Аксуубай Атабаевдин кызы: атамды Рысбай Абдыкадыров "кыргыз обонунун пири" дечү
19:06 29.10.2023 (Жаңыртылды: 23:25 29.10.2023)
© Фото / из семейного архива АтабаевыхОбончу жана ырчы Аксуубай Атабаев ооруканада дарыланып жаткан учуру. Фрунзе. 1963-жыл.
© Фото / из семейного архива Атабаевых
Жазылуу
Быйыл атактуу обончу жана ырчы Аксуубай Атабаев сексен жашка чыкмак. Анын "Он сегиз жаш", "Тоолор", "Таалайбек" жана башка чыгармалары учурда классика болуп калды.
Аксуубай Атабаевдин чыгармачылыгы тууралуу колумнист Алмаз Батилов обончунун карындашы Анаркүл жана кызы Гүлзат менен маектешкен.
— Аксуубай атанын ата-энеси чыгармачыл адамдар беле?
Атыркүл Атабаева: — Агам 1943-жылы 22-декабрда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген. Бул айылдан атактуу комузчу Ыбырай Туманов менен ырчы Канымгүл Досмамбетова чыккан. Чоң атабыз Атабай Карагулов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле, кан майдандан бир көзү менен колунан ажырап келген. Чоң энебиз Кенжебай кызы Жийде жамактап ырдап, кошок кошчу экен. Таланты агама өтүп, кичине чагынан комуз чертип, ыр жаза баштаптыр. Чоң атам Атабай аны Ыбырай Тумановго ээрчитип барат. Ал агамды комуз черттирип көрүп, "балаңдын музыкага шыгы бар экен, уулуңду музыкалык жактан окутуш керек" деп кеңеш берет. Ыбырай ата чыгармачылыкка жолун ачкан десем болот. Агам согуш ардагеринин уулу болгондуктан Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатка өткөн. 9-классты аяктаган соң, борбор калаадагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын элдик аспаптар бөлүмүнө өтөт. Ошол учурда "Курбулар" аттуу ырын жазат. 1961-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, СССРдин Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Жогорудагы ырын бир мугалимине (аты-жөнү эсимде жок) нотасы менен таштап кетет. Агам Балтика аскер-деңиз флотунун борбору Кронштадт шаарында кызматын өтөп жүргөндө өпкөсүнө суук тиет. Дарыгерлер аргасыздан бир өпкөсүн кесүүгө мажбур болушат. Советтер Союзунун Аскер-деңиз флотунда 1,5 жыл кызмат өтөп, дарттын айынан Кыргызстанга кайткан. "Курбуларым" радио аркылуу берилип, элдин арасында абдан популярдуу болуп калат. Агамдын чыгармачылыгынын башаты ушул ырдан башталды. Жаш кезиндеги эң жакын шакирттери Зейнеп Шакеева менен Гүлмайрам Момушева болгон. Мисалы, "Таалайбек" аттуу ырдын сөзүн маркум акын Абзий Кыдыров жазган, обонун агам чыгарган. Ушул ырды Зейнеп Шакеева ырдаган соң, эл арасында популярдуу болду. Ошол убакта ата-энелердин көпчүлүгү жаңы төрөлгөн балдарын Таалайбек деп аташкан.
© Фото / из семейного архива АтабаевыхОбончу жана ырчы Аксуубай Атабаев, кайниси жана кызы Гүлзат менен. Фрунзе. 1975-жыл.
Обончу жана ырчы Аксуубай Атабаев, кайниси жана кызы Гүлзат менен. Фрунзе. 1975-жыл.
© Фото / из семейного архива Атабаевых
— Аксуубай ата үй-бүлөдө кандай киши эле?
Гүлзат Атабаева: — Тагдыр экен, атам иним Бакыт экөөбүздү жалгыз багып, тарбия берди. Эртең менен бизге тамак таптап жасап, мектепке жөнөтчү. Түштө биз мектептен келгенде тамак берип жумушуна кайра кетчү. Иним экөөбүз бойго жетип, үй-бүлө кургандан кийин гана атам Батма эжеге үйлөндү. Экөө 27 жыл чогуу жашады.
Бала кезде анын чыгармачылыгын түшүнчү эмесмин. "Мени бир эл жок аралга алып барып, эч ким тынчымды албаса, дагы көп чыгармаларды жазууга дареметим жетет, өмүр берип, оору-сыркоодон алыс болсом нечен ырларды жаратат элем" деп кыялданчу.
Кошунабыз, белгилүү актёр жана драматург Бакы Өмүралиев менен шахмат ойногонду жакшы көрөр эле.
© Sputnik / Асел Акмат Гульзат Атабаева: атам Рысбай Абдыкадыров менен Калыбек Тагаевдин обондорун абдан жактырчу. Үчөө курдаш эле, чыгармачылык жактан үндөшүп турушчу. Ошол убакта кыргыз тилиндеги гезиттер үчөөнү күлүктөр менен салыштырган
Гульзат Атабаева: атам Рысбай Абдыкадыров менен Калыбек Тагаевдин обондорун абдан жактырчу. Үчөө курдаш эле, чыгармачылык жактан үндөшүп турушчу. Ошол убакта кыргыз тилиндеги гезиттер үчөөнү күлүктөр менен салыштырган
© Sputnik / Асел Акмат
— Чыгарма жаралышы үчүн кандайдыр бир себептер болот экен. Эргүү тууралуу сүйлөшсөк?
А.А.: — Аскерден келген соң айылга барып "Он сегиз жаш" менен "Тоолор" ырларынын обонун жазды. "Тоого ат минип, сейилдеп чыгып бара жаткан учурда ушунчалык эргүү келди. Дароо тоодон үйгө түшүп, жогорудагы эки ырдын обонун жаздым" деп эскерип калчу. Адатта таңга жуук туруп, адегенде пианинодо ойночу, андан соң кыяк тартып, комуз чертчү. Ырды жазган акынды чакырып, кеңешип, обонго келтирүүгө умтулчу. Андан кийин чыгарма ылайык келет деген ырчыга ырдатчу, угуп кемчиликтерин оңдочу. "Жаңы жаздым" деп бизге угузчу. "Жашагым келет" деген ыры азыр да кулагымда жаңырып турат. Агам баш-аягы 200дөн ашык чыгарма жазыптыр. Анын ичинен он чакты чыгармасы классикага айланды. Атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев агамдын "Эне жөнүндө баллада" жана "Кыргыз жери" аттуу чыгармаларын АКШ жана Италияда ырдап чыккан.
© Фото / из семейного архива АтабаевыхОбончу жана ырчы Аксуубай Атабаев (3-катарда сол жактан үчүнчү) филармониянын оркестри менен гастролдо жүргөн учурда. Ысык-Көл аймагы. 1975-жыл.
Обончу жана ырчы Аксуубай Атабаев (3-катарда сол жактан үчүнчү) филармониянын оркестри менен гастролдо жүргөн учурда. Ысык-Көл аймагы. 1975-жыл.
© Фото / из семейного архива Атабаевых
1982-жылы агам борбор калаадагы орто кесиптик окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп 20 жыл иштеди. Бул убакыт аралыгында өздүк чыгармачылык топторду уюштуруп, ошол жактан Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлзат Байзакова, Майрам Дүйшекеева өңдүү ырчылар чыкты. Азыркы учурда Майрам агамдын көп ырларын ырдап жүрөт. Айрым эстрада ырчыларынын ырдаганын угуп "ырдын сөзү менен обонунун маанисин такыр кетирди, буларды Маданият министрлиги менен Улуттук телерадиокомпаниянын көркөм кеңеши көзөмөлгө алып, бир нукка салбайбы" деп абдан нааразы болчу.
— Аксуубай ата Рысбай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев менен замандаш эле да. Айрымдар үчөө курдаш болгон десе, кээси ортосунда атаандаштык бар эле дешет...
Г.А.: — Атам Рысбай Абдыкадыров менен Калыбек Тагаевдин обондорун абдан жактырчу. Үчөө курдаш эле, чыгармачылык жактан үндөшүп турушчу. Ошол убакта кыргыз тилиндеги гезиттер үчөөнү күлүктөр менен салыштырган. "Үч күлүк катуу жарышып келе жатат, бири-биринен ашып, бирок Атабаевдин боз жоргосу марага биринчи келчүдөй, эч кимге жеткирбейт" деп жазышкан. Абдыкадыров КТРден берген маегинде Аксуубай Атабаев кыргыз обонунун пири деп тамшанып, атама суктанып жогорку баасын бериптир. Үчөө бири-бирине өмүр бою жакшы санаалаш болду. Эрди эр гана баалайт деген кыска сөз менен үчөөнө так мүнөздөмө берсе болот.
© Фото / из семейного архива АтабаевыхОбончу жана ырчы Аксуубай Атабаев (сол жактан экинчи) жубайы Батма, Майрам Дүйшекеева, кызы Гүльзат, жээни жана күйөө баласы менен. Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2007-жыл.
Обончу жана ырчы Аксуубай Атабаев (сол жактан экинчи) жубайы Батма, Майрам Дүйшекеева, кызы Гүльзат, жээни жана күйөө баласы менен. Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2007-жыл.
© Фото / из семейного архива Атабаевых
Атам көр оокатка такыр кызыккан эмес, атак-даңкка жулкунган жок, жупуну жашады. Өмүрүнүн акырында көп ооруп, ооруканада жатып калды. Ошондо ичер суусу аз калганын сезген окшойт. "Мен өлсөм да ырларым менен обондорум элдин жүрөгүндө калат" деп айтканы эсимде. Тилекке каршы, биздин тукумдан анын жолун улаган эч ким чыккан жок. Бирок атамдын ырлары менен обондорун калың элдин ырдаганы жүрөктү жылытат. Бишкек менен Караколдогу айрым тойлордо Аксуубай Атабаевдин кызымын деп ырдаган ырчыларды угуп алып күлкүбүз келет. Муну менен алар ого бетер атамдын зоболосун көтөрүп жатышат деген ой менен өзүбүздү жооткотобуз. Анын 80 жылдыгына арналган концертти өткөрүү боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго өтүнүч менен кайрылгам. Быйыл ал Маданият министрлигине атамдын концертин өткөрүү тууралуу тапшырма берди. Аманчылык болсо концерт 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.