Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Токиого турнирге барат

© Фото / Департамент физической культуры и спорта КРКыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасы
Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Мелдешке өлкөнүн атынан алты спортчу аттанат.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Токиодо өтө турган Tokyo Grand Slam 2023 мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Tokyo Grand Slam 2023 аталышындагы мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Ханболот Ырысбеков (60 кг.):
Кубанычбек Айбек уулу (66 кг.);
Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг.);
Арсений Кладнов (81 кг.);
Асад Масабиров (81 кг.);
Эрлан Шеров (90 кг.).
Спортчуларды башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов менен улук машыктыруучу Сергей Кладнов коштоп барат.
Курама команда андан ары 11-декабрга чейин Токио шаарында машыгуу өткөрөт.
Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева кадеттер арасында Азия чемпиону болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева Азия чемпиону болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0