Ак-Талаада 7 жыл мурун аргасыз жабылган бала бакчанын ордуна жаңысы салынууда

© Фото / Ак-Талинская районная администрацияСтроительство детского сада в селе Ак-Тал
Строительство детского сада в селе Ак-Тал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Жазылуу
Мурдагы бала бакча 2016-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга кептелип, жабык турган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын имаратын куруу иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
© Фото / Ак-Талинская районная администрацияНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын имаратын куруу иштери башталды.
Строительство детского сада в селе Ак-Тал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын имаратын куруу иштери башталды.
Курулушка республикалык бюджеттен 75 миллион сом бөлүнгөн. Аны тендерден "Кайыңды М" курулуш компаниясы уткан.
Бул айылдагы бала бакча 1961-жылы "Ашар" ыкмасы менен салынган. Ал 2016-жылдын январында болгон жер титирөөдө пайдубалы, дубалдары жарылып авариялык абалда кептелген эле. Мындан улам айылдыктар менчик үйгө ижара төлөп бала бакча катары иштетип келген.
Учурда административдик-аймактык реформанын жүрүшү менен Ак-Тал айыл өкмөтүнүн бошогон имараты бала бакча иштетүүгө өткөрүп берилген. Учурда имараттын оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Анда жалпы 60 бала үч тайпада тарбияланат жана 18 кызматкер иштейт.
Баткенде пайдаланууга берилет турган мектеп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Баткенде окуу жылында 5 мектеп пайдаланууга берилет. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0