00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Путин: Газада көз жумган бөбөктөрдү көргөндө муштум түйүлөт

© AP Photo / Ariel SchalitГаза секторунда Израилдин аба соккусунан кийин түтүн көтөрүлүүдө
Газа секторунда Израилдин аба соккусунан кийин түтүн көтөрүлүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
Save the Children берген соңку маалыматтарга караганда, Газа тилкесинде каза тапкандардын 40 пайызы балдар.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин палестин-израиль чатагындагы балдардын, медиктердин каза болуп, улгайгандардын азап тартканын көргөндө муштум түйүлүп, бирок эмоцияны эрксизден катып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Балдардын канга чыланганын, каза болгонун, картаңдардын, аялдардын азапка түшкөнүн, медиктердин көз жумуп жатканын көргөндө, албетте, көзгө жаш айланып, муштум түйүлөт. Башка эч нерсе дей албайсың. Бирок биз эмоцияга алдырганга укугубуз жок, андайга жол бере албайбыз", — деди Путин.
Бүгүн Россия президенти РФтин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, Дагестандагы башаламандык менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашкан.
"Жакынкы Чыгыш элинин жана дүйнөнүн башка аймактарынын трагедиясынын артында чындыгында ким турарын, өлүм жыттанган башаламандыкты ким уюштуруп жатканын, ал кимге пайда алып келерин жакшылап түшүнүш керек", — деди Путин.
Газа тилкесинде Израиль тараптын бомбалоосунан каза тапкандар арбыса, алардын 40 пайызга жакыны балдар экени айтылууда. Буга чейин Save the Children уюму акыркы 17 күндө Газа тилкесинде жана 27 күндө Иордандын Батыш жээгинде кеминде эки миңден ашык бала көз жумгандыгын билдирген. Аталган уюмдун директору Жейсон Ли бөбөктөрдүн өмүрүн алып жаткан апаатты токтотууга чакырган.
"Газа тилкесинде акыркы үч аптада каза тапкан кичинекейлердин саны 2019-жылдан тарта 20 мамлекетте болгон бардык куралдуу чатактарда өлтүрүлгөн балдардан ашты", — деп айтышкан уюмдан.
Алар өлтүрүлгөн бөбөктөрдүн мындан да арбышы мүмкүндүгүн, дагы 1000 бала дайынсыз болуп жаткандыгын, кичинекейлердин уранды алдында калышы ыктымалдыгын билдиришкен.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 8000ден ашты, 18 миң жай тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар беш миңден ашканы кабарланды.
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Путин: Батышка Жакынкы Чыгыштагы башаламандык жагып турат
Жаңылыктар түрмөгү
0