00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Туура тамактануунун орду чоң. Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен кантип туура алектениш керек?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Филологи, философы, медиаспециалисты — кого готовят в КРСУ сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Талантливая молодежь и нехватка простого оборудования: беседа о работе Национального онкоцентра
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки баласы менен киши колдуу болгон аял. Аширалиев окуя кандайча болгонун айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыпталуучу сот отурумунда. Архивдик сүрөт
Айыпталуучу сот отурумунда. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
Шектүү сотто үч адамды өлтүргөнүн мойнуна алды.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Чынтемир Аширалиев бүгүнкү сот отурумунда эки баласы менен аялды өлтүргөнүн мойнуна алды.
Эскерте кетсек, үрөй учурган каргаша үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү 5-кичи райондогу батирлердин биринде болгон. Анда 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектелип УКМКнын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.
Сотто шектүүнүн кылмыш болгон үйгө барып тергөөчүлөргө каргаша тууралуу айтып берген видеосу көрсөтүлдү.
Анда айыпталуучу 5-кичи районго барып үйгө кантип киргенин көрсөтүп берген.
“Ашканага кирип столдогу аракты куйгам, Канзаманова аркы бөлмөдө кызын тилдеп жатты. Ызы-чуу болуп кеткенинен чыксам чачташып турушуптур. Алтынайды сүйрөп алып чыгып, балдарга уктай бергиле дедим. Арактан кийин вино куюп бердим. Ашканадан кызына дагы деле кыйкырып жатты. Мен рулда болгондуктан ичкен жокмун. Кеттим десем мени да чапкылады. Столдо бычак турган. Алтынай “өлтүрөм, мага мындай кыздын кереги жок” деп чуркап жатты. Катыныңа, туугандарыңа, кесиптештериңе кандай мамиледе жүргөнүбүздү айтып, уят кылам деди. Бычакты кандай алганым эсимде жок. Отурган жеринен “успокойся” деп артына сайдым. Канча жолу сайганым эсимде жок, аял жатып калды. Шок абалында беш мүнөт турдум окшойт”, — деди Аширалиев.
Андан соң уулу уктап жаткан бөлмөгө киргенин айтты.
“Салим (7 жаштагы уулу) уктап жаткан бөлмөгө кирип, аны муунта баштадым. Оозун жаздык же колум мененби, бастым. Эсин жоготту. Сайкалга келсем уктабай эле жатыптыр. Ыйлаган үн менен эмне болду деди. Залга чык дедим. Турганда артынан колумду моюнуна салып муунттум. Жыгылды. Аркы бөлмөдөн бычак алып келип Сайкалдын ич жагына сайдым. Ал эки колу менен бычакты кармап өлтүрбөңүзчү деди. Жатып калганда ары баскам. Салимге кирип жанында отурдум. Бир канча убакыт өткөндө машинанын сигналы иштеди. Барсам Сайкал жок экен, айнекти карасам жерде жатыптыр. Чуркап сыртка чыктым. Сайкалды подъезддин жанына катып коюп домофонду бастым. Кирип жатканда камераны көрдүм. Сырттан балта таап, камераны чаап салдым. Анан Сайкалды алып кирип апасынын бөлмөсүнө жаткырдым”, — деди айыпталуучу.
Ал тышка чыгып дубалдардагы кандарды сүрткөнүн айтты. “Эшикке чыгып тепкич, дубалдардагы канды сүрдүм. Эшикти карап келдим. Кайра Салимдин жанына барып отурдум. Оюнчугун кармап, үстүн жаптым. Сайкалда бармак изи калды деп душка алып бардым. Минтип ваннага жаткырып, колум менен бетин жуудум. Сууну ачып койдум. Кайра Салимге барып отурдум. Канча убакыт өткөнүн билбейм. Ал дем алган эмес”, — деди Аширалиев.
Тергөөчүнүн “Медициналык жардам берсе сактап калса болот беле?” деген суроосуна айыпталуучу “Жок, Салимдин жанында көпкө отурдум, колу муздак болчу. Милицияга эч доом жок, ыктыярдуу айтып берип жатам. Мен өзүм милицияга келейин деп жаткам. Жасалган ишке өкүнөм, кечээ уктабай күттүм” деди.
Ал эми “үч адамды сиз өлтүрдүңүз беле?” деген тергөөчүгө Аширалиев “ооба” деп жооп берди.
Үчөөнүн өлүмүнүнө шектелген Чынтемир Аширалиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Эки баласы менен киши колдуу болгон аял. Үчөөнүн өлүмүнүн себеби аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0