Газада үч жумада көз жумган балдардын саны төрт жылдан берки согуштагыдан ашты

© SputnikИзраилдин Газадагы турак жайларга жасаган соккуларынын кесепеттери
Израилдин Газадагы турак жайларга жасаган соккуларынын кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Эл аралык уюм Газа тилкесинде каза тапкандардын 40 пайызы балдар экенин билдирүүдө.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Газадагы согушта үч аптада каза болгон балдардын саны 2019-жылдан тарта дүйнөдөгү бардык кандуу кагылыштарда көз жумган кичинекейлерден ашты. Бул тууралуу эл аралык Save the Children кайрымдуулук уюмуна таянып РИА Новости жазды.
Буга чейин Save the Children уюму акыркы 17 күндө Газа тилкесинде жана 27 күндө Иордандын Батыш жээгинде кеминде эки миңден ашык бала көз жумгандыгын билдирген. Аталган уюмдун директору Жейсон Ли бөбөктөрдүн өмүрүн алып жаткан апаатты токтотууга чакырды.
"Газа тилкесинде акыркы үч аптада каза тапкан бөбөктөрдүн саны 2019-жылдан тарта 20 мамлекетте болгон бардык куралдуу чатактарда өлтүрүлгөн балдардан ашты", — деп айтылат уюм жарыялаган билдирүүдө.
Save the Children берген маалыматтарга караганда, Газада каза тапкандардын 40 пайызы балдар. Уюм өлтүрүлгөн балдардын мындан арбышы мүмкүндүгүн, дагы 1000 бөбөк дайынсыз болуп жаткандыгын, алардын уранды алдында калышы ыктымалдыгын билдирди.
"Зомбулуктун үч аптасы балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратты. Сандар жүрөк титиретет, бирок Газадагы кандуу булоон уланууда... Андыктан балдардын көбү кооптуулукта", — деген Save the Children уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болду дегенден бери курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 8000ден ашты, 18 миң жай тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар беш миңден ашканы кабарланды.
БУУнун Башкы ассамблеясы Палестина-Израиль жаңжалы боюнча аймакта ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. 120 өлкө, анын ичинде Кыргызстан "макул" деген добушун берген. Ал эми АКШ, Израиль каршы болгон. Мындан тышкары, Австрия, Чехия, Хорватия, Венгрия болуп жалпы 12 өлкө резолюцияга макул болгон эмес.
Дүйнөдө көп өлкөлөр Израиль тараптан Газа аймагына жасалып жаткан куралдуу аракеттерге нааразылыгын билдирүүдө. Түркия лидери Эрдоган Түркиянын мамлекет башчысы Израилдин Газага карата чабуулун геноцидге тең деп сыпаттады. Ал эми Кыргызстандын борбору Бишкекте Палестинаны колдоо митинги өтүп, аталган аймакка тилектештигин билдиришип, согуш отун токтотууга чакырык салышты.
Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунан кийин түтүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
ДССУ Газадагы бейтаптарды эвакуациялоого мүмкүн эместигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0