Толгонай, Асел, Сейде... Айтматовдун каармандары театр сахнасында

Жазылуу
Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу калемгердин сахналаштырылган чыгармаларындагы сүрөттөрдү сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун эмгектеринин көпчүлүгү ар кыл тилде дүйнөнүн булуң-бурчундагы театрларда коюлган. Алсак, "Кыямат" романы жарыяланары менен эле Москва эксперименталдык театр студиясында, Москвадагы "Современник" театрында, Бишкектеги орус драма театрында, Нарындагы музыкалык драма театрында көрүүчүлөргө сунушталган. Жазуучунун атагын алыска тааныткан "Жамийла" повести да сахналаштырылып, 1961-жылы "Жамийла" операсы да тартууланган.
Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести 1964-жылы Москвадагы Станиславский атындагы драма театрында коюлуп, ал спектакль менен труппа дүйнөнүн көптөгөн шаарларын кыдырган. Кыргыздар даярдаган спектакль 1965-жылы Кремль театрында көрсөтүлгөн. Андан сырткары, чыгарманын негизинде Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жамааты иштеп чыккан балет-оратория 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ошондой эле "Делбирим" повестинин негизинде композитор Владимир Власов "Асел" балетин жазып, бет ачары Чоң театрда өткөн.
Ал эми "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повести боюнча Ош кыргыз драма театры койгон спектакль 1982-жылы Тбилисидеги жалпы союздук театр фестивалында лаурет аталган. Кыргыз эл жазуучусунун "Фудзиямадагы кадыр түнү" көпкө чейин СССРдеги атактуу театрлардын репертуарынан түшпөй, дүйнөнү түрө кыдырган. 1975-жылы СССР менен "кансыз согушта" каршылашып жүргөн АКШнын Вашингтон шаарындагы "Арена стейдж" театрында көрсөтүлгөн биринчи советтик пьеса атыккан.
© Sputnik / Александр Федоров

"Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклде белгилүү актриса Даркүл Күйүкова Толгонайдын ролун аткарууда

"Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклде белгилүү актриса Даркүл Күйүкова Толгонайдын ролун аткарууда - Sputnik Кыргызстан
1/14

"Саманчынын жолу" повестинин негизинде коюлган спектаклде белгилүү актриса Даркүл Күйүкова Толгонайдын ролун аткарууда

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Бетме-бет" спектаклинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева Сейденин, Советбек Жумадылов айылдык кеңештин төрагасы Мырзакулдун образында. 1961-жыл

"Бетме-бет" спектаклинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева Сейденин, Советбек Жумадылов айылдык кеңештин төрагасы Мырзакулдун образында. 1961-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14

"Бетме-бет" спектаклинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева Сейденин, Советбек Жумадылов айылдык кеңештин төрагасы Мырзакулдун образында. 1961-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда атактуу балерина Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында

Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда атактуу балерина Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында - Sputnik Кыргызстан
3/14

Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда атактуу балерина Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында

© Sputnik / Иосиф Будневич

Казак ССРинин эл артисти Амина Умурзакова Жамийланын ролун аткарууда. Алматы шаары, 1964-жыл

Казак ССРинин эл артисти Амина Умурзакова Жамийланын ролун аткарууда. Алматы шаары, 1964-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14

Казак ССРинин эл артисти Амина Умурзакова Жамийланын ролун аткарууда. Алматы шаары, 1964-жыл

© Sputnik / Михаил Озерский

Ленин сыйлыгынын лауреаттары, жазуучулар Леонид Соболев менен Чыңгыз Айтматов. Театр ишмерлери Айтматовдун чыгармаларына көп кайрылган

Ленин сыйлыгынын лауреаттары, жазуучулар Леонид Соболев менен Чыңгыз Айтматов. Театр ишмерлери Айтматовдун чыгармаларына көп кайрылган - Sputnik Кыргызстан
5/14

Ленин сыйлыгынын лауреаттары, жазуучулар Леонид Соболев менен Чыңгыз Айтматов. Театр ишмерлери Айтматовдун чыгармаларына көп кайрылган

© Sputnik / Мирослав Муразов

"Делбирим" повестинин негизинде жаралган композитор Власовдун "Асел" балети. Ал Москвадагы Мамлекеттик академиялык чоң театрда коюлган

"Делбирим" повестинин негизинде жаралган композитор Власовдун "Асел" балети. Ал Москвадагы Мамлекеттик академиялык чоң театрда коюлган - Sputnik Кыргызстан
6/14

"Делбирим" повестинин негизинде жаралган композитор Власовдун "Асел" балети. Ал Москвадагы Мамлекеттик академиялык чоң театрда коюлган

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүү

Чыңгыз Айматов СССРдин эл артисти, "Современник" театрынын башкы режиссеру Галина Волчек менен. Залкар жазуучунун бир топ чыгармаларын москвалык режиссерлор сахналаштырган

Чыңгыз Айматов СССРдин эл артисти, "Современник" театрынын башкы режиссеру Галина Волчек менен. Залкар жазуучунун бир топ чыгармаларын москвалык режиссерлор сахналаштырган - Sputnik Кыргызстан
7/14

Чыңгыз Айматов СССРдин эл артисти, "Современник" театрынын башкы режиссеру Галина Волчек менен. Залкар жазуучунун бир топ чыгармаларын москвалык режиссерлор сахналаштырган

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүү

Кыргыз эл жазуучусунун "Фудзиямадагы кадыр түнү" Советтер Союзунун бир топ театрларынын репертуарында болгон. Москва шаары, 1973-жыл

Кыргыз эл жазуучусунун "Фудзиямадагы кадыр түнү" Советтер Союзунун бир топ театрларынын репертуарында болгон. Москва шаары, 1973-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/14

Кыргыз эл жазуучусунун "Фудзиямадагы кадыр түнү" Советтер Союзунун бир топ театрларынын репертуарында болгон. Москва шаары, 1973-жыл

© Sputnik / Мирослав Муразов

Кыргыз эл жазуучусунун эмгектери опера жана балет театрларынын сахнасына да чыккан. Москва шаары, 1967-жыл

Кыргыз эл жазуучусунун эмгектери опера жана балет театрларынын сахнасына да чыккан. Москва шаары, 1967-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/14

Кыргыз эл жазуучусунун эмгектери опера жана балет театрларынын сахнасына да чыккан. Москва шаары, 1967-жыл

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүү

СССРдин эл артисттери Даркүл Күйүкова менен Бакен Кыдыкеева "Саманчынын жолу" спектаклинде роль жаратууда. Күйүкова Толгонайды театрда ойноп жүрүп 1967-жылы СССРдин эл артисти болгон. Ал спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 30 жылдай коюлган

СССРдин эл артисттери Даркүл Күйүкова менен Бакен Кыдыкеева "Саманчынын жолу" спектаклинде роль жаратууда. Күйүкова Толгонайды театрда ойноп жүрүп 1967-жылы СССРдин эл артисти болгон. Ал спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 30 жылдай коюлган - Sputnik Кыргызстан
10/14

СССРдин эл артисттери Даркүл Күйүкова менен Бакен Кыдыкеева "Саманчынын жолу" спектаклинде роль жаратууда. Күйүкова Толгонайды театрда ойноп жүрүп 1967-жылы СССРдин эл артисти болгон. Ал спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 30 жылдай коюлган

© Sputnik / Александр Лыскин

Башкыр куурчак театры Ташкент шаарындагы фестивалда "Ак кеме" спектаклин көрүүчүлөргө сунуштоодо. 1979-жыл

Башкыр куурчак театры Ташкент шаарындагы фестивалда "Ак кеме" спектаклин көрүүчүлөргө сунуштоодо. 1979-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/14

Башкыр куурчак театры Ташкент шаарындагы фестивалда "Ак кеме" спектаклин көрүүчүлөргө сунуштоодо. 1979-жыл

© Sputnik / Стигнеев

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Челябинск шаарынын "Манекен" студенттер театрынын артисттери менен. Москва шаары, 1976-жыл

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Челябинск шаарынын "Манекен" студенттер театрынын артисттери менен. Москва шаары, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/14

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Челябинск шаарынын "Манекен" студенттер театрынын артисттери менен. Москва шаары, 1976-жыл

© Sputnik / И. Носов

Литванын Мамлекеттик жаштар драма театрынын артисттери Айтматовдун кезектеги чыгармасын театр сүйүүчүлөрүнө көрсөтүүдө. Вильнюс шаары, 1987-жыл

Литванын Мамлекеттик жаштар драма театрынын артисттери Айтматовдун кезектеги чыгармасын театр сүйүүчүлөрүнө көрсөтүүдө. Вильнюс шаары, 1987-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/14

Литванын Мамлекеттик жаштар драма театрынын артисттери Айтматовдун кезектеги чыгармасын театр сүйүүчүлөрүнө көрсөтүүдө. Вильнюс шаары, 1987-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргызстандын залкар уулу, белгилүү жазуучунун эмгектери азыркыга чейин көптөгөн театрларда коюлуп келет

Кыргызстандын залкар уулу, белгилүү жазуучунун эмгектери азыркыга чейин көптөгөн театрларда коюлуп келет - Sputnik Кыргызстан
14/14

Кыргызстандын залкар уулу, белгилүү жазуучунун эмгектери азыркыга чейин көптөгөн театрларда коюлуп келет

Тема боюнча:
Октябрь революциясынан кийинки элдин деми. Кылым карыткан сүрөттөр
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0