Стенин-2023 сынагы: онлайн добуш берүүдө индиялык эмгек жеңишке жетти

© Photo / stenincontest.ru / Кабир ДхангьяниКабир Дхангьяни фотографтын "Жумна дарыясындагы чардактар" сүрөтү
Кабир Дхангьяни фотографтын Жумна дарыясындагы чардактар сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.
БИШКЕК, 8-авг. – Sputnik. Август айынын башында Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагы онлайн добуш берүү өнөктүгүн соңуна чыгарган. Анын жыйынтыгында индиялык журналист Кабира Дхангьянинин "Жамна дарыясындагы ак чардактар" деп аталган сүрөтү жеңүүчү аталды.
Автор өзүнүн эмгегин "Эркек киши Нью-Делидеги Жамна дарыясынын жээгинде кайык менен сүзүп бара жатат. Кышында Индияга келгин куштар жайгашат. Октябрда аларды өлкөнүн бардык аймактарынан көрүүгө болот. Ал эми март айында кайра учуп кетишет" деп сүрөттөгөн.
Интернет колдонуучулардын добуш берүүсү боюнча алдыңкы беш мыкты эмгектин тизмесинде россиялык жана бурундиялык репортёрлор бар. Фабриса Мбонанкиранын (Бурунди) "Уктап жаткан ханышалар" аттуу сүрөт сериясы экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орундар россиялык Пелагия Тихонованын "45-жылды эскерүү" жана Евгения Филиппованын "Жеке жарыш" аттуу эмгектерине берилди. Бешинчи сапка дагы бир индиялык фотограф, фотооператор Сайяна Адхикари "Жоголуп бара жаткан салт" деп аталган эмгеги менен илинди.
Кыска тизменин байгелүү орундарынын номинанттары менен баш байге ээси сынактын уюштуруучу комитети тарабынан сентябрь айында сайты аркылуу жарыяланат. План боюнча жеңүүчүлөргө дүйнөнүн шаарларына жыл соңуна чейин роуд-шоу уюштурулат.

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Андрей Стенин атындагы сынакта катышкан сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Андрей Стенин атындагы сынак 2023-жылдын кыска тизмесин жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0