00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Медетов: кыргыз адабиятынын калыптанышына Кеңеш өкмөтүнүн салымы зор

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов Октябрь революциясы кыргыз эли үчүн прогрессивдүү болгонун айтты.
Кыргыз профессионал жазма адабиятын Кеңеш өкмөтү түзүп берген шарттын негизинде пайда болгон адабият десек болот. Мындай пикирин Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Медетов: кыргыз адабиятынын калыптанышына Кеңеш өкмөтүнүн салымы зор
Анын айтымында, Советтер Союзу кабыл алган алгачкы декреттердин бири элдин сабатсыздыгын жоюу болгондуктан адабиятка өзгөчө көңүл бурулган.
"Үркүндөн өз мекенине кайтып келген кыргыздарга Кеңеш өкмөтү жерлерин кайтарып берип, элдин сабатсыздыгын жоюуга басым жасаган. Октябрь революциясынын чакырыгы эркиндик, теңдик жана биримдик болгон. Мунун алкагында аялдар азаттыгына өзгөчө көңүл бурулган. Элди агартуу иштери колго алынып, негизги курал катары жазма адабият кызмат көрсөткөн. Кеңеш өкмөтүнүн түзгөн жагымдуу шарттарынын негизинде 1920-жылдардан тартып профессионал кыргыз жазма адабияты өнүккөн десек болот. Проза, поэзия, драматургия, айтор, адабияттын бардык жанрларында чоң-чоң чыгармалар жазылган. Ушул жылдары эле Ысык-Көлдө, Пишпекте театр труппалары ачылган. Албетте, алгачкы адабий продукциялар ошол кездеги бийликтин чакырыктарынын негизинде эле. Мисалы, Аалы Токомбаев менен Бөрү Кененсарин ( Бөрүбай Кенесариев — ред.) биригип жазган "Аялдар айнеги" чыгармасы жана башка ушул сыяктуу аялдар эркиндигин чагылдырган эмгектер биригип "Кызыл гүл" деген жыйнак жарык көргөн. 1930-жылдарда жарык көргөн Жусуп Турусбековдун "Ленин жолу" аттуу атактуу ыры ушунчалык көркөм жазылган. Ошол кезде болуп жаткан процесстерди укмуш таланттуу сүрөттөгөн чыгарма болуп саналат. Эстетикалык жактан да мыкты чыгарма катары ушул күнгө чейин кала берет . Ушул эле автордун "Ук, Жер жүзү" чыгармасы да кыргыз профессионал жазма адабиятынын ошол замандагы визиттик карточкаларынын бири болгон. Ар кандай топторго биригип жазып жүрүшкөн акын, жазуучуларды өкмөт чогултуп, жер-жерлерде жазуучулар союздары түптөлгөн. Бир аз шыгы бар жаштардын баарын ал жакка мүчөлүккө катташкан. Жакшы гонорар төлөнүп, китептерин мамлекет чыгара баштаган", — деди Медетов.
Адабиятчы 1927-жылы Касым Тыныстановдун демилгеси менен "Жаңы маданият жолунда" журналы ачылып, андан сырткары, "Чабуул", "Эркин Тоо" сыяктуу бир топ кыргыз тилдүү гезит-журналдар чыга баштаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0