https://sputnik.kg/20231110/kazakstan-ehks-ministr-ayalyn-olturuugo-shekteluudo-1080324210.html
ЖМК: Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды
ЖМК: Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
Полиция ресторанда мушташ болгонун гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн баш тарткан. 10.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-10T00:10+0600
2023-11-10T00:10+0600
2023-11-10T00:10+0600
дүйнөдө
казакстан
полиция
министр
аял
өлүм
куандык бишимбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/09/1080323092_0:0:1100:619_1920x0_80_0_0_328e9c18e99926d94671cd3b23c77899.jpg
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалганын Sputnik Казакстан РК басылмасына шилтеме берип жазды.ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас абалында аялын сабап салганын, ал тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.Ал эми өлкөнүн ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн, анын ичинде мурдагы аткаминердин атын атоодон баш тартышканын Sputnik Казакстан белгиледи.Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан.
https://sputnik.kg/20230801/almaty-ort-terezeden-sekirgen-adamdar-1077486590.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/09/1080323092_0:0:1100:825_1920x0_80_0_0_a8a3961204b54c71e42a1e2872779c49.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, казакстан, полиция, министр, аял, өлүм, куандык бишимбаев
дүйнөдө, казакстан, полиция, министр, аял, өлүм, куандык бишимбаев
ЖМК: Казакстанда мурдагы министр аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды
Полиция ресторанда мушташ болгонун гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалганын
Sputnik Казакстан РК басылмасына шилтеме берип жазды.
ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас абалында аялын сабап салганын, ал тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.
Ал эми өлкөнүн ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктап, башка маалыматтарды берүүдөн, анын ичинде мурдагы аткаминердин атын атоодон баш тартышканын Sputnik Казакстан белгиледи.
“Шаардагы ресторандардын биринде кардарлар ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, – деген полиция.
Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан.