Бишкекте көмүр канчадан, кайда сатылып жатат? Даректер

© Sputnik / Александр ПатринЖүк ташуучу унаа көмүр түшүруп жатат. Архивдик сүрөт
Жүк ташуучу унаа көмүр түшүруп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
Казакстандын "Кара-Жыра", "Шабыркүл" көмүрлөрүнүн бир тоннасы 6 000 сомдон, Кыргызстандын "Кара-Кече" көмүрү 4 700 сомдон жогору сатылып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы көмүр саткан базалардын даректерин жана коюлган бааларды жарыялады.

Ленин району

Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4 700 сомдон;
Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде "Кара-Жыра" көмүрүнүн тоннасы 6 000 сомдон;
Мурманск көчөсү, 122 жана 122А даректеринде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5 500-6 500 сомдон жогору;
Мурманск көчөсү, 1Б дарегинде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5 500 сомдон;
Дэн Сяопин проспектиси, 306А дарегинде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4 700 сомдон;
Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5 800 сомдон;
Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги "Шабыркүл" көмүрүнүн тоннасы 6 000 сомдон;
Алыкулов көчөсү, 6Б дарегиндеги "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4 700 сомдон сатылууда.

Биринчи май району

"Ак-Босого" конушу, Профессор Зима көчөсү,156а дарегинде 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6 000 сом;
Чүй көчөсү, 23 дарегиндеги үйдө 1 кап көмүр 230 сом;
Щербаков көчөсү, 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом, 1 тоннасы 6 000 сомдон, тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сомдон;
"Алтын-Бешик" конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сом, тоннасы 6 000 сомдон;
Дэн Сяопин проспектиси, 531 дарегинде 1 кап көмүр 280 сомдон;
Тынчтык конушу, 12-көчө, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон;
Калыс-Ордо конушу, 106-көчө, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон сатылууда.

Свердлов району

Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 тонна көмүр 6 200 сомдон;
Айланма жолдун боюндагы Келечек конушунда "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сомдон сатылууда.

Октябрь району

"Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы Төкөлдөш конушу, "Аламүдүн" станциясында Казакстандын "Кара-Жыра" көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6 200 сом;
Кара-Жыгач конушу Лев Толстой көчөсүндө "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 4 700 сом;
Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү жана 2-көчөдө "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 6 000 сомдон сатылып жатат.
Көмүр казуучу ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Кыргызстандын көмүрдү сырттан алуусу эки эсеге азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0