Суусамыр — Тараз жолуна 30 млн. доллар кредит берилет. Жапаров мыйзамга кол койду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архивдик сүрөт
Жол оңдоо иштери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Келишимге 24-апрелде кол коюлган. Ал эми аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш жети айдан кийин кабыл алган.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 чакырым" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Келишимге 24-апрелде кол коюлган. Ал эми аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-ноябрда кабыл алган. Сауд өнүктүрүү фонду келишимдин алкагында Кыргызстанга 30 миллион доллар (112,5 миллион сауд риалы) бөлөт. Бул каражат долбоордун бир бөлүгүн каржылоо үчүн бөлүнөт.
Авариялык абалдагы мектеп. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
ӨКМ 73,6 млн. доллар кредит алып авариялык 40 мектептин ордуна жаңысын курат
Жаңылыктар түрмөгү
0