сабира Суранчиевага ырдатат. Жогорудагы ыр "Кыргыз радиосунун" эфиринен берилип, эл арасында абдан популярдуу болот
Аксуубай аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда өпкөсүнө суук тийгизет. 1961-жылы бул дарттын айынан Кыргызстанга кайтат. Атабаев "обондорумдун башаты — "Курбулар" ыры" дечү
Аксуубай Атабаев УТРКга берген маегинде "Он сегиз жаш" аттуу чыгарманы акын Кемел Бакашов менен биргелешип жазышканы тууралуу айткан. Бул ырдын обонун да Атабаев жазган
Атабаев акын Какен Алмазбековдун "Чагылган" аттуу ырына обон жазат. Бир аз убакыттан кийин дагы бир акын Абзий Кыдыровдун "Таалайбек" аттуу чыгармасын ырга салат
Бул чыгармалар радиодон берилип, элдик ырларга айланат. Кызыгы — аларды аткарган Шакеева өзү да 18 жашта эле. Бул үч ыр эл арасында жаштык, сүйүү жана бейкутчулуктун гимни болуп калды
1960-жылдардын аягында Казакстандын атактуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков борбор калаага Атабаев менен атайын кезигүүгө келген. Бул жолугушуунун күбөсү белгилүү журналист маркум Орузбай Абдулхакимов "казак элинин чолпон жылдызы композитор Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш" менен "Чагылган" ырларынын обондорун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп Атабаевге суктанганын айтып берген
Аксуубай кичи мекени Ак-Булуң айылында эс алып жүргөн маалда акын Абдыш Токторовдун "Тоолор" ырына обон жазат. Ыр тез жайылып кетет. Маркум кинорежиссер Дооронбек Садырбаев бул ырды Төө-Ашууда Атабаевдин аткаруусунда тарткан. Маданият ишмерлери бул чыгарманы советтик Кыргызстандын алгачкы клиби дешет