Бири-бирине эрегишкен күйөөм менен келинимди тыя албай чарчадым. Аялдын каты

© Photo / Pexels / Ketut SubiyantoАял менен күйөөсү урушуп жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт
Аял менен күйөөсү урушуп жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына келин менен кайнатанын пикир келишпестигинен азап чеккен кайнене кат жазган.
Саламатсыздарбы! Менин төрт балам бар. Улуу кызым, уул-келиним, экинчи балам — баары Россияда. Үйдө экинчи келиним неберелерим менен жана мектепте окуган кичүү балам бар. Кызымдын баласын да багам. Менин айта турган көйгөйүм — келиним менен жолдошумдун пикир келишпестиги. Демейде кайнене менен келин өчөшчү эле, менин үйүмдө келиним кайнатасына өчөшчү болду. Жолдошум да келинин көрсө эле жини келе берет. Мунун себептери бар. Экинчи уулумду үйлөгөнүбүзгө жети жылдын жүзү болду. Келиним башында жай кыймылдаса да анча-мынча үй иштерин кылып турчу. Бирок кыздуу болгондон кийин кызынын, өзүнүн жана уулумдун кийимдерин эле жууп, өз бөлмөсүн гана жыйнай турган болуп алды. Ал кезде кызым үйдө эле, "мейли эми, балалуу неме" деп унчукпай кызым менен калган иштерди бүтүрүп койчумун. Анан экинчисин төрөдү. Түшкө чейин уктаганды адатка айлантты. Ал ортодо күйөөсү экөө Россияга барып келишти. Жарым жылдан ашык болуп, келин кайра келе берди. Азыр үчүнчүсү боюнда бар. Күйөөсү Россияда калды. Кээде мен конокко же жумуштар менен чыгып кетсем, үйдөгүлөргө чай да бербейт. Бөлмөсүндө камалып жата берет. Колумда кызымдын баласы бар, аны да каралашып койбойт. Бирок унчукпайм, тилимди тиштеп эле келе жатам. Жолдошум "келиниңе айтпайсыңбы, ай, бул тарбия көрдү беле" деп мени урушат. Мен "кокуй, унчукпа, башына келгенде жасайт" деп тыям. Кээде келинин кыйкырып тилдеп салат. Анын деле чыдамы кетет окшойт. Мен аябай токтоо адаммын. Күйөөм мага караганда эмоционалдуу. Дайыма жаны тынбай иш кылган киши. Келиним кээде кайнатасына кыялын көрсөтөт. Жаман көрөт. Кайнатасы чакырса да укмаксан болуп бөлмөсүнө кирип кетет. Келиниме бир-эки ирет акырын отургузуп алып "ай, атаңа мындай мамиле кылба, мен жокто үйдөгүлөргө чай берип кой, андай болбойт" дедим. Бирок өзгөргөн жок. Андан кийин укпаган адамга айтып эмне кылам. Үйдөгү чыңалган абалдан абдан тажап кеттим. Акыркы күнү жини келип жолдошум да келинин сөгүп салды. Тиги да кыйкырып басып кетти. Ойлонуп, абышкам менен кеңешип өзүнчө бөлүп салайын деп жатам. Азырынча батирде жашап турса, кеч күздө жер же времянка сатып беребиз. Негизи кичүүсү үйлөнгүчө экинчи уулумдун бөлүнгүсү жок. Бирок эки ортодо чыдабай калдым. Мени кыйнашты. Күйөөм ит менен мышыктай болуп эле келинин көргөн жерден итатайы тутулат.
Кызым Россияда иштеп жатат. Алар жакшы акча салып турушат. Азык-түлүк жагы чет жерде эмгектенген балдардын мойнунда. Бекер үй-жай, оокат-аш болгон соң келиним деле үй иштерин тыпылдап кылып турса, кайнатага эрегишпей. Кандай кылып үйдөгү абалды жөндөйм?..

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Үйдө келинге кайнене, кайын сиңди, кайнеже жана кайната тарабынан басынтуулар болуп турат. Психолог Стивен Гартман 1968-жылы эле "үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары бири-бирин манипуляция кылышат. Бири-бирине көз каранды жана бири-биринен абдан чарчашат" деп айткан. Сиздердин үйдөгү "жара" барган сайын ырбап, ортодо балдар жабыркап калышы толук мүмкүн. Үйдү үч бурчтук деп элестетсек, анын бир бурчунда көзөмөлдөөчү — кайната бар. Ал үй таза, тамак бышырылуу болсо деп талап кылат. Калыстын ролунда — кайнене. Ал ортодо ынтымакты сактап, бекемдегиси келет. Ал эми үчүнчү бурчта келин бар. Ал да чарчап, бирде ызаланса, бирде таарынат. Келинди басмырлай бергенге болбойт. Анын абалын да түшүнүү кажет. Жылуу сүйлөп, эркелетип койсоңор, мүмкүн оңолор. Келиндин төркүнүнөн, көргөн тарбиясынан да көп нерсе көз каранды. Анткени ар бир үй-бүлөнүн модели болот. Бала ага турукташып, аны менен жашайт жана кийин ошондой үй-бүлө түзөт. Силер жогорудагы үч бурчтук моделинен чыгышыңыздар керек. Бул үчүн кайненеден чоң эмгек талап кылынат. Сиз эки тарапка тең түшүндүрүп, келиндин орду, кайнатанын орду кандай болорун акырын жеткирип, эки адамдын мамилесин ийге келтиришиңиз зарыл.
Ак шарап бокалы менен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Кайрадан таз кейпиме түшкөндөн корком. Ичип кеткенден чочулаган аялдын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0