Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Ата мекендик кинематографисттер кесиптик майрамын кечээ, 17-ноябрда, болсо да алардын эмгектери тынбай сөз кылууга татыктуу. Sputnik Кыргызстан агенттиги... 18.11.2023, Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн токтому менен 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында кинохроника студиясы уюштурулган. Мекеме согуш маалында кыргыз, орус тилинде "Советтик Кыргызстан" киножурналын тартып, бара-бара толук метраждуу көркөм, даректүү тасмаларды жарата баштаган.60-жылдары Москвадан билим алган кыргыз жаштары Кыргызстанга келип өз кинофильмдерин жаратуу боюнча иштеген. Алардын катарында Лилия Турусбекова, Фатима Мамуралиева, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев болгон. Дымактуу киночулар "кыргыз кереметин" жаратып, ар кыл жанрдагы мыкты кинокартиналар менен эл аралык кинофестивалдарга катышкан. Мисалы, Океевдин "Көк сереги" Оскар сыйлыгына көргөзүлүп, Шамшиевдин "Бөрү зындан" кинофильми мамлекетке 100 миллион доллардан ашык киреше алып келген.Ал эми 70-80-жылдары ата мекендик кинематографисттер далай шедеврлерди жаратып, чет элдик студиялар менен кызматташууга жарап калган. Союз маалында Кыргызстанда жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм тартылып, атагы алыска кеткен.Тема боюнча:
Ата мекендик кинематографисттер кесиптик майрамын кечээ, 17-ноябрда, болсо да алардын эмгектери тынбай сөз кылууга татыктуу. Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга "кыргыз кереметин" жараткан залкарлардын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Өкмөттүн токтому менен 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында кинохроника студиясы уюштурулган. Мекеме согуш маалында кыргыз, орус тилинде "Советтик Кыргызстан" киножурналын тартып, бара-бара толук метраждуу көркөм, даректүү тасмаларды жарата баштаган.
60-жылдары Москвадан билим алган кыргыз жаштары Кыргызстанга келип өз кинофильмдерин жаратуу боюнча иштеген. Алардын катарында Лилия Турусбекова, Фатима Мамуралиева, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев болгон. Дымактуу киночулар "кыргыз кереметин" жаратып, ар кыл жанрдагы мыкты кинокартиналар менен эл аралык кинофестивалдарга катышкан. Мисалы, Океевдин "Көк сереги" Оскар сыйлыгына көргөзүлүп, Шамшиевдин "Бөрү зындан" кинофильми мамлекетке 100 миллион доллардан ашык киреше алып келген.
Ал эми 70-80-жылдары ата мекендик кинематографисттер далай шедеврлерди жаратып, чет элдик студиялар менен кызматташууга жарап калган. Союз маалында Кыргызстанда жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм тартылып, атагы алыска кеткен.
Ак кар, көз музда өжөрлөнө иштеп "Ак илбирстин тукумун" жараткан киночулар: режиссёр Төлөмүш Океев, оператор Нуртай Борбиев, Марс Умаров. Кегети капчыгайы, 1984-жыл
Айтылуу кинорежиссёр Альгимантас Видугирис белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов менен гидроэнергетиктер жөнүндө тасма тарткан. Видугирис көп жыл Кыргызстанда жашап даректүү фильмдерди жараткан
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы "Казак фильмдин" чакыруусу менен "Көк серек" көркөм фильмин тарткан. Ал жылдары кыргыз киночуларына суроо-талап жогору болгон. Сүрөттө Океев чыгармачыл топ менен Казакстандын ээн талаасында иштеп жаткан учуру
Шедевр фильм "Ак кемени" тарткандар: тапанча көтөргөн Болот Шамшиев, калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов, көз айнекчен Манасбек Мусаев жана анын ассистенти Самиджан Хусанбаев