Кышкысын жарык кандай учурда өчүрүлүшү мүмкүн?
Жазылуу
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу ишкананын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы тууралуу айтып берди.
Эгерде кышында аба ырайы бузулуп же абоненттердин энергияны керектөөсү өтө жогору болуп, жабдыктар иштен чыгып авария болушу күтүлүп жатса, жарык убактылуу өчүрүлүшү ыктымал. Себеби жабдуу абдан кымбат. Бул тууралуу Уларбек Дүйшө уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кышкысын жарык кандай учурда өчүрүлүшү мүмкүн?
Анын айтымында, акыркы жарым жылдыкта электр энергиясын колдонуучулардын саны 10 пайызга өстү.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкө боюнча 1 миллион 500 миӊдей абонентти тейлейт. Анын ичинен 1 миллион 432 миӊи — жеке (294 миӊи көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары), ал эми 107 миӊ абонент — юридикалык тарап. Бүгүнкү күндө өлкөдө 8 039 көп кабаттуу үйдүн 5239у борбордук жылуулукка туташылган. Калган 2 800 үйгө электр энергиясын колдоонууда чектөө болбойт. Учурда 156 миӊ абонент үч фазалуу системадагы электр энергиясын колдонот. Жыл сайын ар бир абонент менен (бир фазалуу) эки тараптуу келишим түзүлүп, анда бир саатта 5 киловатт электр энергиясын керектөөсү көрсөтүлөт. Акылдуу эсептегичтер лимиттен өткөндө автоматтык түрдө өчүрүп коет. Андыктан абонент бир эле учурда электр приборлорунун баарын сайып албай үнөмдүү, туура пайдаланууну билиши шарт. Жалпысынан өлкө боюнча 1 миллион 573 миӊ эсептегич болсо, анын 318 миӊ 890 даанасы — акылдуу эсептегичтер. Ош, Нарын, Чолпон-Ата жана Караколдо ЕАӨБ программасынын негизинде 75 миӊ даана акылдуу эсептегич орнотулду. Октябрь ичинде дагы 40 миӊ эсептегич коюлат. Ал эми биздин ишкана 82 миӊдей акылдуу эсептегич коюу үчүн тендер жарыялады", — деди Дүйшө уулу.
Ал 2023-жылы күз-кыш мезгилинде жарыкты себепсиз өчүрүү болбой турганын кошумчалады.