Шакиев: көйгөйдү айтып мэрди чакырсак эле мөңгүлөр эрип, суу көбөйүп кетпейт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Шакиев депутаттар чарбалык иштерди кароого өтүп кетсе, мыйзам долбоорлору кабыл алынбай каларын айтты.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Бишкек шаарындагы суу көйгөйүн көтөрүп, калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровду чакырып маалымат угууну талап кылышты. Бирок төрага Нурланбек Шакиев чарбалык иштерге көп аралашпоого чакырды.
Эл өкүлү Дастан Бекешев борбор калаада суу чоң көйгөй болуп жатканын белгилеп, мэриянын эмне иш кылып жатканына кызыкты.
"Мен бул маселени үч жумадан бери көтөрүп жатам. Бир дагы жылыш жок, же өкмөт карабайт, же мэрияда отурум болбойт. Көйгөй күн сайын оорлошуп баратат. Ушинтип кете берсе эл дагы суу боюнча чыгат... Бизге эле келет", — деди Бекешев.
Кесиптешинин пикирин Улан Примов дагы колдоп, шаардын тегерегиндеги жаңы конуштарда бир жумадан бери суу жоктугун айтты.
"Суунун башында туруп, ушундай көйгөй жаралганы орчундуу болуп жатат. Элдин суу боюнча нааразылыгы аябай күч. Мэрди чакырып суу тартыштыгын эмне үчүн алдын алышкан жок, эмнеге ушундай кырдаал түзүлүп жатканы боюнча маалыматты угуп койсок", — деди Примов.
Ал эми Максатбек Сарбагышев автоунаа жуучу жайлар жабылып жатканына токтолуп, канча адам жумушсуз калганын белгиледи. Андыктан дароо жаап салбай, иштөө тартибин өзгөртүү механизмин киргизүүнү сунуштады.
Деген менен төрага Нурланбек Шакиев депутаттар чарбалык иштерди кароого өтүп кетишсе, мыйзам долбоорлору кабыл алынбай каларын билдирди.

"Азыркы айтып жаткан көйгөйлөр, албетте, орчундуу. Анткен менен биздин негизги милдетибиз — мыйзам чыгаруу. Бул чарбалык иштер, биз ага аралашып, аткаруу бийлигинен тартып алып карай турган болсок көптөгөн мыйзам долбоорлору каралбай калат. Убакыт жок, 20 күн калды (каникулга кетишине — ред.). Андыктан Агрардык комитетке, фракциялардын жыйынына чакырып уксаңыздар. Эки күндүк пленардык жыйында чарбалык маселелерден алыс болсок. Балким, эртең ар кандай маселелердин ордуна чакырып угарбыз", — деди Шакиев.

Андан соң Бекешев чыгып депутаттар мыйзам чыгарып эле тим болбой, анын аткарылышын көзөмөлдөө функциясы да бар экенин айтты.
"Суу болбосо азыркы мыйзамдардын кереги барбы-жокпу, билбейм. Мэрди ушул жерден уксак эл да билип калат. Сунуштарыбызды айтабыз, тапшырма беребиз. Бул ашыкча болбойт", — деди депутат.
Анан спикер чакырууга макул болуп, бирок эртең министрлер кабинетинин төрагасы менен калаа мэри Сочиге учуп кетип жатканын эскертти. Деген менен суунун тартыштыгы эмнеден болуп жатканы ансыз деле баарына белгилүү экенин айтты.
"Быйыл күн суук болуп мөңгүлөр эрибей, жылдагыдан суунун келиши аз болуп жатканын баарыбыз билебиз. Биз бул жерде караган менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт. Муну да эсибизге алып коёлу, жөн эле убакыт кетире бербейт. Комитеттерде карап, пленардык жыйынды үнөмдүү пайдаланалы", — деди Шакиев.
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Бишкекте эми түнкүсүн муздак суу өчүрүлүп турат. График
Жаңылыктар түрмөгү
0