Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Херсондо жүргөн РФ министри украин күчтөрүнүн соккусу алдында кала жаздады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын вице-премьери, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров. Архив
Россиянын вице-премьери, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Мантуровдун Херсонго келгенин билгенден кийин украин пабликтери вице-премьерди кийинки келишинде "тосуп алышарын" айтып опузалоого өтүшкөн.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Херсон облусунда жүргөн Россиянын вице-премьери, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Украина Куралдуу күчтөрүнүн соккусу алдында кала жаздады. Аткаминер узап кеткенден көп өтпөй бул жерге сокку урулганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин маалыматты Telegram-каналдар жарыялаган. Министрдин сокку урулган жерде региондун жетекчилиги менен жашоочуларга жардам көрсөтүү маселесин талкуулаганын министрликтин өкүлдөрү да тастыктады.
Мантуровдун Херсонго келгенин билгенден кийин украин пабликтери вице-премьерди кийинки келишинде "тосуп алышарын" айтып опузалоого өтүшкөн.
Эскерте кетсек, 6-июнга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү Каховка ГЭСин аткылап, станциянын жогорку бөлүгүн кыйратышкан. Суу акканы менен дамба жарылган эмес. Херсон облусунун бийлиги суу каптаган жерден элди эвакуациялап, 6 000ден ашуун кишини алып чыккан.
Президент Владимир Путин окуя ири экологиялык жана гуманитардык апаатка кептегенин билдирди. Тергөө кызматы теракт боюнча кылмыш ишин козгогон.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станциялар каскадынын акыркы бөлүгү. Херсон облусунун Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Эскерте кетсек, аталган облус 2022-жылдын 30-сентябрында референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кошулган.
Суу каптаган Жаңы Каховка шаарынын көчөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Каховка ГЭСиндеги окуядан кийин беш киши каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0