ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3,5 пайызга өстү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүӨнөр жайда иштеген кызматкерлер. Архивдик сүрөт
Өнөр жайда иштеген кызматкерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз ай ичинде 0,7 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 2023-жылдын тогуз айында Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жайөндүрүшүнүн көлөмү 3,5 пайызга өскөнүн ЕЭК билдирди.
"2023-жылдын январь-сентябрында Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын көрсөтүлгөн ушул айларындагы деңгээлге салыштырмалуу103,5 пайызды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Өнөр жай өндүрүшү Беларуста – 8,1 пайызга, Казакстанда – 4,4 пайызга, Россияда – 3,3 пайызга, алэми Кыргызстанда 0,7 пайызга өскөнү байкалды. Бирок ошол эле учурда Арменияда 0,6 пайызга төмөндөгөн.
Жумуш вакнсияларды издеп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
ЕАЭБде жумушсуздук 14,2 пайызга кыскарды
Жаңылыктар түрмөгү
0